Ош облустук сотунда 17-июнда күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер деп айыпталган Гүлжан Пасаңованын иши каралды.
Соттук коллегия «эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу» деген негизде журналисттер менен жарандык активисттердин жараянга катышуусуна уруксат берген жок.
Гүлжан Пасаңованы колдоп акцияга чыккан активисттер «Биз баарыбыз эже-сиңдибиз!», «Патриархат — сотко окшош!», «Гүлжанга түрмө эмес, реабилитация керек» деген жазууларды кармап, сот имаратынын сыртында кыйкырып турушту.
Акциянын катышуучуларынын бири Мадина Салайдинова келиндин жазасы жеңилдетилиши керек деп эсептейт.
«Биздин система түпкүрүнөн патриархалдык болгондуктан, аялдардын оюн эч ким укпайт. Аялдар өздөрүнө карата зомбулук болгону жөнүндө айтышса, аны үй-бүлөнүн ички маселеси катары кабыл алышат. Ошондуктан ага эч ким көңүл бурбайт, чара колдонбойт. Кийин «зомбулукту көргөн жокпуз» деп айтып чыгышат. Жогорудагы иш буга мисал. Эгер аял кылмыш кылса тогуз жылга эркинен ажыратылат, ал эми секелек кызды зордуктаган кишини жөн эле коё берип жиберишти».
Дагы караңыз Араздашкан бүлө, ажал тапкан күйөөСот имаратынын алдында активисттер менен каза болгон кишинин жакындарынын ортосунда кайым айтышуулар орун алды. Маркумдун туугандары жарандык активисттерге сыртын салып турду.
Каза болгон кишинин бир тууган эжеси Бактыгүл Исакова абактагы келинди колдоп келген активисттердин ишин сынга алды.
«Кагаздар менен чыгып, «биз эненин укугун коргошубуз керек» деп жатышат. Мыйзамдын чегинде андай болбошу керек. Адам өлтүрүп жаткан кишиге карата мындай мамиле кылуу туура эмес».
Гүлжан Пасаңова менен жолдошунун ортосунда 2019-жылы 19-ноябрда кызганычтан улам чыр чыгып, окуя күйөөсүнүн өлүмү менен аяктаган. Адвокат Пасаңованын жолдошу мас болуп келип аялын муунтуп, бычак кезегенден улам ал коргонуу үчүн темир менен башка чаап жибергенин билдирген.
Бул окуя боюнча Ош шаардык соту Гүлжан Пасаңованы 9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айыппул салган. 17-июнда облустук сот бул чечимди күчүндө калтырган.
Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов өкүм өзгөрүүсүз калганы менен судья Пасаңовага карата мунапыс колдонгонун маалымдады.
«2020-жылдын 8-майындагы мунапыс боюнча мыйзам колдонулуп, белгиленген жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскартылды. Ош облустук сотунун өкүмү акыркы эмес. Нааразы тарап Жогорку сотко даттана алат».
Айыпталуучу Гүлжан Пасаңованын адвокаты Мухайё Абдураупова облустук соттун чечимин адилетсиз деп баалады.
«Эл аралык Клуни фонду деле бул ишти мониторинг кылган соң айтпады беле. Бул жерде өзүн-өзү коргоо болушу мүмкүн, аффект абалда болушу да ыктымал. Ал жерде уруп жатса, бычак кезесе, бардык эле киши өзүн-өзү коргойт, ага жооп берет да», - деген Абдураупова айыпталуучунун Жогорку сотко кайрылуу тууралуу ниети жоктугун кошумчалады.
Буга чейин Пасаңова өзүнө жана туугандарына күйөөсүнүн жакындарынан басым болуп жаткандыгын адвокатына айткан. Адвокат Мухайё Абдураупова өзүнө карата да коркутуулар болуп жатканын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
18-июнда маркумдун тууган-туушкандары журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, облустук соттун өкүмүнө нааразы экенин кабарлашты.
«Облустук сот күбөлөрдү да сурабай үч-төрт киши менен эле жаза мөөнөтүнүн үч жылын алып салды. Мен ага нааразымын. Тогуз жылдан дагы көп кесиш керек. Эми Жогорку сотко чейин кайрылам» - деди каза болгон кишинин атасы Акжигит Исаков.
Бул ишке эл аралык уюмдар да көңүл буруп, Пасаңова акыйкатсыз соттук териштирүүдөн улам соттолгонун билдирип чыккан. Голливуд актёру Жорж Клуниге жана анын жубайына караштуу фонд сот Пасаңованын укугун бузганы тууралуу баяндама жарыялаган.
Анда Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулуктар байма-бай катталып жатканы, бир нече аял өздөрүнүн жолдошунун колунан каза тапканы да жазылган.
Статистикага таянсак, 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты.
17-июнда Бишкектин Ден Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен эч кимди жолоткон эмес. Милиция анын колунан бычакты ыргыта чаап, куралсыздандырып аялды куткарып калган. Мындан кийин жараат алган аял ооруканага жаткырылган. 19-июнда ал аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза тапты.
Ушул жылдын 1-январында Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган.
Дагы караңыз Жалал-Абадда бычакталган аялдар4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте дагы бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө анын зордуктоодон качканы айтылган.
Өткөн аптада мойнуна машиненин дөңгөлөгү асылып, колу таңылган аялдын башынан ылдый чакалап суу куюп, бетине чапкылап жаткан эркектин видеотасмасы соцтармактарга тараган. Тасма коомчулукта кызуу талкуу жаратып, укук коргоочулардын, бийликтин жана эл аралык уюмдардын көңүлүн бурду.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.