"Кош бойлуу болгонумда аябай сүйүндүм". Арабада отурган келин жардам сурады

Иллюстрация.

Социалдык тармактарда майыптыгы бар кош бойлуу келинге каражат топтоп жатышат. Ал ишсиз калып, жакындары жардам берүүдөн баш тарткан. Активисттер адатта майыптыгы бар келиндер кош бойлуу кезинде жакындары жана коомчулуктун басымына кабыларын айтышат.

33 жаштагы Жамилянын эки буту баспайт, араба менен жүрөт. Алты айлык боюнда бар келин жакында эле ишсиз калган, азыр үйдө отурат. Жамиля оператор болуп иштеген Бишкектеги курулуш фирмаларынын бири жабылып калган.

"Негизи ар бир аял эле эне болууну каалайт экен. Бирок, мен үчүн бир аз оор болуп жатат. Мурдагыдай өзүм арабамдан түшүп, чыга албай калдым. Кыймылдашым да оор. Курсагым чоңойгон сайын, бирөөнүн жардамына муктаж болуп калат экенсиң. Жолдошум экөөбүз жарандык никеде жашачубуз. Бул кабарды уккандан кийин эле кетип калды. Өзүм болсо балалуу болом деп аябай сүйүндүм. Туугандарыма айткандан да тартындым. Анын үстүнө алардын деле көйгөйлөрү көп, жүгүмдү аларга арткым келген жок".

Жамиля буга чейин мамлекеттик бейтапкана, дарыгерлердин түрдүү мамилесине кабылганын, ушундан улам кош бойлуу кезинде Бишкектеги жеке клиникага кайрылганын айтты.

"Мен арабачан болгондуктан баары бир оор болууда. Кыймыл аз болгондуктан, буту-колум шишип кетти. Дарыгерлер абалымды жакшы деп эле айтышты. Бирок, төрөткө чейин бир канча дарыгердин кароосунан өтүшүм керек экен. Мен өзүм эле төрөйүн дегем. Бирок, меникиндей учурларда аялдар көбүнчө операция жолу менен көз жарышат экен. Аман-эсен көз жарып алсам экен деп тилек кылып отурам. Башында баланы каралашканга бирөөнүн жардамына муктажмын, кийин өзүм да бош отурбай иштегим келет. Баары жакшы болот деген үмүт менен жашап жатам".

Жамилянын окуясын жарандык активист Үкөй Мураталиева социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, кайдыгер карабаган колдонуучулар келиндин батири, тамак-ашына каражат жактан жардам берип жатышат. Мураталиева тилекке каршы, майыптыгы бар кош бойлуу келиндерге коомдун терс пикири, басымы күч дейт:

Үкөй Мураталиева.

"Айрымдар бизден "силер эмне кыласыңар төрөп, үй-бүлө күтүп?" деп сурай беришет. Мен ушул суроого абдан таң калам. Аларга дароо "биз деле силер ойлогон максат, кыялдарды астыбызга коебуз" деп жооп бердим. Негедир коомчулук бизди үй-бүлө куруп же балалуу болгонубузду жерийт, түшүнгүсү келбейт. Ушундай эле түшүнүк ал аялдын жакындарында да болот. Мындай учурларда аял өзү жалгыз калышы мүмкүн. Бирок, коркпош керек. Колдоо жок болсо да, максаттарыңа жетип, укуктарыңды элге жеткириш керек. Башка айла жок".


Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндерди бөлүп-жаруу, кемсинтүү сыяктуу учурлар коомдо көп кездешет.

"Теңдик" коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунованын пикиринде, мындай мамиледен улам майыптыгы бар аялдар төрөй албай келатат. Үч баланын энеси өзү да кош бойлуу кезинде стереотиптик маанайга кабылганын айтып берди:

Гүлмира Казакунова.


"Биринчи жолу кош бойлуу кезимде дарыгерлердин аябай чоң кысымына кабылгам. "Сен өзүң баспасаң, балаңды кантип карайсың?" деген сөздөрдү уккам. Ошондо бир топко чейин дарыгерлерге баргандан коркуп жүрдүм. Экинчи баламда деле ошондой басымга кабылгам. Үчүнчү балам менен кош бойлуу болуп барганда да дарыгерлердин майыптыгы бар келиндер тууралуу түшүнүгү өзгөрө электигин байкадым. Тилекке каршы, мындай создөргө аялдардын көбү кабылат. Көбүн аборт кылып салганга мажбурлашат. Бала да оорукчан болуп каларын айтышат. Менимче, бул аялдарды төрөө укугунан чектеп коюу. Биз кыз-келиндерге укуктарын түшүндүрүү максатында көп иштерди аткарып жүрөбүз. Алардын көбү мындай мамилеге кабылганын айтып беришкен".

Кыргызстан адам укуктары жаатына байланыштуу эл аралык келишимдерге кол койгон.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча конвенцияга ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү кишилер жашоонун бардык тармактарында өз укугун коргоого, ишке ашырууга акылуу жана алар социалдык кызматтарды башка атуулдардай эле тең укукта алышы керек.

Дагы караңыз Майыптыгы бар айымдар да эне болууга акылуу


Үй-бүлөнү пландоо боюнча адис, гинеколог Бактыгүл Бозгорпоева майыптыгы бар аялдардын медициналык укуктары басмырланбашы керек деп эсептейт. Ал ошол эле кезде бейтапканаларда майыптыгы бар кош бойлуу келиндерди кабыл алууга шарт жоктугун белгиледи:

"Негизи укуктук жактан алып караганда баары бирдей болушу керек. Бирок, дарыгерлер буга өздөрү даяр болбой жатат. Тилекке каршы, майыптыгы бар аялдарга кандай медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, шарттар кандай деген суроолорго жооп берген иликтөө жүрө элек".

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдардын саны 96 миңден ашат.