Аскарова: Азимжандын керээзин аткарcам дейм

Хадича Аскарова күйөөсүнүн мүрзөсүнө гүл коюп жатат (Сүрөттү Аскаровдун үй-бүлөсү жиберген).

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров көзү тирүү болсо быйыл 17-майда 70 жашка чыкмак. Өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген Аскаров 2020-жылы июль айында эки тараптуу пневмониядан көз жумганын Жаза аткаруу кызматы билдирген.

Укук коргоочу өзү жана эл аралык уюмдар ал бейкүнөө экенин айтып, кыргыз бийлигин бошотууга чакырышкан. Аскаровдун кыялдары тууралуу «Азаттыкка» анын байбичеси Хадича Аскарова айтып берди.

- Хадича апа, күүлүү-күчтүү турасызбы? Азыр кайдасыз? Азимжан Аскаров тирүү болсо бүгүн 70 жашка чыкмак экен. Ушул күндү кантип элестетчү эле? 70 жылдыгына кандайдыр бир иш-чара уюштурабыз деп сүйлөшчү белеңер?

- Ооба, Азимжан «түрмөдөн аман-эсен чыксам, неберелеримди ээрчитип, аларга сүрөт тартканды, англис тилин үйрөтөм» деп кыялданчу эле. Өзү да абакта отурганда англис тилин үйрөнүп, окуп, которуп калган. Ал ошондой эле сүрөт мектебин ачууну каалачу. Мен өзүм азыр Ташкентте, кызымдын үйүндөмүн. Күйөө балам былтыр октябрь айында автокырсыкка учурап, көз жумган. Кызыма кол кабыш кылып, неберелериме каралашып жатам.

Азимжандын 2010-жылдан бери жазган күндөлүктөрүн сактап келем, барган сайын алып чыгып берчү эле. 2020-жылдын 8-июлунан тартып эле ооруй баштады. Дене табы көтөрүлгөндө №19 колониянын башчысына арыз жазса дагы өз убагында дарыгерлерге көрсөтүшкөн эмес. Кийин камерада чогуу отургандар темир эшиктерди катуу калдыратканда гана алып чыгышкан. Азимжандын абалын обмудсмендин өкүлдөрү да келип көрүп кетишкен. Бирок алар да эч кандай аракет жасаган эмес.

2020-жылдын 20-июлунда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков «Азаттык» радиосуна Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлаганы тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарып, анын ден соолугу жайында экенин айтканын окудум.

Азимжандын дене табы көтөрүлүп, тамак жебей калганын көрүп эмнеге аны карабай, өлүмүн күтүштү? Бириккен Улуттар Уюму 2016-жылы Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеп, аны токтоосуз бошотууга чакырган. Бирок Кыргызстандын бийлиги аны да аткарган эмес.

Дагы караңыз Аскарова: «Азимжан Кыргызстандан калыстык таппаганына капаланчу»

- Аскаровдун көзү өткөнүнө дээрлик бир жыл толду. Кыргыз өкмөтүн сотко бердиңер эле. Иш эмне болуп жатат?

- Сотто мени "Азимжан Аскаровдун мураскери эмессиң" деп коюшту. 30-октябрда акыркы сот жараяны болду. Азимжан экөөбүз 1977-жылы баш кошуп, төрт баланын ата-энеси болдук. Мен эмнеге мураскери боло албайм? Ушуга таң калам. Азыр эми Кыргызстанга барып-келип жүрөм. Кийин барсам, дагы сотко кайрылабыз. Адилеттикке жетишибиз керек. Азимжан 10 жыл бейкүнөө түрмөдө отурду. Кыргызстандын бийлиги анын отурган күндөрү үчүн кенемте төлөп, атын актап бериши керек.

- Базар-Коргондогу үй-жайыңар эмне болду? Ким бар ал жакта?

- Базар-Коргондогу үй-жай боюнча бир жарым жыл аракет кылып, адвокаттардын жардамы менен документтерин колго алдым. Биринчи өкмөткө өтүш керек болгон, 2016-жылкы соттун чечими менен өзүбүздө калды. Кийин Сулаймановдорго моралдык-материалдык кенемте деп 2500 доллар төлөдүк. Ага Азимжандын достору жардам берди. Ошентип жүрүп акыры документтерди колго алдым.

- Аскаровдун адам укугу үчүн күрөшкөн кайратмандыгын кийинки муунга калтыруу үчүн кандай пландарыңар бар?

- Аскаров атындагы сүрөт мектебин ачуу үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап жатам. Ошондой эле Азимжандын «Мен бактылуумун» деген китеби мурда кыскартылып чыгарылды эле, ошону толук чыгарууну көздөп жатам. Ага да демөөрчүлөр керек.

- Биз 2019-жылы сиз тууралуу даректүү тасма тартканда, «Азимжан чыгат» деген үмүт менен он жылдан бери жашап келатканыңызды айттыңыз эле. Аскаров жок бир жыл сиз үчүн кандай өттү?

- Азимжан үзүлгөн күнү дагы шире кайнатып, чөптөрдү кургатып, кошуналардан помидор алып, кургатып ага алып барам деп даярдагам. Мен анын эркиндикке чыгарынан эч үмүтүмдү үзгөн эмесмин. Балдарым, неберелерим менен чогуу болобуз деп кыялданчумун. Ал дагы ошол күндү күткөн. Азыр айла жок, мен жашап атам. Мага анын досторунун жазгандары дем берет, «Азимжан өлгөн жок, ал тирүү» деп жашап келем. Азимжан мен үчүн сүйүктүү жар, балдарымдын сүйүктүү атасы болду. Ал Бишкекте, мен Жалал-Абадда болсок дагы бири-бирибизди телефонсуз, катсыз эле сезчүбүз. Көзү өткөнү эки жолу түшүмө кирди. Биринчи жолкусунда «эмне менден кабар албай жатасың?» деди. Анан Интернетте ал тууралуу маалыматтар чыгып, кинолор чыкты. Ошондо эс алып калдым. Жакында эле дагы кирди. Мени эмнеге тынч отуруп алды, аракет кылбай жатат деп ойлойт го. Ал өлсө да жаткан жеринен чындык, акыйкаттык үчүн күрөшүп жатат.