Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Казакстан аталышын өзгөртөбү?


Казак президенти Нурсултан Назарбаев инаугурация учурунда мамлекеттик тууну өөп жатат. Астана, 8-апрель, 2011
Казак президенти Нурсултан Назарбаев инаугурация учурунда мамлекеттик тууну өөп жатат. Астана, 8-апрель, 2011

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (3 - 9-февраль).

Учугу үзүлбөгөн “Кумтөр” талашы



Кумтөр алтын кени түнкүсүн.
Кумтөр алтын кени түнкүсүн.

Эки жыл бою созулган талаш-тартыштан кийин кыргыз парламенти “Кумтөрдүн” тагдыры боюнча чечим чыгарды деп жазат Орусиянын "Независимая газета" басылмасы. Мындан ары бул ширкеттин башкаруучу кеңешине кыргыз тарап башчылык кылып, орун басары Centerra Gold тарабынан шайланат. Жаңы кабыл алынган меморандумга ылайык, Канада менен кыргыздардын алтындан алчу пайы теӊме-теӊ болот. 2026-жылдан баштап Кыргызстандын пайы 67 процентке көтөрүлөт. Кендин айланасындагы пикир келишпестик бир топ саясатчылардын жеке рейтинги үчүн упай топтоого шарт түзгөнү менен негедир анын келечек тагдыры эл үчүн али да болсо бүдөмүк. “Кумтөр” маселесине ушуну менен эле чекит коюлуп калчудай көрүнбөйт, деп жазат басылма

Борбор Азия менен Кавказ Сочи олимпиадасында


Сочиде өтүп жаткан кышкы олимп оюндарына Орусия 50 миллиард доллар салган. 7 500 атлет спорттун 15 түрүндө таймашууда. 1980-жылкы Москва олимпиадасынан бери Борбор Азия жана Кавказда көп нерсе өзгөрдү.

Казакстандын командасы Сочи Олимпиадасынын ачылышында, 7-февраль.
Казакстандын командасы Сочи Олимпиадасынын ачылышында, 7-февраль.
EuroAsiaNet басылмасы Сочи Олимпиадасында Борбор Азия менен Кавказ кантип катышып жатканын анализдеген. Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан кышкы оюндарга атлеттерин жиберди. Бирок кышкы спортту өнүктүрүү үчүн 2011-жылы 185 миллион доллар каражат жумшаган Түркмөнстан мурда-кийин бир да жолу кышкы оюндарга спортчу жиберген эмес. Борбор Азиядан жалпысы болуп 58 оюнчу катышууда. Анын көпчүлүгү, же 52 атлет Казакстандан барды. Өзбекстан 3, Тажикстан 2, Кыргызстан 1 гана спортчу жиберди.

Кавказ өлкөлөрүнөн баргандардын саны деле 3-4төн ашпайт. Мунун себеби Өзбекстан, Тажикстан менен Кыргызстанда кышкы оюндарды өнүктүрүүгө эч кандай шарт түзүлбөй, өлүп бара жаткан спорттун түрү болуп калганында. Ал тургай Тажикстандан барган эки лыжачыга мамлекет өтө эле аз каражат бөлгөн.

Кыргызстандык лыжачы Дмитрий Трелевский.
Кыргызстандык лыжачы Дмитрий Трелевский.
Кыргызстандан катышкан жалгыз лыжачы Дмитрий Трелевский менен машыктырчуусуна премьер-министрдин резервдик фондунан 2 миңге жетпеген доллар гана берилди. Арменияда болсо спорт мектептери дээрлик жок. Мунай акчасына бай Казакстандын дымагы өтө күчтүү болуп, 2022-жылдагы кышкы оюндарга ээлик кылгысы келип жатат. Бирок ошондой эле бай Азербайжан болсо негедир кышкы спортчуларына көңүл бургусу келбейт.

2008-жылдан бери Орусия менен ымаласы жакшы болбой келген Грузия спортчуларын Сочиге эмнеге жиберди деген суроо жаралат. Грузиядагылардын көбү да ушул суроого жооп таба алышпады. Ал тургай Олимпиаданын ачылышы болоордо Тбилисиде каршылык акциялары да болду. Грузин расмийлери да эгерде Орусия тараптан аларга каршы кандайдыр бир жаман мамиле болсо оюнчуларын Сочиден дароо чыгарып кетүүгө даяр.

Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүнө караганда, Сочидеги олимп шаарын курууга 16 миңдей мигрант жумушчу тартылган. Алардын басымдуусу Борбор Азиядан. Көбүнүн укугу тепселип, жашоо-шарты начар болгону айтылат деп жазат EuroAsiaNet.

Ирандын аял-футболчулары жыныстык текшерүүдөн өтөт



Иран -- футболчу аялдар.
Иран -- футболчу аялдар.
Иран аялдары футболдун эң мыкты күйөрмандары эле эмес, ага кызыгып ойногон оюнчулары да болуп саналат. Профессионалдык деңгээлде футбол ойногон ирандык аялдар мындан ары жыныстык текшерүүдөн өтмөкчү деп жазат The Telegraph. Иран аялдарынын улуттук командасынын белдүү спортчуларынын айрымдары жынысын өзгөртө элек эркектер, же гермофродиттер (ара жолдогу жыныстуу) экени аныкталгандан кийин атайын көзөмөл киргизүү чечими чыкты. Чечимден кийин дароо эле эң алдыңкы командалардын 7 спортчусу келишимдерин токтотту. Аял экени такталбагандар футболдон четтетилет. Эркектер менен беттешүүгө уруксат берилбесе да, Иранда футбол аялдар арасында өтө популярдуу оюн. Аятолла Хомейни чыгарган фатва боюнча Иран атуулдарына жынысын өзгөртүп, операция кылууга уруксат берилген.

Казакстандын аталышын “Казак Элине” өзгөрөбү?


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөсүнүн аталышын Казак эли деп өзгөртүү оюн билдирди. The Washington Post гезитинин аналитиги Макс Фишер да мунун туура чечим болорун жазып чыкты. Назарбаев инвестициянын көлөмүн көбөйтүп, өлкө кадыр-баркын көтөрүү үчүн –стан мүчөсүн алып салгысы келет. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып турууну да каалайт. Мындай маркетингдик кадам албетте туура, дейт аналитик.

Казакстанда азыр көптөгөн улуттар жашап, ар кыл диндер бар. Дүйнөдө өнүккөн айрым өлкөлөр да аталышын өзгөрткөндөн кийин бактысы жанган. Маселен мурда “Сиам” деп аталган азыркы Таиланд туризм өнүккөн өлкө болуп калды. Балким жаңы ат менен Казакстандын да тагдыры алмашат дейт The Washington Post гезитинин аналитиги.


Ооганстан оожалып кетсе...


Жапонияда чыккан The Diplomat аналитикалык журналы Ооганстандын экономикалык жактан оожалуу мүмкүнчүлүктөрүн жазып чыкты. 2001-жылга чейин бул өлкөгө эл аралык коомчулук баш бага алчу эмес. 12 жылга созулган согуштан кийин эми Ооганстанга өз бетинче болуу убактысы келип жетти. Бирок буга анын күчү жетеби? Ааламдашкан дүйнөнү канча убакытта кууп жете алат?

Кабулдун жанындагы бир айылдын тургундары.
Кабулдун жанындагы бир айылдын тургундары.
12 жылдан бери АКШ Ооганстанды кайра куруу үчүн 100 миллиард доллар сарптаган. Аскерлер чыкса деле НАТОго мүчө өлкөлөр колдоосун уланта берет. Маселен Германия 2016-жылга чейин жылына 587 миллион доллардан берип турат. Өлкөнүн медиа тармагы да эркиндикке жетишип калды. Азыр өлкөдө 35 телеканал, 100дөй радио, 150дөн ашуун гезит-журналдар чыгып жатат. Бул көрсөткүч айрым өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн түшүнө да кирбейт.

Ошондой эле 1 триллион долларга тете көмүр, алтын, табигый газ жана мунай запастары казылбай турат. Анализчилер Ооганстандагы дыӊы бузулбаган айыл чарбаны өнүктүрсө 160 миллион кишиге жете турган азык-түлүк чыгарын айтышат.

Билим берүүнү да жөнгө салса 25 жашка чейинки 23 миллион калк дүркүрөп бутуна турат. Бул жалпы элдин 68 пайызы дегендик. Ооганстандын дагы бир бактысы - Кытай жана Индия сыяктуу ири өлкөлөргө улагалаш жашоосунда. Экөө теӊ оогандардын табигый кен байлыктарын иштетүүгө ынтызар деп жазат The Diplomat.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG