Казакстан туризм Мекесине айланабы?

Акмола облусу. Чебачи көлү.

Казакстан туризм тармагын өнүктүрүүгө миллиарддаган доллар каражат сарптоодо. Бирок кызылдай акча менен эле өлкөнү саякатчылардын Мекесине айлантуу мүмкүнбү?

2006-жылдагы "Борат" тасмасына казактар катуу ыза болушту эле. Бирок ал чуулгандуу көркөм тасма Казакстанга бекер реклама да болуп бергенинде калет жок.

«Борат: Американын маданиятын изилдөө Казакстандын даңазалуу калкына пайда алып келет» деп аталган ал комедияны көргөндөрдүн арасында Казакстан тууралуу көп кишилер биринчи жолу кабардар болгону шексиз.

Бүгүн казактар өз өлкөсүн туризмдин Мекесине айлантуу үчүн көп каражат жумшоодо. Астана 2020-жылга чейин бул тармакка төрт миллиард доллар коротуп, инвесторлордон дагы алты миллиард тартууну көздөп жатат.

Казакстанда көз тайгылткан көлдөр менен тоолор, ысык булак суулары, археологиялык жайлар жана башка саякатчыларга кызык көп нерсе бар.

Альпинисттер көк мелжиген тоолорго чыгып, жөө жүргөндү сүйгөндөр чөлдү кезсе, көөнө көчмөн турмушту көргүсү келгендер ай талаада мал кармаган койчулардын арасына бара алышат.

Кечээги тарыхтын кара барактарын мурдагы сталиндик лагерлерден жана ондогон жыл ядролук сынактар жүргөн Семипалатинкс полигондорунан барактасаңыз болот.

Ал эми шаардын шарактаган жашоосун көрөм дегендерге Алматы менен Астананын дарбазасы дайым ачык. Чоң калааларда жаңы мейманканалар салынып, лыжачылар үчүн кышкы курорттор ремонттон өтүүдө.

Казакстан өкмөтү 2020-жылга чейин жылына сегиз миллион туристти тартууну максат кылууда. Бул азыркыдан эки эсеге көп дегенди билдирет.

Жогоруда сөз болгон комедиялык тасмадагы Борат "Бул максаттардын өзү эле улуу казак элинин тарыхый жетишкендиги!” деп жарыяламак. Бирок Казакстан дүйнөлүк туризм борборлоруна көз ирмемде айлана албайт шекилдүү.

Кыргызстан сыяктуу эле, Казакстанда төгөрөктүн төрт бурчундагы капчыгы калың туристтер каптап келсе деп кыялданат. Бирок казак туризми азырынча негизинен экс-советтик, биринчи кезекте Орусиядан келчү туристтерге таянат.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанга жылына 4 миллион саякатчы келет. Ага караганда, Өзбекстанда бул көрсөткүч эки миллионду түзөт. Казакстан өткөн айда бир жылга 10 өнүккөн өлкөдөн виза талап кылууну бир жылга токтотту. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Астана жакын арада 48 өлкөгө виза талабын күчүнөн кетирүүнү пландап жатат. Туризм үчүн өзгөчө мааниге ээ бул иш-чараны Кыргызстан эки жыл мурда киргизген болчу.

Ошол эле убакта, алдыда дагы көп иштер бар. Бузук жолдор менен начар кызмат көрсөтүүнү айтпаганда да, аба каттамдары жетишсиз. Жакында Казакстанда болгон жапон туристи "кызмат көрсөтүү тармагында англисче сүйлөгөндөр жокко эсе экен, чет тилдеги жазуулар туристтер котологон жерлерде да жок" деп жазды.

Мейманканалар менен ресторан, ашканалардын жетишсиздиги менен катар, ал жерлердеги тазалык маселеси курч проблемалардын катарында аталып келет.

"АйТравел" агенттигин жетектеген Галия Избасарова эл аралык стандарттарга жооп берген мейманаканалар жетишсиз экендигин моюнга алат. Ал «түбү терең» маселелер чечилмейинче, туристтер тоолорду же көл жээктерин каптап кетпей тургандыгын белгилейт.

Анын үстүнө эгер акчалуу саякатчыларга артыкчылык берилсе, туризм тармагынан жергиликтүү эс алуучулардын четке сүрүлүп калуу коркунучу бар. Акыркы жылдары ансыз деле азык-түлүк, аба каттам, жатак жайлардын кымбатташынан улам, өлкө ичинде саякаттагандардын саны төмөндөп кетти. Ошол эле убакта чет өлкөлөргө барып эс алгандар жылына 400 миллион доллар сарпташат.

Алматынын тургуну Асел Андыбатова Казакстандагы мейманканалардын кымбаттыгынан улам, Түндүк Казакстандагы Боровой тоо курортуна барбай, Түркияга барып эс алды. «Боровойго 10 күнгө эки миң доллар төлөйт экенсиң, ал да эртең менен наар алган тамагыңды гана камтыйт» дейт ал.

Европалык өлкөлөрдө ички туристтер жалпы саякатчылардын 80-90 пайызын түзөт. Анткени Алматыда жеке менчик чакан туристтик фирманы иштеткен Марина Судакова белгилегендей, мейманкана, жаш балдар үчүн атракцион өңдөнгөн көпчүлүк элге шарттар түзүлгөн.