Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгени белгилүү болду. Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы мындай шарт мыйзамсыз берилип жатат деп билдирүү таратты. Ишти тергеп жаткан ички иштер органдары бул тууралуу комментарий бере элек.
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгенин 18-январда “Азаттык” радиосуна мурдагы депутат Орозайым Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирген. Ага тергөө тобунун башчысы жакынкы күндөрү документти көрсөтөбүз деп айткан.
Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын жактоочулары иштин документтерине мындай шарт коюуга негиз жоктугун айтышып, муну кармалгандардын да, алардын адвокаттарынын да укугун чектөө деп баалап жатышат.
19-январда "Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы" макамдын ыйгарылышы мыйзамсыз деген билдирүү таратты. Бирикменин мүчөсү Эркин Саданбеков иш “жашыруун” болсо айыпталуучулар адилет соттук териштирүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырап калат деген пикирде.
“Кармалгандардын Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасын караган жараянда, Бишкек шаардык сотунда алардын камактагы мөөнөтүн узартуу маалында туугандары, журналисттер, коомчулук, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Бардыгы бул жараяндарды көрүп жатышты. Бул иште эч кандай сыр жок. Бул иштер маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып жатты. Сүрөткө, видеого тартылып жаткан. “Жашыруу” деген макам берилгени мыйзамсыз. Буга бардык жактоочулар нааразы".
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай кадам тергөө тобунда эч кандай далил жоктугунан кабар берет деп эсептейт.
"Коомчулук эмне дейт деп айласы куруганда ушундай кадамга барды. Бул ишке "жашыруу сыр" деген макам бере салып, сотту жабык эшик артында өткөрүп, журналисттерди, байкоочуларды, тууган-уругун, акыйкатчы жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн катыштырбай, эптеп-септеп ушул сотту бүтүрүү керек болуп калды. Кармалгандарга кандайдыр бир жарлык тагып, кутулуп кетүү аргасы. Камашын камап алып, "бул жолдон эми кантип чыгабыз" деген айласы куруган иш болуп жатат", - дейт укук коргоочу.
Ишти тергеп жаткан ички иштер органдары азырынча бул тууралуу комментарий берише элек.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: тергөөгө сын, абактан катБуга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимканов Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарынын суроолоруна жооп берип, буларга токтолгон:
"Массалык башаламандыкка даярдык көрүү деп ошонун негизинде иш козголгон. Анын негизинде экспертизалар дайындалган. Адамдар кармалып, сот тарабынан анын баары мыйзамдуу деп табылган".
Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн.
Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Учурда үчөө үй камагына чыгып, калган 24 адам Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурушат.
Биринчи Май райондук сотунун аларды февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
"Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылышкан" деп айткан.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюму (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүүлөрдү таратышкан.