"Кулпунай талаасын суу жууп кетти". Аймактардагы селдин кесепети

Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын билдирген.
Алай районунда 34 турак жайдын короосун суу каптап, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолу бир канча убакыт жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра калыбына келтирилген.

22-апрелде Талас облусунун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, бир көпүрө жабыркаган. Сүрөттө: Көк-Кашат айылы.

Талас районунун аймагында 23-апрелде катуу жааган жаандан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел кыйраткан үй. Көк-Кашат айылы, Талас.

Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну Куралбек Кожокеев чарбагына кулпунайдын жаңы сортун тигип, тамчылатып сугаруу системасын да киргизген. Сел каптаганда кулпунай жана тамчылатып сугаруу үчүн колдонулган түтүктөрдү жууп кеткен. Кожокеев 200 миң сомдон ашык зыян тартканын айтууда. Кулпунайдын көчөтү анын уулу Европа өлкөлөрдө иштеп келип, тапкан акчасына алынган экен.

Көк-Кашат айылынын жашоочусу Рапулбек Түлөөкул уулу 20 сотых жерине кулпунай эгүү үчүн 70 миң сом кредит алган. Анын дагы кулпунай талаасын сел каптап кеткен. 

Рапулбек Түлөөкул уулуна тийиштүү жер. Тамчылатып сугаруу системасы жарактан чыккан. Көк-Кашат айылы, Талас.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүргөн. Көк-Кашат айылы, Талас.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында сел, суу ташкындардын кесепети жөнүндө маалымат берген. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, селге, биринчиден, сел түшө турган жерлерге мыйзамсыз курулуштардын түшкөнү, экинчиден, арыктардын жана каналдардын тазаланбаганы, үчүнчүдөн, мал туягы көбөйүп, натыйжада жаандын суусу жерге сиңбей жатканы себеп болууда.
 

Жергиликтүү бийликтин арык-каналдарды өз маалында тазалоого көңүл бурбаганы, аймактарда тийиштүү деңгээлде жумуш жүргүзбөгөнү да селге себеп болору айтылып келет. Талас облусу.

25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылында сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган. Сел каптаган турак үй. Ош облусу. 

Селден кийин. Ош облусу. 

Ылай-Талаа айылы. Ош облусу. 

ӨКМдин маалыматында республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган. Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүйдө 4 жана Ош шаарында 2 ирет суу ташкыны болгон. Сел 1092 кожолукту каптап, 264 үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Алдын ала тактоолор боюнча, 253 үй канааттандырарлык абалда, тогуз үй толук ремонтко муктаж, эки үй жараксыз абалга келген, бир катар социалдык объектилер жараксыз абалда. 300 кожолук эвакуацияланган. Ош облусу.

Кара-Кулжа району, Тар дарыясы.

Ылай-Талаа айылы. Ош облусу. 
 

Сел каптаган үй. Ош облусу. 

Турак жайын сел каптаган Жусупбек Мамиевдин короосу. Ош облусу. 

26-апрель, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптаган. 

20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун ондой аймагында: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталды.

705 турак жайдын короолорун суу каптап, 17 үйдү суу басты. Үч турак жай авариялык абалга кептелип, атайын комиссия 12 турак үй капиталдык оңдоого муктаж экенин аныктады. 15 чакырымдан ашуун ички чарбалык жол, 10 ички көпүрө, айыл чарба жерлери жабыркады. Жалал-Абад.

Селден улам Жалал-Абад облусунда 88 гектар айдоо жери, 4750 метр сел өтүүчү каналдар  жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматында  жети социалдык объектти сел каптаган. Анын бири жараксыз абалга кептелди. Сүрөттө Жалал-Абад облусундагы сел каптаган мектептин бири. 

Селден кийинки жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.  Жалал-Абад облусу. 

Селден жабыркаган үй. Жалал-Абад облусу. 

Баткенде селден 98 объект зыян тарткан. Раззаков шаарындагы райондук ооруканасы жана “Наристе” бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен.

Депутат Камила Талиеванын парламентте айтканына караганда, Баткенде 98 объект зыян тарткан, Раззаков шаарындагы райондук оорукана, “Наристе” бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен, 2021-аскер бөлүгү, саниэпидемиологиялык борбор жапа чеккен. Сел каптаган үйдү тазалап жаткан ӨКМ кызматкери. Баткен.

Баткен облусу. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери сел суунун үстүнөн мектеп окуучусун көтөрүп батратат. Баткен шаары.