Атайын кызмат 5-июлда Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердигине бөгөт коюлганын кабарлаган. Мекеме бир күндөн кийин, 6-июлда дагы маалымат таратып, кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын, жакынкы арада "көшөгө артындагы чыныгы жүздөр" аныкталарын жана сөзсүз жазаланарын белгилеген.
Депутаттын документи
Ал арада "Кактус" медиа басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, кармалгандардын үйүн тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин эки чакырылыштагы депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет табылганын жазды. Бул маалыматты кийинчерээк УКМК да ырастады.
"Азаттык" эл өкүлү менен байланышканда, ал документти төрт жыл мурда парламенттеги сейфинен уурдатканын айтты:
"2010-жылдагы революция учурунда мен Ак үйдө, өкмөттүн аппаратында иштечүмүн. Башаламандык учурунда ар кандай документтер, анын ичинен диплом, паспорт - баары жоголгон. Окуядан кийин баарын калыбына келтиргем. 2020-жылы кайра жанагындай окуя болду. Документтер кайра жоголду. Дипломатиялык паспорт, аскердик билет, эки-үч диплом... 10-жылда да, 20-жылда да тергөөчүлөр келип, эмнелер жоголгонун жазып алышкан. Кечээ болсо бир жерден табылган экен. Демек, алардын ошол окуяларга тиешеси бар, ошол жерде жүрүшкөн, уурдашкан же бирөөдөн алышкан. Эми муну жакшылап сурашса айтып беришер. Кудай сактасын, кармалгандарды тааныбайм, билбейм дагы. Андай иштен да, адамдардан да алысмын".
Маматалиев документке байланыштуу эч кандай сурак болбогонун кошумчалады.
Бир күндө эки кылмыштын бети ачылды
6-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кармалган топ 31-август, Эгемендик күнүндө улуттук оюндар өткөн жерде теракт уюштурууну пландаганы тууралуу маалымат таратты.
"Бул топтун өлкө башчыларына кол салуу ниети болгону да аныкталган. Негизги максаты бийликти басып алуу болгон. Пландалган массалык башаламандыктар учурунда курал-жарак, спорттук ок аткычтар клубдарын, мергенчилик дүкөндөрдү басып алууну көздөшкөн. Ар бирине жүктөлгөн тапшырмалары болгон. Колго жасалган жардыргыч заттардын тетиктерин, курал-жарак, байланыш жок болуп калганда колдонулуучу рация, уулуу заттарды чачуу үчүн дрондорду сатып алып жүрүшкөн. Массалык башаламандыктар учурунда элге жана күч кызматкерлерине аралашып кетүү үчүн 100 комплект милициянын жана аскер формаларын сатып алышкан. Булар пландарын ишке ашырууда көп курмандык болорун эсептегенде, аларды чыныгы террордук топ деп атоого негиз бар".
Маалыматта топтун айрым мүчөлөрү коррупцияга айыпталып, жоопкерчиликке тартылган адамдарды колго алууга аракет кылганын жана алардан каржылык колдоо издешкени кошумчаланган.
Расмий маалыматта “криминалдык идеологияны колдогон, диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөн” деп сыпатталган шектүүлөр кайсы аймактан жана качан кармалганы жазылган эмес. Учурда беш адам (К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б.) атайын кызматтын тергөө абагында жатканы маалым болду.
УКМК топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана транспорт каражаттарын тинткенде, колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, курал-жарак, ок-дарылар, рациялар, соот кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар ж.б. тыюу салынган буюмдар табылган.
Атайын кызмат 5-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунда чет элдик диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн дагы эки адамды (Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г) кармаганы айтылды.
Алардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүрүп, туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынган.
Мындан тышкары “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган материалдары жана баракчалары табылган.
Дагы караңыз Сузактагы тууну өрттөгөн окуя: Диний кырдаал көзөмөлдөбү?“Этияттык менен талдап, далил менен иш алып баруу керек”
Соңку окуялар кыргыз коомчулугунда диний экстремизм темасы талкууланып жаткан учурга туура келди.
Быйыл 30-майга караган түнү Сузакта белгисиз кишилер айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуядан кийин диний-экстремизм көйгөйү күн тартибине чыкты.
Атайын кызмат окуя болгон айылда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты киши кармалганын билдирген.
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков экстремизм дүйнөдө кырдаал чыңалып турганда активдешерин айтып, аны менен күрөшүүдө жана алдын алууда кылдаттык талап кылынарын белгиледи:
“Азыр Украина менен Орусиянын ортосунда согуш болуп, карама-каршылыктар күчөп жаткан учурда диний-террордук экстремисттер да жөн жаткан жок. Алар дагы кырдаалдан пайдаланып, интернетте көптөгөн макалаларын жарыялап, адамдарды өздөрүнө тартып, алдап, азгырган учурлар көп болууда. Ал эми укук коргоо органдарынын буга каршы күрөш жүргүзүү иштеринде чоң-чоң жылыштар бар. Тилекке каршы, ачыгын айтыш керек, кээ бир учурда айрым кызматкерлер же билип же талдай албай калыппы, же кызматка кызыгыппы, айтор, кээ бир жарандардын ишин диний экстремизмге такап туруп, аларды жоопкерчиликке тартканга аракеттенген учурлар тууралуу коомчулукка да белгилүү. Мунун бардыгын этияттык, кылдаттык менен изилдеп, тактап, аныктап, далилдин негизинде, мыйзам чегинде иш алып барганга аракет кылуу керек”.
“Агартуу иши мамлекеттик саясатка айланышы зарыл”
Бул соңку кездеги диний экстремизм айыбы менен жүргүзүлгөн алгачкы кармоолор эмес. Анткен менен айрым адистер экстремизмге каршы күрөш мыйзамга ылайык кармоолорго катар эле агартуу иштери менен коштолушу керектигин, буга мамлекет да, коомчулук да милдеттүү экенин белгилешет.
Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты, дин таануучу Элмурат Кочкор уулу экстремизм менен күрөш комплекстүү болушу шарт деген пикирде:
“Диний идеологияны фанатизм менен кармануу” деген сөздүн түпкүрүндө кандай маани жатат? Бул диний түшүнүктү жана аң-сезимди калыптандыруу аракети акыл, логика, илим-билим менен төп келбеши, айкалышпагандыгы. Андыктан күрөш толук маңызда, комплекстүү болушу үчүн агартуу ишине да параллелдүү түрдө басым жасалышы шарт. Бул бир мамлекеттик саясатка айланышы керек болчу. Тилекке каршы, азыр диний фанатизмди, диний экстремисттик көз караштардын чыңалуусун азайта турган иш-аракеттерди, реалдуу кадамдарды, анализдерди жетишерлик деңгээлде көрө элекпиз”.
Үч жыл мурда 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.
Кыргызстанда сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.