Бишкек шаарында өтүп жаткан тойлордун биринде улагага коюлган столго чогулган ырчылар биринен өтүп бири өз өнөрлөрүн тартуулап жатты. Өз кезегинде секелек кыздардан түзүлгөн бийчилер тобу да ортого чыкты. Өнөр көрсөтүп жаткандардын арасында мектеп окуучуларынан баштап эл артисттерине чейин бар экен.
Бир топ жылдан бери тамада болуп келаткан Эрнист Бөрүбаевдин айтуусунда, учурда эстрада ырчылары гана эмес, өнөрпоздорунун дээрлик көбү тойлордун эсебинен жашап калганы ырас:
- Себеби концерт коёлу десе, ижара акысы, музыкалык аппаратура, атүгүл жарыктандыруу да кымбат. Азыр Бишкекте өтүп жаткан аншлаг концерттердин бири да өзүн актабайт. Эл батпай калган күндө да ижара акысы, жарнама, дагы башка чыгымдар менен жүрүп отуруп жыйынтыгында карыз болуп калышат. Шаардагы ири маданий жайларда концерт бергендер айла жоктон гана ысымым унутулуп кетпесин деп отчеттук концерт берип жаткандар.
Кыргыз-казак ыр талашпайт
Кыргыз-казак эстрадасындагы жаш аткаруучулардын кызматташуусу, алардын эки элди жакындаштыруудагы ролу эки өлкөнүн расмий дипломатиялык каналдарын артка калтырды.
Эрнисттин сөзүн эстрада ырчысы Данияр Эрматов да ырастайт:
- Ошондуктан азыр ырчыларыбыз да өз чыгармаларын тойго ылайыктап чыгара баштады десем жаңылышпайм. Мен бул пикиримди өзүмдүн чыгармачылык жолум аркылуу коркпой туруп далилдеп бере алам. Мисалы, буга чейин “Кечир мени”, “Токто, жаным” деген жай ыргактагы рок ырларды аткарып жүргөм. Бирок ал ырлардын тойго өтүшү кыйын болду. Анан бийлегенге ылайыктуу, тез темп менен ырдала турган ырларды жазгандан кийин тойлорго чакыруу түшө баштады. Азыр менин негизги кирешем тойлордон гана болуп калды десем болот.
Эл артисти Курмангазы Азыкбаев музыка дүйнөсүн тойлордун деңгээлине түшүргөндөргө каршы. Анын пикиринде, бул көрүнүш өлкөнүн 25 жылдык туура эмес маданий саясатынын жыйынтыгы:
- Негизи баарыбыз эле той менен жашайбыз. Бирок той дагы сапаттуу болуш керек. Учурда кыргыз тойлоруна көп баргандар баягы эле фонограмма менен ырдаган ырчылар. Алар эптеп эле акча тапсак экен деген максат менен ырдын сапатына карабай калышты. Баары эле бири-бирине куюп койгондой окшош. Бизде аларды “той варианттары” деп коёт. Ресторандарда өтүп жаткан тойлордо ошол жакшылыктын ээси “бизге 15 ырчы келди” деп мактанышат экен. Анын сапаты начар болгондон кийин санынын кимге кереги бар? Кесипкөй музыканттар четке кагылып калдык.
Азыкбаев өзү деле тойлорго катышарын, бирок негизги кирешесин чет өлкөлөрдөн түшкөн буйрутмаларга барып табарын кошумчалады.
Эл артисти Султан Каримов да тойго сейрек чакырылган ырчылардын катарына кирет. Өнөрпоздун айтышынча, кыргыз эстрадасынын дээрлик басымдуу бөлүгүнүн сахнадан тойлорго өтүп жатканы жакшы көрүнүш эмес:
- Албетте, өнөр адамдары каражаттын айынан гана ушул жолго барып жатышат. Мисалы, Орусияда эстрада ырчыларынын гана эмес, классикалык ырчылардын да жашаган үйү өзүнчө эле хансарай болуп жатпайбы. Алар ошонусун айтып мактанышат экен. Ал эми мен эки бөлмө үйүмдү көрсөтүп мактанамбы? Демек мамлекеттик маданий саясат бизди тойлорго барып ырдаганга мажбур кылды.
Каримов кезинде өзү Чоро Кожомжаров түзгөн алгачкы эстрада тобунда иштеп жүргөндө жетекчилер “тойго барып ырдасаңар эл концертиңерге келбей коет”, - деп тыюу салып келишкенин да кыстара кетти.
Учурда тойлордо ырдаган өнөрпоздор 5 миң сомдон 1000 долларга чейин акча алышат. Ошол эле учурда кыргыз элитасынын арасында өз тойлоруна элүү миң доллардан жогору акы төлөп чет өлкөлүк шоу-бизнес жылдыздарын чакыргандар да бар.