Ага БТА банкты жетектеп турган учурда “ири акча каражатын кымырган” деген айып коюлуп келет. Сегиз жылдан бери тергелип жаткан бул иштин алгачкы соттук отуруму айыпталуучунун өзү жок башталды. Аблязов учурда Францияда экени айтылат.
Чуулгандуу иш боюнча Аблязовдон сырткары БТА банктын мурунку үч менеджерине айып коюлуп жатат. Алар: ошол учурдагы башкаруу төрагасынын орун басары Жаксылык Жаримбетов, насыя берүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Кайрат Садыков, башкаруу бөлүмүнүн мурдагы төрагасы Садуакас Мамеш. Жаримбетов ушул жылы январь айында Түркиядан экстрадицияланып, өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилген. Ал эми Садыков үй камагында, Мамеш күрөөгө бошотулган.
Учурда БТА банктын мурунку үч менеджери жактоочулары менен сотко катышууда. Ишти судья Мартбек Какимжанов карап жатат. Ал эми Мухтар Аблязовго мамлекеттик жактоочу катары Анжелика Ажигулова дайындалды. Алгачкы угуулар райондор аралык сотто өтүп, аны чагылдырууга ондогон журналисттер келишкен. Бирок айыпталуучу тараптын жактоочулары сүрөт-видео тартууга каршы болушту.
Адвокат Анжелика Ажигулова айыпталуучу кылмыш иш менен таанышуу үчүн Аблязовго материалдарды жөнөтүүнү өтүндү. Ага чейин Ажигулова Аблязовдун кайда жүргөнү тууралуу маалыматы жок экенин билдирген. Үч саатка созулган соттук угууда жактоочулар айыпталып жаткан БТА банктын менеджерлерине карата кылмыш ишти кыскартууну өтүнүштү. Алардын жүйөсүндө менеджерлер банк жетекчисинин тапшырмасын гана аткарышкан. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу аларга каршы чыкты.
Сот отурумунан кийин Ажигулова журналисттерге сүйлөп берүүдөн баш тартты. Ал Аблязов менен кантип байланышып жатканын ачыктаган жок.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аблязовду "кылмыштуу топту түзгөн жана жетектеген", "кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдаган", "банктын каражатын мыйзамсыз колдонгон жана кызмат абалынан кыянат пайдаланып мүлктү чыгымга учураткан" деп айыптап келет.
Өткөн айда Казакстандын Коррупцияга каршы күрөш бюросу бозгундагы банкир Аблязовду Астанага тергөөгө эки жолу чакырган. Аблязов чакырууларга жооп берген эмес. Мамлекеттик орган тергөөнүн жыйынтыгы менен Аблязов мамлекетке жети жарым миллиард доллар чыгым келтирген деп айыптоодо.
Казак бийлиги БТА банктан офшордук компаниялар аркылуу жымырылган акчага Аблязов чет өлкөдөн баасы кымбат активдерди сатып алган деп күнөөлөйт. Мухтар Аблязов айыптоолорду четке кагып, куугунтуктун саясий себептери бар экенин билдирип келет. Ал казак бийлигин БТА банкты тартып алган деп айыптайт. 2009-жылы улутташтырылган БТА банк өлкөдөгү бир нече коммерциялык банктарга кошулуп, улам-улам түзүмүн өзгөртүүгө дуушар болду.
Жогорудагыдай айыпталуучу катышпаган чуулгандуу сот иштери Казакстанда алгачкы жолу болуп жаткан жок. Буга чейин 90-жылдары реформачыл премьер-министр аталып, кийин оппозицияга өтүп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон Акежан Кажегелди сыртынан 10 жылга кесилген.
2008-жылы Алматы шаардык соту генерал-майор Рахат Алиевди кылмыштуу топ түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга аракеттенген деп таап, сыртынан 40 жылга абакка кескен. Рахат Алиев өзүнө коюлган айыптоону "ойдон чыгарылган жана саясий өч алууну көздөйт" деп башынан эле четке каккан. Ошол кезде Алиев Астананын Венадагы элчиси болгондуктан мекенине кайткан эмес.
Рахат Алиевге каршы Австриянын прокуратурасы 2011-жылы адам өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган. Алиев 2014-жылы июнда өз эрки менен Австриянын тергөө органдарына келип, ошондон бери абакта болчу. 2007-жылы казакстандык эки банкирди өлтүргөн деп айыпталып жаткан Алиевдин жансыз денеси абакта 2015-жылдын 24-февралында табылган.