Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Хадича Аскарова: Азимжандын наамын акташ үчүн күрөшөбүз


Хадича Аскарова күйөөсү Азимжан Аскаров тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүндө. 2014-жыл.
Хадича Аскарова күйөөсү Азимжан Аскаров тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүндө. 2014-жыл.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жакындары аны актоо үчүн күрөшүн улантышат. Бул тууралуу 9-сентябрда «Азаттык» радиосуна маркумдун байбичеси Хадича Аскарова билдирди:

«Азимжан он жыл бекерден бекер өмүрү өтүп, түрмөдө өлүп кетти, күнөө кылбай, күнөөкөр болуп… Наамын акташ үчүн күрөшөбүз. Күчүбүз жеткен жерге чейин барабыз».

Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө каза болгон. Маркумдун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык Өзбекстанда жерге берилген.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду Базар-Коргон райондук соту 2010-жылы 15-сентябрда өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарып, аны Жогорку сот 2011-жылы 20-декабрда күчүндө калтырган. БУУ баштаган эл аралык уюмдардын сунуштарынын негизинде иш 2015-жылы кайра каралып, бирок өкүм өзгөрүүсүз калган. Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген.

Укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде байма-бай кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Укук коргоочу 2019-жылы кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген жүйө менен сотко берген.

Шаардык сот Аскаровдун кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн жазган доо арызын укук коргоочу каза болгондон кийин, 20-августта карап, мурунку сот бутагынын «бул иште өкмөт жоопкер эмес» деген чечимин күчүндө калтырган.

Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму укук коргоочуга карата Бишкек шаардык соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко кайрыларын 20-августта «Азаттыкка» уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирген.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. (NT)

XS
SM
MD
LG