Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

"Тарелканы уруш үчүн окудубу?" дешет. Оркестрге жааган сын жана жаңылануу


Асылбек Насирдинов.
Асылбек Насирдинов.

Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри соңку кезде белгилүү эстрадалык ырларды оркестрге ылайыктап иштеп чыгууда. Эл ичинде бул кадамды колдогондор да, сындагандар да арбын.

Оркестрдин айланасындагы өзгөрүүлөр, жаңылыктар тууралуу анын көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Асылбек Насирдинов "Азаттыкка" маек курду.

- Буга чейин Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде он беш жылдан ашуун Эл артисти Сагынбек Акматалиев көркөм жетекчи жана башкы дирижёр болуп келген. Анын көзү өткөндөн кийин ордуна сиз дайындалдыңыз. Иштей баштаганыңызга дээрлик эки жылдын жүзү болуптур. Учурда оркестрде кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар болуп жатат?

- Оркестрде жаңылыктар көп. Мисалы, чертмек, жетиген өңдүү улуттук аспаптар кошулду. Чертмек - кадимки эле комуз. Бирок көлөмү чаканыраак, анан октавасы жогору күүлөнүп ойнолот. Анын өзгөчөлүгү - комуз жетпеген жыштыктарды алып берет. Ал эми жетиген бизде унутта калып, такыр эле ойнолбой калган. Азыр кайрадан жанданып, жадагалса Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда адистик катары окула баштады. Анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн бири, жетигенчи Айтунук Авазбек кызы биздин оркестрде иштеп жатат. Эми алдыда бул аспапты оркестрге ылайыктап, ойной турган адистерди да көбөйтүшүбүз керек.

Негизи эле эгемендик жылдары биздин өлкөдөгү оркестрлер каралбай калган. Азыр өкмөт чоң акча бөлдү. Биздин оркестрге эле 10 миллион сомдон ашык акчага европалык аспаптарды сатып алуу боюнча азыр сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Бул акчага филармониядагы көркөм жетекчилер, оркестр жана ансамбль башчылары “сапаттуу аспаптар алынсын” деп талап кылып жатабыз. Анткени заводдон чыккан эле эмес, европалык усталар жасаган музыкалык аспаптар да алынып жатат. Азыр бизде контрабас, виолончель, кларнет, гобой, флейта бар. Мунун баары эң сапаттуу аспаптар болуп эсептелет. Алар кеминде 20-30 жыл колдонууга жарашы керек. Азыр техника өнүккөн сайын музыка искусствосунун да жаңы мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Аспаптардын диапазону чоңоюп баратат, аларды жасаган технологиялар өнүктү.

Материалдар өзгөрүп, үн сапаты жакшырды. Ошондуктан биз жакшы музыкалык аспаптарды алууга аракет кылып жатабыз. Микрофон өтө тактыкты талап кылат да. Эгерде кайсы бир аспаптын кылы дирилдеп калса же кичинекей эле жарака кетсе, анын баары микрофондон катуу угулуп, оркоюп калат. Бизде көп аспаптар эчак эскилиги жетип, абалы начар болуп калган. Бирок биз компьютердин жардамы менен айрым үндөрдү оңдоп-түзөп, бардан жок кылып иштеп келе жатабыз.

- Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп жатпайсызбы. Каражат маселеси качан конкреттүү чечилип, жогоруда кеп болгон жаңы аспаптар качан алынып калат?

- Жаңы жылга чейин акча бөлүнсө эле, дароо алына баштайт.

