"Кавказга чейин чыксак дейбиз". Эне тууралуу тасманын ийгилиги

"Бейиш энеин таманында" тасмасы.

Кыргызстандык кино жаратуучулардын "Бейиш эненин таманында" фильми Казакстанда "Пейіш. Жұмақ ананың табанының астында" деген аталышта прокатка чыгып, эң көп каражат чогулткан тасмага айланды.

Буга чейин аталган фильм Кыргызстандын бардык аймактарындагы кинотеатрларда бир канча сеанс менен көрсөтүлүп, билеттер күн мурунтан сатылган. Жаңы эмгектин коңшу өлкөдөгү кезектеги ийгилиги тууралуу кеп кылабыз.

Кайраттуу эне менен өзгөчө баланын мамилеси аркылуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү да көтөргөн “Бейиш эненин таманында” ("Пейіш. Жұмақ ананың табанының астында") тасмасы Казакстандын кинотеатрларында 21-мартта коюла баштап, алгачкы эки күндө эле 160 миллион, ал эми төрт күн ичинде 454 миллиондон ашык теңге чогулткан. Башкача айтканда бул сумма 1 миллион доллардан бир аз көптүк кылат.

"Бейиш эненин таманында" тасмасынын жаратуучулары бөлүшкөн сүрөт.

Казакстандык адистер тасма казак көрүүчүлөрүн дароо өзүнө тартып алганын кеп кылууда. Алардын айтымында, мындай рекорддук көрсөткүчкө буга чейин Борбор Азиянын кинорежиссерлорунан эч ким жеткен эмес. Нооруз майрамында боордош элге көрсөтүлгөн тасма коммерциялык жактан да аталган өлкөдө Голливуд тасмаларын артка калтырып, тизмеде алдыга чыккан.

Ошол эле маалда казак-кыргыз кино ишмерлери биргелешип, Кыргызстанда тарткан “Өкүм” ("Приговор") тасмасы төрт күн ичинде 153 миллион теңге чогултуп, тизмеде төртүнчү орунга чыкты.

Кыргыз киночуларынын коңшу өлкөлөрдөгү мындай ийгилигин кино жаатында эл аралык деңгээлге чыгуунун алгачкы кадамдары катары баалагандар бар.

Белгилүү казак кинорежиссеру Куаныш Бейсеков тасманы көргөндөн кийин жергиликтүү басылмаларга төмөнкүдөй пикирин билдирип, бардык казак коомчулугун бул тасманы көрүүгө чакырууда:

Куаныш Бейсеков.

“Бүгүн биз “Бейиш эненин таманында” аттуу кинонун бет ачарында болдук. Мен буга чейин да аны көргөн элем. Бирок чоң экран алдынан дагы бир ирет көрүп, күлчү жеринен эл менен кошо күлүп, ыйлачу жеринен ыйлап чыктым. Ошол себептен баарыңыздарга сөзсүз көрүңүздөр деп кеңеш берем. Себеби, кино бизге диний жактан гана сабак бербестен, жалпы адамзат баалуулугун, биздин кишилигибизди айгинелеген жакшылык, мээримдүүлүктү даңазалаган фильм болгон”.

“Бейиш эненин таманында” тасмасынын кыскача мазмунуна келсек, окуя кыргыз айылдарынын биринде жашаган карапайым кыргыз эне менен анын уулунун турмушунан башталат. Тасманын башкы каарманы Адил 35 жашка чыкканы менен акыл-эси тестиер баланындай кала берген, бирок ошол эле маалда бирөөгө чиркейге да жаман ою жок, ишенчээк жана ак жүрөк экенин көрүүгө болот.


Энесинен, кийин мечиттеги имамдан бейиш тууралуу уккан Адилде карыган апасын ажылыкка жөө алып баруу тилеги ойгонот. Бул айылдаштарына күлкү болгону менен бара-бара бала кыялы реалдуу ишке ашат. Окуя ушул учурлардан баштап улам терең өнүгүп, көрүүчүнү эмоционалдуу эпизоддор алга жетелеп отурат. Жүрөгү таза баланын баёолугу менен коштолгон окуялар бирде күлдүрсө, бирде муңайтат. Айтор, алыс жерге жөө-жалаңдап жөнөгөн эне-баланы чоң сыноолор күтөт.

