Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Канатбек Исаевдин "жашыруун" иши жана узартылган камак мөөнөтү


Канатбек Исаевди соттон алып кетип бараткан учур. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Канатбек Исаевди соттон алып кетип бараткан учур. 21-ноябрь, 2022-жыл.

“Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев камакта калтырылды.

Эски кылмыш ишине байланыштуу жакында эле кайра кармалган саясатчы ага каршы мындан беш жыл мурун “бийликти күч менен алууга аракет кылуу” менен козголгон иш ойдон чыгарылганын айтты. Ага 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда иш козголуп камалган. 2018-жылы абактан чыгып, 2020-жылы Октябрь окуяларында бир айга жетпеген убакыт Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.

Канатбек Исаевдин “жашыруун” иши

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 21-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, саясатчы Канатбек Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартып, 23-декабрга чейин камакта калтырды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган саясатчынын бөгөт чарасы каралган соттук отурум жабык өттү. Атайын кызмат муну саясатчыга козголгон кылмыш ишинде “жашыруун” деген гриф бар экени менен түшүндүрүүдө. Бирок анын чоо-жайын тактай элек. Райондук соттун чечиминен кийин Канатбек Исаев “Азаттыкка” кыскача комментарий берди.

“Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу” деген айып коюлуп жатат. Бул чындыкка дал келбей турганын баарыбыз билебиз. Тергөөгө тоскоолдук да кылбайт болчумун. Буга чейин төрт жыл эркиндикте эле жүргөм. Азыр болсо эч кандай негизи жок эле бөгөт чараны өзгөртүп коюшту”.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен катар быйыл 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирген. Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын карап, камакка алууга өзгөрткөн.

Ички иштер министрлиги 23-24-октябрь күндөрү “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” 20дан ашык мүчөсүн – саясатчы, жарандык активисттерди “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен жапырт кармаган. Канатбек Исаев да сөз болуп жаткан комитеттин мүчөсү. Анын адвокаты Бексултан Осмонов саясатчынын иши тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

“Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган. Ушундан улам сотко адвокаттардан тышкары эч ким киргизилбей жатат. Бирок эмне себептен мындай чечим кабыл алынганы белгисиз. Буга чейин бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталып, жумшагыраак чара колдонулган. Өзүңүз билгендей, акыркы болгон окуяларга байланыштуубу же ага байланышы жокпу, бирок бөгөт чарасы өзгөртүлдү”.

Канатбек Исаевди камакка алууга негиз болгон кылмыш иши 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында козголгон. Ошол жылдын сентябрь айынын аягында Youtube порталына “Канатбек Исаев бийликти басып алуу үчүн криминалдарды даярдап жатканы” тууралуу жашыруун тартылган үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видеону тартып жаткан кишиге акча берип жатканы көрүнөт.

Бул тасмадан кийин Башкы прокуратура ошол кездеги депутат Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдануу”, “Массалык башаламандык” жана “Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу” беренелери менен иш козгогон. Ишти тергөөнү УКМКга өткөрүп берип, саясатчы камакка алынган.

Канатбек Исаев 2017-жылы президенттик шайлоодо саясатчы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп, бийликке ачык сын айтып турган. Атайын кызмат “Исаев Бабановдун тарапкерлери менен кошо бийликти күч менен басып алууга даярданганын” билдирген. Буга байланыштуу УКМК Бабановго карата кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп, тергей баштаган. Бул иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөнү 2019-жылы белгилүү болгон.

“Канатбек Исаевдин да, Өмүрбек Бабановдун да иши убактылуу токтотулган. Бирок Исаевдин беш жыл мурунку ишин кайра жандандырып коюшпадыбы. Бабанов болсо эркиндикте эле жүрөт. Экөөнүкү тең бир эле иш, бирок башкача мамиле”, - деди журналист Асланбек Сартбаев.

Исаевдин экинчи иши

Канатбек Исаевге 2017-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине тагылганга чейин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. УКМК “ал 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген” деп айып таккан.