- Оркестрдин курамында да өзгөрүүлөр болуп жаткандыр? Жаңы муундун аспапчылары, солисттери тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба. Оркестрде эң биринчи кезекте аспапчылар маанилүү ролду ойнойт. Бирок аларды өстүрүү маданияты да болушу керек. Мисалы, оркестрдин аспапчысы - жөн эле консерваторияны бүтүп келип эле отуруп кала турган кесип ээси эмес. Ага нечен жылдар талап кылынат. Себеби оркестрде биринчи жолу отурган музыкант ойной турган текст менен алек болот, андан кийинки этапта тегерегиндеги аспапчыны угат, анан жалпы оркестрди угуп, анын мүчөсү катары сезиши үчүн көп жылдык тажрыйба керек. Азыр мен жаштарга басым кылып жатам. Андан сырткары биздин солисттер да жаштар. Былтыр филармонияда чоң кастинг кылганбыз. Ошого өлкөдөгү музыкалык окуу жайларды, консерваторияны бүтүргөндөр жана окуп жаткан студенттер келди. Анын ичинен татыктууларын тандап алдык. Азыр айрымдары эл көзүнө илинип калган учур.

Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри.
Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри.

- Өлкөдө кийинки кезде маданият кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлгөнү маалым. Бирок ошол эле учурда биздин Бишкек калаабыз кымбатчылыктын чордонуна айланып баратканы да жашыруун эмес. Буга бир эле мисал - батирлердин баасы асман чапчып кетти. Ушундай учурда оркестрде кимдер иштеп атат? Кесипкөй музыканттардын жалгыз айлыкка жан сакташы кыйын. Аларды кантип кармап калыш керек?

- Бул чынында эле чоң көйгөй. Көп музыканттар батирде жашайт. Айрыкча жаштарга кыйын. Маданият министри Алтынбек Максүтов жакшы убадаларды берип жатат, жаңы жылдан кийин көпчүлүк театрлардын айлык акыларын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатыптыр.

Бул маселе да акырындан чечилип калар деген жакшы ойдо турабыз. Ушундай убакта өз кесибин сүйгөн, акчасынын аздыгына карабай оркестрде иштеп жаткан, музыкага тагдырын байлаган адистерге баа беришибиз керек.

Биздин оркестр ойногон чыгармалардын көп бөлүктөрү социалдык тармактарда бар. Анын ичинен урма аспаптарда ойногон, керней тарткан балдардын видеолору жүрөт. Албетте, элдин баары эле алардын мээнетин билбейт да.

“Тарелкага окшош аспапты (урма аспаптын бир түрү) бир заңк эттире уруп коюш үчүн беш жыл окуштубу” деп тамашалап жазгандар, сындагандар көп.

Негизи оркестрде эң чоң талап дал ошол урма аспапта ойногондорго коюлат. Урма аспапчы болуу үчүн ички сезүү ритми өтө жогору болушу керек. Мындай милдетти жүктөгөн балдар ар тараптуу болуп, көп аспапта ойной алат. Маселен, биздин бир кернейчи жигитибизди да тартып чыгарышыптыр интернетке. Ал Дастан Биримкулов деген өтө таланттуу композитор бала. Азыр анын көп чыгармалары филармониянын эстрадалык симфониялык оркестрлеринде, мамлекеттик расмий иш-чараларда ойнолуп жүрөт.

Асылбек Насирдинов.
Асылбек Насирдинов.

- Мындан бир нече жыл мурун казактардын кайсы бир оркестрин көрүп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык экен, белгилүү, хит ырларды алып чыгышууда деп кызыгып койдум эле. Кийинки учурда мындай саамалыкты сиздердин жамааттан да көрө баштадык. Маселен, белгилүү эстрада ырчылары оркестрдин коштоосунда эстрадалык чыгармаларды аткарып чыгышты.

- Кандай гана чыгарма болбосун, анын өтүмдүүлүгү сахнага чыгарып жаткан адамдын көз карашынан жараша болот. Негизи классикалык, эстрадалык деп бөлгөндүн өзү туура эмес деп ойлойм.