Казакстандык интернет колдонуучулары эне менен баланын ортосундагы улуу сүйүүнү даңазалаган тасманы Алматы, Астана, Чымкент баш болгон калааларда көрүүчүлөр көз жаш менен көрүп чыгып жатканын жазышууда. Ошол эле маалда кино ээлери алгачкы күндөрү эле казакстандык айрым кинотеатрларда да билеттердин калбай калганы тууралуу социалдык тармактарына жазып чыгышты.

"Бейиш эненин таманында" ("Пейіш. Жұмақ ананың табанының астында") тасмасы.

Тасманын режиссеру Руслан Акун кыргыз коомчулугуна буга чейин “Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп”, “Агай”, “Акыркы сабак”, “Мурас” жана башка тасма, сериалдары менен таанылган.

Анын "Апамды издеп" тасмасына тартылган казакстандык актер Муслим Тауекел режиссердун кезектеги эмгегин жогору баалаганын айтты:

Муслим Тауекел.

“Мен Русланды мурдатан эле тааныйм. Ал киши мен үчүн Кыргызстандагы эң алдыңкы режиссер. Андыктан ал тарткан фильмдер жаман болбойт деген ойдомун. Бул “Бейиш эненин таманында” киносу менен да өзүнүн мыкты экенин далилдеди. Бул кино энелерибизди кадырлоого чакырат. Менимче, мындай эмгек жалпы эле биздин кино тармагыбызда болгон эмес. Бардык тасма жаратуучу топко ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы да чыгармачыл ийгиликтерди каалайм”.

Жаңы тасманын жабык көрсөтүлүшү ушул жылдын 29-февралында өтүп, 1-марттан баштап жалпы көрүүчүлөргө тартуулана баштады. Аз убакыт ичинде талкуу жараткан.

Тасманын режиссеру жана башкы каармандары менен тасмасынын ички маани-мазмунуна, көтөргөн темасына байланыштуу кенен пикир бере элек. Тасма жаратуучулар азырынча айта турган кебин ар бир көрүүчүнүн өзүнө калтырууну чечип жатышат.

Анткен менен Руслан Акун тасманын бет ачарында кыргызстандык маалымат каражаттарынын бирине тасманы казак тарап сурап жатканын, алдыда дагы кайсы өлкөлөрдө көрсөтүлгөнүн билдирген:

Руслан Акун.

“Азыр Казакстандан абдан суроо-талаптар болуп жатат. Бизге өздөрү байланышка чыгып, “Орозо учурунда бергиле” деп шаштырып жатышат. Өзбекстандан да өнөктөштөр келип жатат. Алар дагы Өзбекстандан чоң прокат баштап көрөлү дешти. Аталган өлкөгө 11-апрелден баштап чыгаралы деп турабыз. Анан азыр орус тилине да которулуп жатат. Балким, алдыда Орусиянын мусулмандар жыш жашаган өлкөлөрүндө коёбуз. Дагстан, Ингушетия, Чеченстан, Татарстан, Башкырстан жана башка республикаларда көрсөтөбүз деп турабыз”.

Кыргызстандык кинорежиссер Сүйүн Откеев кассалык фильмдер деп кандай тасмалар аталарын, канча каражат топтогон тасмалар бул баалоого кошуларын түшүндүрдү:

Сүйүн Откеев.

“Кассалык фильм деп аты айткандай эле башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк каражат тапкан тасмаларды айтабыз. Көбүнчө бир-эки жума компаниянын жарнамасынын күчү менен эл келет. Анан чындап элге жага турган болсо, кийин "сарафановый реклама" (элдин оозеки бири-бирине сунуштоосу) менен эле кеңири таанымал болот. Мындайча айтканда элдин сүймөнчүк тасмасына айланат. Кыргызстанда орточо эсеп менен жалпы суммасы 300-400 миң доллардан жогору каражат топтосо, анда ал кассалык фильмдин түрүнө кирет. Анан кээ бир кинотеатрларда ошондой түрдөгү тасмаларга ХИТ деген белги берилет”.

Кыргызстанда бир жылда 40-50дөй кино тартылат жана жыл өткөн сайын алардын бюджеттери чоңоюп келе жатат. Кино жаратуучулар автордук укук сакталбаса, чыгымдарды актоо кыйын экенин коңгуроо кылып келишет.

Жакын арада 50дөн ашык кино ишмери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, кинопираттарга каршы чара көрүүнү суранышты. Милиция алдыда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Көркөм тасманы Казакстанда кандай кабыл алышканын видеодон көрө аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эне тууралуу тасма казакстандык көрүүчүлөргө жакты