Көчмөндөр оюндары: Изниктеги эсте калган ирмемдер

Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү мелдешке чыгып бараткан учур. 
Мелдешке Кыргызстандын улакчылары оюнга үйрөтүлгөн аргымактарсыз кетип, Түркиядан ижарага алып ойношту.

Бул жолку көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) менен көк бөрү эки башка мелдеш катары кирди. Көк бөрүдөн Кыргызстандын командасы, көкпардан Казакстандын командасы жеңүүчү болду. 

Белгилүү көкбөрүчү Манас Ниязов мелдеш учурунда.

Кыргызстандын спорт ышкыбоздору гимн ырдап жатышат.

Таяк тартыштан (мас-рестлинг) 30-сентябрда кыргызстандык спортчулар үч алтын, үч күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту.

Эркектер арасында Азамат Асанов (70 кг), Келдибек Атайбек уулу (110 кг), кыз-келиндер арасында Дилбара Иманканова (75 кг) Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болушту. Күмүш байгени кыз-келиндер арасында Назия Майлибашева (75 кг), коло байгени эркектер арасында Бакдөөлөт Абылов (80 кг) менен Улукбек Ырыспаев (+110) алды.

Көчмөндөр оюндарынын үч жолку чемпиону кыргызстандык балбан Келдибек Атайбеков (көк кийимчен) беттеш учурунда.

Салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту.

Түрк элинин улуттук күрөшү капышмалы аба күрөшүнөн кыргызстандык балбандар төрт байге алды.

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында тосту.  Изник байыркы шаарлардын бири. Шаарда 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. 

Шалвар күрөшүнө даярданып жаткан балбандар. Шалвар - түрк элинин улуттук күрөштөрүнүн бири. Мында балбандар жашыл түстөгү чолок шым менен гана мелдешке чыгышат.

Балбандар мелдеш алдында ар кандай ырым-жырымдарды жасашат. 

Шалвар күрөшүнөн кыргыз балбандары үч медаль жеңди. Балбан Амантур Камчыбеков күмүш медаль, Ислам Орозбеков менен Бекжан Жамбылов коло медаль утушту. 

Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышты. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды.

Күйөрмандар Изник көлүнүн жээгине коюлган чоң экрандан көк бөрү оюнун көрүп жатышат. 

 IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык балбандар Алыш бел боо күрөшүнөн тогуз алтын, төрт күмүш жана алты коло байгеге ээ болушту. 

Алтын байгелерди Алыштын эркин түрүнөн кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова (55 кг), Нурзада Мыктыбек кызы (65 кг), Нурзат Бактыяр кызы (70 кг), Нагира Сарбашева (+75 кг), эркектер арасында Калысбек Каимов (60 кг), классикалык түрүнөн эркектер арасында Роман Сапаров (60 кг), Эсенбек Кудайбердиев (80 кг), Ойбек Камулов (90 кг), кыз-келиндер арасында Нагира Сарбагышева (+75 кг) алып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору аталышты.

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.