Мисалы, мен азыр Муса Баетов атабыздын “Алма алам” деген чыгармасын оркестрге салдым. Аны убагында атактуу талант Асек Жумабаев ырдап кеткен. Мага ошол ыр абдан таасир эткен. Дегеле илгерки обончулардын бир артыкчылыгына баа берем, алар эң биринчи кезекте чыгарманын бере турган оюна көңүл бурушкан. Аталышына маани берип эле тим болбой, текстти обон менен айкалыштырууну ойлонгон. Алар бул куплети, бул кайырмасы деп деле атайын бөлгөн эмес. Ичинен эмне оргуштап чыкса, ошону жасашкан. “Алма аламды” мен опера ырчысы Токтогул Рысалиевге сунуштадым. Анан ырды оркестрге жасап алып келгенден кийин ырчы өзү да таптакыр башка кырынан ачылды. Рысалиев ал ырды опералык үн менен эмес кыргыздын өзүнө тиешелүү болгон үн менен ырдады. Бул өтө жогорку чеберчилик. Анан ал ырды аткарып сахнага чыкканда да жөн гана бабочка тагынып алып чыкпайт, куржунга толо алма асынып, кыргыздын кийимин кийип алып чыгат. Аны көрүп жаткан эл алма тууралуу ыр экенин билет.

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, опера ырчысы Токтогул Рысалиев.
Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, опера ырчысы Токтогул Рысалиев.

- Ошол эле маалда академиялык эл аспаптар оркестри эстрадага жакындашып баратат деген сындар да айтыла калып жүрөт. Бул көрөрман топтойбуз деп жогорку искусствонун талаптарынан четтеп кетүү эмеспи?

- Мисалы, ырчы Каныкей - өзгөчө үнгө ээ ырчы. Жогорку музыкалык билими да бар. Бирок ал чыгармачылыгына башкача көз караш менен караган адам. Бир нерсени экинчи нерсеге салыштыра берген жарабайт. Себеби опералык вокал башка, элдик вокал таптакыр башка. Опералык вокал - илгерки италиялык вокал мектебинин мурасы. Менин оюмча, кыргыз эли да өзүнүн вокалдык мурасын туу тутуп, сактап, анан аны кийинки муунга өткөрүп бериши керек.

Каныкейге мен Орунбасар Кызалаковдун ырларын ырдоону да сунуш кылдым. “Биздин өзөн” деген ырын жасадык. Ошондой эле Каныкей менен ырчы Ырыскелди Сатыбалдиевдин аткаруусунда оркестр үчүн Бек Борбиевдин “Сунам ыр десте” деген белгилүү ырын иштедик.

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, ырчылар Каныкей менен Ырыскелди Сатыбалдиев.
Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, ырчылар Каныкей менен Ырыскелди Сатыбалдиев.

Дагы бир мисал, белгилүү дастанчыбыз Өмүрзак Кайыповго да Жолболду Алибаевдин “Дана кыз” аттуу чыгармасын оркестрде ырдоосун сунуштаганымда, ал: “Мен дастанчы болсом, оркестрде кантип ырдайм?” - деп алгач чочулаган. Бирок ал ыр да ийгиликтүү чыкты. Эл жакшы кабыл алды, Өмүрзак байкенин өзүндө да ишеним ойгонду, жаңы деми ачылды.

Анткени биздин дастанчылык өтө уникалдуу өнөр да. Ал өз ичине ырчылыкты эле эмес, төкмөлүктү, манасчылыкты, комузчулукту камтыйт. Мисалы, “Дана кызды” опералык ырчы ырдаса, ал мынчалык көркүнө чыкпайт эле. Анткени ырдын автору өзү да дастанчы.

Айтор, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин репертуары көп кырдуу. Учурда таанымал чыгармалар менен катар элдик эски чыгармаларды да жаңы форматта иштеп жатабыз. Негизи оркестрдин күйөрмандары жашарышы керек деген ойдомун. Бул үчүн жаш авторлордун ырлары оркестрге салынышы керек. Себеби, музыкада эч кандай чек болбошу керек.

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, дастанчы Өмүрзак Кайыпов.
Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, дастанчы Өмүрзак Кайыпов.

- Оркестрден дагы алдыда эмнелерди күтсөк болот? Кандай максаттар бар?

- Жетекчи катары биринчи максатым – Карамолдо оркестрин эл сүймөнчүгүнө айлануу. Буга жетишүү үчүн репертуар абдан кызыктуу болуп, ар дайым жаңыланып турушу керек. Биздин чыгармалар өспүрүмдөргө да, жаштарга да, улуу муунга да жагышы керек. Айтор, биздин концертке келген көрүүчү сүйүү менен кетип, кийинкиде башка тааныштарын да алып келиши керек.

Камчыбек Букалаевдин “Баканын ыры” деген балдар ыры бар. Ошол ырын да оркестр менен жасагам. Аны Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин кичи балдар хору ырдап чыккан. Залга кичинекей балдардын ырдап чыкканы айрыкча таасирдүү болот. Бирок, өкүнүчтүүсү, бизде балдар репертуары да аксаптыр. Анткени жыл сайын 1-сентябрда кыргыз тилдүү эле мектептерде совет убагынан бери келе жаткан “Учат в школе” ыры коюларына өзүм күбө болгом. Ушундан кийин бизге улуттук балдар ыры жетишпей жатканына ынандым. Балдар ырларын да жандандыруу – биздин максат. Бирок аларга арналган ырлар жеткиликтүү болуш үчүн ырдын сөзү да, обону да жеңил жазылышы керек экен. Ыр балдарга тааныш тил менен болсо өтүмдүү болот. Мисалы, биздин балдарга арналган кээ бир ырларды уксаң, чоң киши да укпаган сөздөрү бар. Аны бала кантип түшүнмөк эле? Ошондуктан бул жаатта да бир аз эмгек кылалы деген ойлор бар.

Мындан сырткары унутта калып бара жаткан так теке өнөрүн да жанданталы деп турабыз. Так текеге да жаңы күү жазып жатам, буюрса сахнага 11 так теке ойнолот. Нурак Абдырахманов атабыздын кезинде керемет так текелери бар эле. Эми ойнолбой калганына көп болду. Бул эми кыргыздын биринчи куурчак театры да.

- Сиздин жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу да суроо бергим келип турат. Көпчүлүк сизди буга чейин сахнада, маданий саамалыктарда чоор тартып, комузда кол ойноткон музыкант катары таанычу эле. Эми чыгармачыл жол мамлекеттик оркестрдин жетекчилигине алып келбедиби. Өнөр ээсимин дегендин баары эле жетекчилик жүктү тартып кете албаса керек.

- Эң негизгиси, өнөргө болгон сүйүүң менен баарын бирдей алып кетсең болот экен. Биздин оркестр филармониянын эң жогорку кабатында жайгашкан да. Бул да болсо бизге берилген бир сый-урмат болсо керек. Анан ошол эле маалда күн сайын жумушка келип жогорку кабатка көтөрүлүп баратканда бизге жүктөлгөн чоң жоопкерчилик бар экенин сезем. Эл бизден көп нерсе күтөт деген ишеним менен жашайм. Ошонун баары мага дем берет. Мурда деле аспапта ойноп да, дирижёрлук да милдетти эки тизгин бир чылбыр кылып алып жүрчүмүн. Азыр деле ошондой.

Асылбек Насирдинов 1978-жылы 1-октябрда Бишкек шаарында туулган.

11 жашында борбордогу Шубин атындагы балдар музыкалык мектебине кабыл алынып, аны аяктагандан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда беш жыл окуган.

2000-2005-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор факультетинде билим алып, 2008-жылы аталган жогорку окуу жайдын аспирантурасын бүтүргөн.

2004-жылдан 2013-жылга чейин Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын “Саамал” фольклордук ансамблин, кийин консерваториянын эл аспаптар оркестрин жетектеген.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG