"Композиторго" айланган Нурлан Насип, сыйлыктан кийинки сын

Нурлан Насип.

Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде эстрада ырчысы Нурлан Насиптин композитор катары тааныштырылганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар ырчыны колдоого алса, башкалар обончу менен композиторду айырмалай албай калган деңгээлге жеттик деп сын-пикирлерди калтырууда.

Муну маданиятка болгон мамиле катары баалагандар да болду. Президенттик администрация азырынча комментарий бере элек. Сыйлыктын айланасында жаралган соңку талкуу тууралуу кеп кылабыз.

Кыргызстандык белгилүү эстрада ырчысы Нурлан Насип жыл тогошордо Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Анын президенттин колунан сыйлык алып жатканда эстрада ырчысы менен катар композитор деп тааныштырылганы чыгармачыл чөйрөнүн талкуусуна себеп болду. Социалдык тармактарда дагы бул боюнча талкуу жүрүүдө.

"Чыгармачылык менен алектенбей, мансап күтүп калдык"

Журналист Замир Казакбаев өнөр дүйнөсүндөгү өксүктөрдү санап, өлкө эгемендикке жеткен жылдан берки кыргыз маданиятын кулап бараткан эски дубалга окшоштуруп, Фейсбуктагы баракчасына нааразы пикирин калтырды:

Замир Казакбаев.

"Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде президенттин протоколу, администрациясы жана пресс- кызматынын сабатсыздыгынын айынан чекилик кетти. Нурлан Насипти композитор аташты. Мындай ката үчүн биз көрбөгөндү көрүп, иштен айдалчубуз. Булар үчүн кадимки эле көрүнүштөй. Керек болсо ырдын пири аталган Рыспай Абдыкадыров, элдик, таланты таш жарган Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаев, Кадыралы Артыков, Элмирбек Иманалиев, Бек Борбиев дагы композитор эмес. Булардын баары обончу жана аткаруучу болуп саналат. Композитор деген кимдер? Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев, Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов азыркылардан Муратбек Бегалиев ж.б. Композитор деген сольфеджио, музыка теориясы, анализ, гармония дегенди чемичкедей чагып, элдик обондордун, күүлөрдүн жомоктордун, эпостордун сюжетине, жанрына, темасына жараша музыка жазып, симфониялык, фольклордук, классикалык оркестрлерге партитура жазган адамды айтабыз. Мындай билимди бизде улуттук консерватория гана бере алат".

Казакбаев мындай көрүнүш музыка дүйнөсүндө эле эмес, адабиятта, журналистикада жана башка тармактарда да бар деген:

"Бүгүн биз чыгармачылык менен алектенбей, мансап күтүп калдык. Бүгүн биз эл жазуучуларынын чыгармасын инсценировка кылып же которуп койгон үчүн Эл жазуучусу наамын алгандан уялбай калдык. Бүгүн биз кыңылдаган үн менен шлягер ырдасак деле Эл артисти наамын алгандан уялбайбыз. Кыргыз журналистикасын тескей турган кабинетте блогерлер отурса, калганы кайда барат? Анан психикалык оорукчандардын акылын угуп отурабыз да интернетте. Кыргыз армиясын, күч түзүмдөрүн караңыз, лейтенанттын деңгээлиндегилер генерал болушту. Кедей-кембагалга нан ыргыткандар баатыр болуп атышат. Жогорку Кеңеште алиппени окуй албагандар отурган үчүн мыйзамдын баары чийки. Кайсыл министр же кайсыл аткаруу бийлигин угабыз? Кантип өнүгөбүз? Улам эле аферисттер, коррупционерлер келип атса!".

Нурлан Насип ким?

Нурлан Насип деген ысым менен таанылган 34 жаштагы ырчы Насыпбек уулу Нурланбек Токтогул районундагы Терек-Суу айылында төрөлгөн.

Ал 1997-2005-жылдары өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде билим алган.

2006-2010-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүн аяктаган. Өзүнүн айтымында, музыкалык билимин андан ары улантуу үчүн Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуусун токтоткон.

Ырчы 2008-жылдан бери элге тааныш. Ага сахнадагы атактуулукту "Жаным" аттуу ыры алып келген. Учурда репертуарында 80дей ыр, 50дөй клип бар.

Дагы караңыз Кыргыз-казак ыр талашпайт

Ал дарегине айтылып жаткан сындарга жооп берип, өзүн композитор эмес, обончу катары эсептей турганын, сыйлык тапшыруу аземинде бир аз алешемдиктер кеткенин билдирди:

“Өзүмдү обончу деп эсептейм. Сыйлык тапшырган жерде кичине катачылык кетип калыптыр. Ошол катуу талкууланып жатат. Ага көп деле тынчсызданбай коюшса болот деген ойдомун. Бардык нерсени жакшылыкка буруш керек. Иштей берсек, эмгек кылсак, кийин композитор болуп каларбыз. Мен Казакстан баш болгон коңшу өлкөлөргө концерт коюп барганда көбүнчө композитор деп тааныштырышчу. Анткени аларда обончуларды деле ошондой аташат экен. Мүмкүн, ошондон улам бул жакта да ошентип аташкандыр, билбейм. Ырларымдын обондорун баарын өзүм жазгандыктан, обончу деген туура го деген ойдомун”.

Нурлан Насиптин айтымында, ал музыка дүйнөсүнө бала чагынан арбалып, аккордеон, комуз, гитара жана пианинодо ойноону өз алдынча үйрөнгөн жана репертуарындагы ырлардын баарынын обонун өзү жазат.

Эстрада ырчысынын бир канча ырларын Татарстан, Өзбекстан, Дагестандагы сахналаштары өз тилине которуп ырдаган. Айрыкча анын чыгармаларын казак ырчылары арбын которгон.

"Дасторкон ырчылары бар"

Ырчыны композитор атаган сөз кызуу талкууланып жатканда элге композитор катары таанылган адамдардын да пикирин уктук. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев обончу менен композитордун айырмасы асман менен жердей экенин түшүндүрүүдө:

Муратбек Бегалиев.

“Композитор - бул музыка жаатында атайын диплом алган, универсалдуу талант. Композитор - музыканын атасы, анткени жок жерден эле музыка жарата алат. Мындан сырткары ал философ, жазуучу, ар тараптан билими терең адам болушу керек. Жөн эле аткаруучу адамды композитор деген уят. Азыр биздикилер эки обон жазганды деле композитор деп атап жүрүшөт. Обончуну обончу эле деш керек. Жылаңач мелодияны жараткандар аранжировка эмне экенин деле билишпейт. Аранжировка десе эстраданын аранжировкасы деп эле ойлошот. Опера, балет, романс, классиканын баарын тең жолго коюп, аны окумуштуу катары да талдай билиш керек. Мисалы, менин оюмча, Нурлан Насип өзүнүн деңгээлинде ырчы катары таланттуу эле бала. Эстрадада ырдап жүргөндөрдүн ичинде дасторкон ырчылар деген да бар. Алардын эл ичинде популярдуулугу бардыр, бирок аларды композитор деп атоо ката”.

Дагы караңыз Эстрада сахнадан тойканага көчтү

"Композиторлордун багыты ар тараптуу"

Ал эми Композиторлор союзсунун төрагасы Турдубек Чокиев композитор деген ардактуу баанын артында илгертен келаткан талаш бар дейт. Анын айтымында, айрым өлкөлөрдө обончуларды деле композитор деп аташат:

Турдубек Чокиев.

“Негизи атайын музыкалык жогорку билими бар, симфониялык музыканы, операны, партитураны жаза билген, оркестрди түшүнгөн адамды композитор деп келебиз. Бирок композитор деле, обончу деле жалпысынан жаратмандарга кирет да. Кайсы музыка болбосун, анын өзөгүн жакшы обон түзөт. Маселен, орустарда обончу, мелодист анан композитор деп бөлбөйт. Баарын эле композитор деп коёт. Айтор, бул эбактан эле келаткан талаш. Мисалы, биздин чоң күүчүлөр Карамолдо Орозов, Атай Огомбаевдерди композитор деп аташпайт. Анткени алар залкар күүлөрдү жаратып кеткени менен, нота тааныган эмес. Менимче композитор десе эле баары симфония же опера жазгандарды эле түшүнүп албоо керек. Алар музыкадагы түрдүү жанрларда бөлүнүп кетет. Бирөө песенник-композитор болот, бирөөсү жалаң кинонун музыкасын жазат, дагы бири цирк үчүн музыка жазат, драмалык музыка жазган же жалаң эстрадалык жанрда иштеген композиторлор болот. Дарыгерлер сыяктуу эле - көз догдур, тиш догдур дегендей, бөлүнүп кетет. Эң башкысы, нукура композитор деп музыкалык билими терең адамды айтканыбыз туура”.

Нурлан Насипке сыйлык ыйгарылгандан кийин этно-фольклор жанрындагы чыгармаларды аткарган музыкант Нурбек Серкебаев видео кайрылуу жасады. Ал фольклордук ансамблдерде, оркестрлерде 30-40 жылдап иштегендердин эмгеги унутта калып жатканына капа болгон.

"Комузчулар ансамблдери бар, "Акак", "Ордо Сахна" деген топтор. Кайсы президент келсе, дегдеңдетип ушуларды чыгарасыңар. Беш жылдан бери наам ала албай жүргөн музыканттар бар арасында. Кыргыздын атын ушулар чыгарат, кыргыздын маданиятын ушулар таанытууда. Ал эми азыр силер сыйлап жаткан ырчыларыңар АКШнын эстрадасынын 80-жылдарынын да деңгээлине жетпейт", - деген Серкебаев.

Эске сала кетсек, Серкебаев фольклор жаатында иштеген музыканттардын эмгеги көмүскөдө калып жатканын мындан эки жыл мурда да айтып чыккан.


Кыргызстанда соңку жылдары мамлекеттик сыйлыктар тапшырылгандан кийин коомчулукта талкуулар жүрүп келет. Сынга алгандардын көпчүлүгү сыйлык ээлерине татыксыз берилгенин, айрым таланттуулар көмүскөдө калып келе жатканын жүйө кылышат.