Аблязов оппозициялык кыймылын кайра түзөт

Мухтар Аблязов.

Казакстандык оппозициячы Мухтар Аблязов "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген кыймыл кайра түзүлөрүн билдирип, «режимге каршы күрөшүүнү каалаган» тарапкерлерин кошулууга үндөдү. "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Аблязов чет жакта туруп, Казакстандагы саясатка кантип катышарын айтып берди.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2000-жылдардын ортосунда БТА банктан 6 миллиард доллардан көп акча уурдаган деп айыпталган.

Чет жерде жүргөн Аблязов мекенинде жана Орусияда 13 жылга чейин камалышы мүмкүн. 2013-жылдын жайында ал Франциянын түштүгүндө кармалып, бирок былтыр декабрда Казакстан менен Орусиянын аны өткөрүп берүү арыздары канааттандырылган эмес. Франциянын Мамлекеттик кеңеши Аблязовго тагылган айыптоолордун саясий өңүтү бар деп чечкен.

Страсбург шаарынан видео байланыш аркылуу курган маекте Аблязов 2004-жылы «Казакстандын демократиялык тандоосу» деген партияга жана коомдук кыймылга экстремисттик деп тыюу салынганын, азыр жаңы жалпы жарандык кыймыл түзүлүп жатканын белгиледи.

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Кыргызстандагы саясий окуяларда, диний идеологиялардын жайылышында сырткы факторлордун канчалык таасири бар? Кыргызстан өз алдынча саясаты жасай алабы?

Мухтар Аблязов: Анын платформасын алып карасаңар, биринчи кыймылдын негизги идеялары калды. Бирок алар олуттуу түрдө толукталмакчы. Кыймылдын программасы жакынкы апталарда расмий жарыяланат. Иш жүзүндө бул жаңы уюм болот. Бирок мен "Демократиялык тандоонун" түптөөчүлөрүнүн бири катары жаңы кыймылдын да уюштуруучусумун. Кантсе да муну жаңы уюм деп айтуу туура болот го.

"Настоящее время": Казакстанда бул кыймыл сиздин жеке демилгеңиз менен түзүлүп жатат деген пикирлер айтылууда. Бул чынбы же тарапкерлериңиз ушундай чечимге көндүрүштүбү?

Мухтар Аблязов: "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген жаңы кыймылды уюштуруу жөнүндө көптөн бери, абакта отурган кезден бери ойлонуп келгем. Декабрда эркиндикке чыккандан кийин Казакстанда калган жана режим менен күрөшүүнү каалаган активисттер менен сүйлөшүү жүргүзө баштадым. Анын арасында биринчи, экинчи кыймылдарды, «Алга» партиясын негиздөөгө жардамдашкан адамдар менен байланышкам.

Эки айдай программалык документтерди талкууладык, платформа кандай болуш керек деп талашып-тартыштык. Демек мунун бардыгын бир киши жасады деп айтуу чоң жаңылыштык. Бул менин жеке чечимим болсо кызык эле угулмак. Себеби Казакстандагы режимдин алмашуусуна кызыкдар, биздин платформаны колдогон адамдарга таянганы жатам. Ал платформа алдын ала талкууланууга тийиш.

"Настоящее время": Өнөктөштөрүңүздүн ысымдарын атай аласызбы?

Мухтар Аблязов: Санаалаштарым ачык чыгууга даяр экенин айтышканы менен, мен азыр аларды атоого даяр эмесмин. Менимче, өздөрү пресс-конференцияда чыгып, жарыялашса туура болот го.

"Настоящее время": Сиз чет өлкөдө жүрөсүз, ал эми сиз кошулгула деп чакырган адамдар Казакстанда жашашат. Алар куугунтукка туш болушу мүмкүн экенин түшүнөсүзбү?

Сүрөттө: Аблязов сотко келатат, 17-октябрь, 2014

Мухтар Аблязов: Албетте мен мунун бардыгын түшүнөм. «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын мүчөсүмүн деп ачык чыгып жарыялоого даяр кишилер да кандай тобокелдикке баратышканын жакшы билишет. Корккондор катышпай эле койсун. Кээ бирлер кыймылдын ишине жашыруун катышууну каалашат. Андай мүмкүнчүлүк да берилет. Кыймылдын мүчөсүмүн деп ачык айткысы келбеген активисттер да бар. Бирок коом алдына чыгып айтууга даярлары да жок эмес. Кыскасы, мүмкүнчүлүктөр түрдүү болот.

Менин позициям өтө жөнөкөй: бүтүндөй өлкөнү коркутуп алышты, бүтүндөй өлкө режимди алмаштырууну каалабайт деген мүмкүн эмес.

Чындап эле ошондой болсо, дүйнөдө режимдер кулабайт эле, алмашпайт эле. Ар бир киши өз тандоосун жасоого тийиш. Мага чет өлкөдө отуруп алып, Казакстандагы кишилерди аракет кылгыла деп үндөйт дешет. Мен бийликтин соккуларына туш болгон биринчи катарларда турганымды айтып жооп берем. 2001-2002-жылдары качып- жашынбай эле түрмөдө да отуруп чыккам, режимдин кандай гана кысымына туш болгон жокмун. Кийин да ошондой болду. Мен көп кыйынчылыктан өттүм. Мени жашырынып алып, бурчтан тымызын бир нерселерди кыйкырып коюп жүрөт деп эч ким күнөөлөй албайт.

"Настоящее время": Сиз кыймылдын максатын ачык эле айтып келатасыз. Асыресе, Казакстандын премьер-министри болуу ниетиңизди жашырбайсыз. Бирок акыркы 15 жылга көз чаптырсак, сиздин оппозициялык ишмердүүлүгүңүз сиз ойлогондой жемиш берген жок. Азыр айтып жаткан реформалар ишке ашарына кандай кепилдиктер бар?

Элдин калың катмары, анын ичинде саясий элита азыркы бийликтин кылмыштуу мүнөзүн түшүнүшөт.

Мухтар Аблязов: Коом өзү реформаларды жүргүзгөндө, башкача айтканда ылдый жактан жогору жакка чейин, жарандык коом өзгөрүүлөргө даяр болгондо жана саясий элитага таасир көргөзүп, атүгүл аны алмаштырып, башкаларды шайлаганда, ошондо реформалар артка кайткыс мүнөзгө ээ, туруктуу болот.

Сиз мына кепилдиктер жөнүндө айтып жатасыз. Бирок иш жүзүндө бардыгы алда канча оңой. Реформалар төмөн жактан башталбаса, коом аларга түрткү бербесе, бийликте туруп убадаларын аткарбагандарды эл артка чакыртып, кайра шайлабай, кууп чыгып же иштен алышы ыктымал.

Биз 15 жыл оппозицияда болуп келгенбиз. Биз көп болчубуз: кээ бирлер абакка түшкөн, кээ бирлерин өлтүрүп салышкан. Мен ошол адамдар Казакстандагы элдин аң-сезимин өзгөртүүгө чоң салымын кошту деп ойлойм. Элдин калың катмары, анын ичинде саясий элита азыркы бийликтин кылмыштуу мүнөзүн түшүнүшөт. Бул - паракорлор, элди эркин дем алдырбаган, адам өлтүргөн, карактаган, элементардык жарандык эркиндиктерге жол бербеген мафиялык режим.

Ошол 15 жыл бою майнапсыз, курулай иштедик деп айта албайм. Бул убакытта коом өстү жана азыр бул процесс тездик менен калыптанууда. Мен азыр бул ой жүгүртүү кеңири жайылганын байкап жатам. Мага таксисттер, бульдозер айдоочулар, көп балалуу энелер, карапайым кишилер жазып, өз көйгөлөрү жөнүндө айтып беришет. Казакстандагы элдин аң-сезими олуттуу өзгөргөнүн түшүнүп жатам. Элдин негизги бөлүгү да азыркы бийлик кала бербеш керек дегенди түшүнөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.