Казак соту Жакишевди абакта калтырды

Мухтар Жакишев.

Чыгыш-Казакстан облустук соту "Казатомпром" ишканасынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди бошотуудан баш тартты. Бул күнү Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларында ондогон активисттер анын бошотулушун талап кылып, акцияга чыгышты.

Он төрт жылга эркинен ажыратылган Жакишевдин түрмөдө отурганына он жылдан ашты.

Айыпталуучусуз өткөн сот

Мухтар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга буга чейин төмөнкү соттук инстанция макул болгон эмес.​

"Чыгыш-Казакстан облусунун Семей шаардык сотунун Мухтар Жакишевге карата 24-июлда чыгарган чечими өзгөртүүсүз калтырылсын. Жакишевдин жана адвокаттарынын арызы канааттандырылбасын", - деп окуду сот чечимин.

Сот залына киргизилбеген активисттер башка бөлмөдөн сот жараянына кошумча монитор аркылуу көз салып турушту. Алар жараян өтүп жаткан залдан эч нерсе угулбай жатканына нааразы болуп жатышты. Судья буга "сотту үзгүлтүккө учуратуу аракети" деп баа берди.

Дагы караңыз Жакишевдин абак ичиндеги азаптуу жолу

Мухтар Жакишев сотко катышкан жок. Судья "айыпталуучу менен видео байланыш кылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин" баса белгиледи.

Адвокаттардын бири Нурлан Бейсекеев соттук коллегиянын жана жалпы эле Чыгыш-Казакстан облустук сотунун курамына ишенбей турганын билдирди.

"Силер Жакишевдин жараянга катышканын каалабай жатасыңар. Мен жазуу түрүндө да, оозеки да Жакишев өзү сотко катышып, сөз сүйлөөнү каалап жатканын алдын ала маалымдагам", - деди адвокат.

Судья болсо бардык сот курамына ишенбестик көрсөтүү деген нерсе мыйзамда жоктугун билдирип, соттук териштирүүнү улантты.

Тыныгуу учурунда сотко келген активисттер "Эркиндик!", "Биз укугубузду талап кылабыз!", "Акыйкат сот үчүн!" деп кыйкырып жатышты.

Ал эми судья тартип бузгандарды сыртка чыгара турганын айтып, эскертүү берди.

Жакишевди колдогон акциялар

Чыгыш-Казакстанда сот өтүп жатканда Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларында Мухтар Жакишевди бошотуу талабы менен бир катар нааразылык акциялары болуп өттү.

Мухтар Жакишевди бошотуу талабы менен өткөн акция.

Нур-Султанда «Байтерек» монументинин алдына ондогон адам чогулуп, "Эркиндик!", "Мухтар Жакишев бошотулсун!" деп кыйкырышты.

Алматыда он чакты активист "Астана" аянтына чогулушту. Алар колдоруна кармаган чакырыктардын биринде өлкөнү президенттик республикага айландырууга жол берген Баш мыйзамды 1992-жылы кабыл алынган Конституцияга алмаштырууну талап кылышты.

Алматы шаарынын тургуну Маржан Бегалиева ​камакта Мухтар Жакишев сыяктуу нечендеген айыпсыз адамдар отурат деп белгиледи:

"Мухтар камалганда үйүндө эки чиедей кызы калган. Он жылдан бери алар чоңоюп, өз алдынча үй-бүлө куруп кетти. Ошончо убактан бери үй-бүлөсүн көрбөй жүрүү адам баласы үчүн оңой эмес, эртең менен үйдөн жумушка чыгып кеткен ата-энесин балдары кандай сагынат, бул болсо канча жылдан бери көрө элек. Бошотулсун! Сот бошотуп берсин! Биз ошону талап кылып чыктык. Биз темир тор артында күнөөсүз адамдар отурганына каршыбыз".

Бир нече убактан кийин алардын жанына полиция өкүлдөрү келип, тарап кетүүгө эскертүү берди:

"Акцияга акимчилик уруксат берген эмес. Ошондуктан, бул иш-чара мыйзамсыз. Биз мыйзамды сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз. Сиздерди тарап кетүүгө чакырам".

Актау шаарында аймактык прокуратуранын алдына чогулгандар Жакишевдин сүрөттөрүн кармап алып, анын абактан бошотулушун талап кылышты.

Саясий туткунбу же коррупционерби?

"Казатомпром" ишканасынын мурунку жетекчиси Мухтар Жакишев 2009-жылы коррупция боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Бирок казакстандык укук коргоочулар аны "саясий туткун" деп эсептешет. Алардын пикири боюнча, Жакишев мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов менен достугу үчүн бийлик тарабынан куугунтукка алынган.

Дагы караңыз Назарбаевдин кара көлөкөсү

Укук коргоочулар абактагы Жакишевдин саламаттыгы начарлап баратканын билдирип, тынчсызданышат. 2018-жылы июль айында ал 3-топтогу майып деп таанылган.

2018-жылы сентябрда сот Жакишевге каза болгон энеси менен коштошуу зыйнатына барууга уруксат берген эмес. Ошол кезде мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөн Мухтар Жакишев мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошотууну өтүнүп, сотко кайрылган. 2018-жылы ноябрь айында Семей шаардык соту аны "келтирилген зыянды төлөбөгөнү үчүн" бошотуудан баш тарткан.

Кийинчерээк Жакишевдин "Казатомпром" ишканасына жана ага тиешелүү башка компанияларга келтирген зыяны 99,6 млрд. теңге (258 млн. доллардын айланасында) экени анык болгон. Адвокаттын билдирүүсү боюнча, келтирилген зыян тууралуу мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу жөнүндө арыз берилгенден кийин гана маалым болгон.

2019-жылы 4-январда Чыгыш-Казакстан облустук соту Жакишевдин апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тарткан.

24-июлда мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу экинчи өтүнүч каралып жаткан учурда, Мухтар Жакишев он жылдан бери алгачкы жолу, сотко видео байланыш аркылуу катышууга мүмкүнчүлүк алган. Бул күнү Семей шаардык сотунун судьясы Ермек Шимыров Жакишевдин экинчи өтүнүчүнө дагы "жок" деген чечим чыгарган.

Эл аралык уюмдар Мухтар Жакишевди бошотууга үндөп, казак бийлигине бир нече жолу кайрылган.

Казак бийлиги болсо анын ишинде саясий негиз жоктугун ырастап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.