Бул иш боюнча 2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Канатбек Исаевди айыптуу деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн абакка кескен. Бирок Бишкек шаардык соту иштин “мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен өкүмдү жокко чыгарып, Исаевди үй камагына коё берген. Ал эми Жогорку сот 2019-жылы бул иште кылмыштын курамы жок деп тапкан.

Жогорку соттун бул чечиминен кийин Канатбек Исаев Жогорку Кеңеште кайра депутаттык ишмердигин уланткан. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки Октябрь окуясында бир айга жетпеген убакыт спикер болуп иштеди. 2021-жылы президенттик шайлоодо атаандашы Садыр Жапаровду катуу сындап турган. Акыркы убактарда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, сөз эркиндигине басым болуп жатканын сынга алган.

Ташиевдин жообу

Июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл июлда sayasat.kg сайтына берген чакан маегинде Исаев тууралуу суроого минтип жооп берген:

“Биринчиден, Канатбек Исаев оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетилиши керек. Ал азыр жаштык кылат. Эсимде, 2010-жылы коалициянын башчысы кылып бекиткенбиз. Үч жылча башчылык кызматты аркалады. Бир дагы жолу коалицияны чогултуп, бир демилге көтөргөнүн көргөн жокмун. Мындан сырткары Канатбек Исаевдин артынан эл дүрбөп ээрчип алгыдай анын эл үчүн жасап койгон көрүнүктүү бир дагы иши жок. Тескерисинче, Токмоктогу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананы, жерлерди мэр болуп турганда өз кызыкчылыгына сатып жиберген. Кылган кылмышынан бери 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу гана жазага тартылбай калган. Мыйзам жол бербей”.

Ташиев өткөн аптада парламентте Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси каралып жаткан тапта өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөгөн топтор бар экенин жана аларга катуу чаралар көрүлүп жатканын айткан.

“Ондогон, мүмкүн жүздөгөн адамдарды алып чыгып алышып, жөө жүрүш уюштуруп “сатып ийди, атып ийди” деп жаман сөздөрдү айттыргандар - чагымчылар. Алар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди үзгүлтүккө учуратыш керек дешет. Кыргызстан ушинтип ызы-чуудан башы чыкпай отура бериш керек. Ушуну каалаган деструктивдүү күчтөр бар. Аларды чет өлкөдөн каржылап тургандар да бар. Алардын тамырын кыркып атабыз”.

"Айып коюу өнөкөткө айланды"

Кемпир-Абад иши боюнча “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган 30га жакын саясатчы, активисттер муну саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев бийликти басып алуу деген айып коюу өнөкөткө айланып калды деп эсептейт:

“Дүйнөдө төңкөрүштү эки топ кылат. Биринчиси, ички иштер, коргоо органдары, коопсуздук кызматтары. Анткени аларда курал, күч бар. Экинчиси, куралданган бандиттик топ. Мындай топтор Африка өлкөлөрүндө бар. Кыргызстанда болсо бир абышка мончодо отуруп, “бийлик кетсин” деп койсо деле “төңкөрүш кылганга даярданган” деп иш козгоп атпайбы. Ошондуктан Кылмыш-жаза кодексине мамлекеттик төңкөрүш эмне экенин так жазыш керек. Себеби мамлекетте төңкөрүш кылыш үчүн ага биринчи күчү жетиш керек да. Мына, 5-6 аялды алып барып камап салды. Алардын алдында аскер жок же куралы жок. Аларда бийликти күч менен алайын деген ниет да жок”.

“Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрүнүн Бишкектеги кафелердин биринде чогулуп сүйлөшкөн деген аудиосу да жашыруун жаздырып алынып, социалдык тармактарга таратылып жатат. Алар бийликти басып алуу тууралуу эч кандай сөз болбогонун билдирип келишет.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Сессияда чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.

XS
SM
MD
LG