Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

Жалал-Абадда бычакталган аялдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда күйөөлөрү тарабынан бычакталганы айтылган эки келин ушу тапта ооруканада дарыланууда. Алардын биринин окуясын милиция кокустук катары тергеп жатат. Ал эми мейманканада бычакташкан жубайлардын окуясына байланыштуу келиндин күйөөсү камакка алынган. 

Жалал-Абаддын Сузак районундагы мейманканалардын биринде 7-февралда бычакталып, оор абалда ооруканага жаткырылган бейтаптардын абалы туруктуу. Денесинин бир топ жерлери кесилген 21 жаштагы келин бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатып, 13-февралда палатага чыгарылган. Ал эми колу жана мойну кесилген 36 жаштагы эркек киши сынык-жарат бөлүмүнүн атайын палатасында дарыланып жатат. Сузак райондук аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Икрам Анарбаев мындай дейт:

Икрам Анарбаев.
Икрам Анарбаев.

«Мойнунун алдыңкы жагы жана колдору кесилген эркек кишини ооруканага кечки саат 11лерге жакын «Тез жардам» машинеси менен алып келишти. 3-даражада көп кан жоготкондуктан абалы оор болчу. Экинчи бейтапты - 1999-жылы туулган аялды жарым сааттан кийин милиция кызматкерлери алып келишкен. Мойнунун арт жагы бычакталып, эки колу тең кесилген. Ичине эки жолу, далы жагынан да бычак сайылган. Боору жаракат алып, ичине кан уюп калган. Көп кан жоготкондуктан алгачкы абалы өтө оор болчу. Учурда экөөнүн тең абалы турукташып калды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат».

Милициянын маалыматына караганда, мейманканадагы окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүү катары аялдын жанындагы эркек камакка алынган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев учурда кылмышка шектүү бейтапканадагы атайын палатада милициянын көзөмөлү астында дарыланып жатканын айтты:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

«Ушул жылдын 7-февралында кечки саат 10дордо милицияга кабар берилген. Анда Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек жолунун боюндагы мейманканада эркек-аял бирин бири бычактаганы айтылган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жеринде барып кароо жүргүзүп, «Тез жардам» аркылуу жабырлангандарды ооруканага жеткиришкен. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 36 жаштагы тургун кармалып, райондук оорукананын атайын палатасында дарыланууда. Бул багытта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат».

Сузак районундагы окуя катталган мейманкана. 15-февраль 2020-жыл
Сузак районундагы окуя катталган мейманкана. 15-февраль 2020-жыл

Окуя 7-февралдын түнүндө Сузак районунун Ош-Бишкек жолундагы «Достук» мейманканасында болгон. Бул тууралуу мейманкана жетекчилиги «Азаттыкка» интервью берүүнү каалаган жок. Жабыркаган аялдын апасы Манзура Казыбекова кызын бычактаган киши анын мурунку күйөө баласы экенин айтты. Казыбекова мейманканадагы окуянын чыгышын мындайча айтып берди:

Манзура Казыбекова.
Манзура Казыбекова.

«Мен Орусияда жүргөн кезимде ал адам кызымдын башын айландырып, экинчи аял кылып алган экен. Анын никедеги башка аялы бар экенин билип, кийин ажыраштырып алгам. Азыр алардын ортосунда 3 айлык баласы бар. Мейманканадагы окуя мага табышмак болуп турат. Эмне себептен кызымдын денесине бир канча жолу бычак сайылып, ызы-чуу салып жатканда эч ким кабардар болгон эмес? Мыкаачы кишиден коргонгон кызым мейманкананын терезесинен секирип кутулган экен. Менин оюмча ал киши алдын-ала бөлмөгө бычак алып кирип, атайын даярданган болушу мүмкүн. «Тез жардам» келгенде биринчи ошол кишини, эки сааттан соң гана кызымды жеке менчик машине менен ооруканага алып барышкан. Бардык жагдай жакшылап иликтениши керек».

Сузак райондук аймактык ооруканасы.
Сузак райондук аймактык ооруканасы.

Манзура Казыбекова бейтапканада жаткан кызын мурда да жарандык никедеги бул күйөөсү токмоктоп, укук коргоо органдарына кайрылганын айтты:

«Ал киши буга чейин кызымды уруп койгону боюнча милицияга кайрылганбыз. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы да денесине жараат алган деп чыккан. Бирок иш кандайдыр бир себептер менен жабылып калган. Ошондон кийин кызыма өчөшүп, ушул ишти кылып жатат окшойт».

Жалал-Абад шаарындагы клиникалык ооруканага бычак тийген дагы бир 20 жаштагы аял 11-февралда келген. Дарыгерлер ичине бычак сайылган аялдын абалы учурда туруктуу экенин айтышууда. Шаарда убактылуу жашаган жубайлар дарыгерлерге да, милицияга да эч кандай пикир келишпестик болбогонун, кокустуктан улам эле бычак тийип кеткенин билдиришкен. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев буларды айтты:

«Шаарда убактылуу батирде жашаган Ноокен районунун тургундары, жубайлар өз ара ойноп жатып, аялдын ичине бычак сайылып калганын көрсөтмөлөрүндө билдиришкен. Бул багытта топтолгон материал «Кокустук» фактысы катары катталып, тергөө иштери жүрүүдө. Жабырлануучу эч кимге доосу жок экенин билдирген».

Мындан мурдараак, 27-январда да жабыркаган келиндин 25 жаштагы күйөөсү сол далысынан бычактан жараат алып, тийиштүү медициналык жардам алып кеткен болчу. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун жолу катары кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин айтты:

Кыял Токтобаева.
Кыял Токтобаева.

«Үй-бүлөлүк баалуулуктарга азыр эч ким көңүл бурбай жатат. Ал түгүл ата-энелер да балдарын үй-бүлө курууга тарбиялабай койду. Мунун кесепети үй-бүлөдөгү зомбулуктун жана жаштар арасындагы агрессиянын күчөшүнө алып келди. Коомдо «эркек» же «аял» деп бөлбөй, баарына бирдей түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл. Коомчулук, дин өкүлдөрү, өкмөт комплекстүү түрдө иш алып барышы керек. Бул багытта ата-энелердик жоопкерчилигин күчөтүп, кылмыш кылган адамдын жазага тартылышын мыйзам чегинде камсыз кылыш керек. Былтыр биздин өкүлчүлүккө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 7 кайрылуу түшкөн».

2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. Жалал-Абад облусунун аймагында быйыл бир ай ичинде эле үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 52 учур катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG