Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:38

"Окуучулар "тоңкулдак" деп бөлөт". Криминалды туураган өспүрүмдөр


Өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуу тууралуу тартылган "Акыркы сабак" сериалынан кадр.
Өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуу тууралуу тартылган "Акыркы сабак" сериалынан кадр.

Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын убада кылууда.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкарууга, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигурага айланган учурлар белгилүү. Мындай абалда жаштар арасында криминалдык идеология жайылып, ал эмес окуучулар арасындагы да рэкетчилик өскөн.

Сериалга айланган "криминалдык окуя"

2000-жылдары Бишкекте криминалдык идеологияга азгырылып, тагдыры талкалаган өспүрүмдөрдүн окуясын баяндаган “Черный двор” сериалы 2023-жылы жарыкка чыгып, миллиондогон көрүүчүнү өзүнө тартты.

Сериал кыргызстандык белгилүү алып баруучу Ростислав Ященконун башынан өткөн окуянын негизинде тартылган.

Ростислав Ященко.
Ростислав Ященкo.

"Ал кезде кризис учуру болчу. Бир нерсени кайсы бир жактан уурдоо, бирөөлөрдү алдоо сыяктуу аракеттер акча табуунун оңой жолу болгон. Мисалы, мен жашаган үйдө 80-жылдардагы муун криминалга аралашып, түрмөгө түшүп, алардан кийинкилер дагы ошондой болушкан. Анан алардан кийинкилерге өткөн. Мен ал короодон көчүп кеткенден кийин менден кичүү балдар дагы түрмөгө түштү. Менин короомдогудай окуялар бүтүндөй Кыргызстанда көп болгон", - деди Ростислав.

Ященко өспүрүм курагындагы окуяларын көркөм тасмага түшүрүү менен, андагы каармандардын тагдырынан өспүрүмдөр жана ата-энелер дагы сабак алса деп тилек кылат.

Криминалды туу туткан жаштар, мектептеги рэкетчилик

Чынында бул тема бүгүн дагы актуалдуу. Муну мектеп рекэтчилигинин жоюлбай жатканы, соңку учурдагы кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалып жаткан жаштардын саны айгинелеп турат.

Бир жыл мурун мектепти бүтүп кеткен Азамат окуучулар арасындагы рэкетчилик жөнүндө айтып берди:

"Рэкетчилик романтика болуп калган. Мектепте система деп аталат. Ал ар бир айылда бар. Мисалы, биздин Ысык-Көлдө, мен окуган мектепте 9-класс болгондо бизди 10-11 - класстар чогултат. Чоңойдуңар, эми системага кирдиңер деп түшүндүрөт. Аны баары эле түшүнөт. Азыркы "Акыркы сабак" деген сериалда туура көрсөткөн. Акча сурап, кээде сабашат".

Нарындык активист Эсентур Тынымсейит уулу бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен Нарын шаарындагы жаштар арасындагы криминал, мектеп рэкетчилиги жөнүндө изилдөө жүргүзгөн. Ал бири-бирине салык салмай адаты, криминалдык түшүнүктөр айрым жаштар арасындагы кадыресе көрүнүшкө айланганын айтууда.

Эсентур Тынымсейит уулу
Эсентур Тынымсейит уулу

"Рэкетчилик Кыргызстандагы айрым жаштардын арасында көнүмүш адат, идеологияга айланып калган. Бизге укмуштуудай окуяларды айтып беришти. Бирок эч ким милицияга арыз жазбайт. "Жазып койчу, чогуу күрөшөлү" десеңиз дагы көнбөйт. Себеби "эртең мен уят болом, бул жакка баса албайм калам" дешет. Жаштар арасында аны "тоңкулдак" деп бөлүп салышат экен", - деди активист.

Активисттин айтымында, 100дөн ашык студент, окуучулар арасында жүргүзүлгөн анонимдүү сурамжылоодо көпчүлүгү өзү теңдүү же улуу уюшкан балдардын тобунан салык салуу, чоңсунуу сыяктуу зомбулук көргөндөрүн билдирген. Шаардагы 15-25 жаштардагы айрым чоң муштум балдар топтошуп алып, университет, мектептерге барып кадимкидей салык салып, кийимдерин тартып алып же ар кандай жумушка ээрчитип кеткен окуялар бар.

Криминалдык идеология эмнеге кулач жайган?

Мындай көрүнүштөр көбүнесе райондук борборлордо, шаарларда орун алат. Жолдогу жосунсуз жоруктарды ашкерелеп жүргөн блогер Болот Ибрагимов машинесинин терезесин мыйзамсыз караңгылатып, ар кандай курал көтөргөндү өнөр көргөн жаштарды көп кезиктирип жүрөт.

Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

"Криминалдарга окшошкусу келгендерди бардык жерден көрсөк болот. Каракчыны азыр “рэкетир”, киши өлтүргүчтү “киллер” деп атап алышкан. Түшүнүктөр алмашып калды. Коррупция менен күрөшүү жолумда кызмат адамдары криминалдык иерархиянын башында тургандарды айтып коркуткан учурлар болгон", - деди блогер.

Чынында социалдык тармактарда кримтөбөлдөрдүн сүрөтүн же курал менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырып, криминалдык идеологияны чыныгы жигиттин жашоо образы катары көрсөткөн посттор бар. Айрыкча Камчы Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөндөн кийин Тик-Ток сегментинде кримтөбөлдү даңазалаган контент каптады.

Ибрагимов мындай көрүнүштү криминалдык идеологиянын кулач жайганынын күбөсү экенин айтты:

“Чынын айтканда, таң калган жокмун. Көп жылдар бою элдин мээсине башка түшүнүктөр сиңип жатты. Криминал, суктандырган жашоо, сулуу кыздар, машине, бийлик... Мунун баары өз жемишин азыр берип жатат. Коррупциянын жогорку көрсөткүчүнөн улам жаштарга жакшы билим бере албай, тилекке каршы, бул көйгөйгө каршы тура алган жокпуз".

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков буга миграция сыяктуу социалдык көйгөйлөр дагы себеп экенин айтты:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

"Биздин убакта дагы көргөнүбүз "Бригада", анан казактардын "Рэкетир" деген киносу бар эле. Ошолор бизге укмуш көрүнөт болчу. Чыгыш-батыштын бандиттер жөнүндө тасмалары бар болчу. Башында жакшы эле көрүп жатып, "бандитти" атып кетсе ыйлаган күндөр болгон. Бул биринчиси. Экинчиден, уккан нерсебиз дагы ушундай болчу. "Баланча деген криминал бар, анын акчасы көп, баары коркот" экен дегенди укчубуз. Жаш бала аны тез кабыл алат. Кийинтип, тойгузуп, балдарды көчөгө чыгарып койдук, бирок анан балдар коомдон көргөнүн сиңирип жатат", - деди депутат.

Бийликтин криминалга каршы күрөшү

Көлбаев өлтүрүлгөн соңку бир жарым айдан бери аны менен байланышта делген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып жатат. 19-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев крминалдарды даңазалагандар дагы жазага тартыларын эскертти:

"Кылмыштуулукту жоготуп, камап жатканыбызга кээ бирөөлөр нааразы, аларды аягандай болуп жатат. Мындан ары кылмышкерлерди гана эмес, кылмыштуулукту колдогондорду, аларды жогорку деңгээлге алып чыгып, даңазалап жүргөндөрдү да жазалайбыз. Кылмыштуулук түп-тамыры менен жок болушу керек. Биз өзүбүздүн кызматыбыз менен ушуга шарт түзүүгө тийишпиз".

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси болгон деп кармагандардын арасында спортчулар дагы бар. Буга чейин эле коомчулукта спорт менен криминал аралашып, атактуу спортчуларга каралар демөөрчү болуп жүргөнү жаңылык эмес. Жаштар арасында кара күчтү эш туткандардын дагы бир белгиси өлкөдө эрежесиз мушташ спортчулары болуп жатканын айтышат.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы жаштар, окуучулар арасында криминалдын өкүлдөрүн үлгү туткандар бар экенин жашырбайт. Ал Жалал-Абад шаарындагы иш-чарада боксчу Нурдин Рустамбек уулу жана балбан Амантур Исмаиловго батир тапшырып, мындан ары биринчи орунду эмес, байгеге илинген спортчулар дагы сыйланарын айтты.

“Мектеп окуучуларынан ким болосуң деп сурасак, “смотрящий” болом дегенди укканбыз. Эми ал доор артта калды. Цивилдүү мамлекет курууга бет алалы. Мындан ары жаштар, окуучуларды ким болосуң десе “спортчу, чемпион” болом деп, желекти желбиреткен жаштар чыксын деп жатабыз", - деди президент.

Айрым өнүккөн мамлекеттерде дагы кылмыштуулук, криминалдык топтор бар. Бирок ал коомдо, саясатта, бизнесте таасирдүү болуп, жаштар үлгү ала турган фигурага айлана албайт. Жапон мафиясы – якудзалар жөнүндө, алардын таасири боюнча көркөм тасмаларда көрүп жүрөбүз.

Бир топ жыл Жапонияда жашап келген Сейтек Качкынбай эмне үчүн ал өлкөдө якудзалар коомдо чоң ролду ойной албай калганын айтып берди.

"Жапонияда якудзаларга окууга такыр өтпөй калган, иш таба албай, коомдон чыгып калгандар айласыз оокат табайын деп барат. Ал жерде деле аларды чоң жолтандабас, акча күтүп турбайт. Эң оор, кара жумуш кылат. Алар менен адамдар байланышкысы келбейт. Мен жашоомдо 2-3 жолу кезиктирдим. Байкашымча, алар менен эч ким бир үстөлдө отургусу келбейт, аларды мончого дагы киргизбейт. Коомдон оолак жашайт", - деди Качкынбай.

Бул берүүдө сүйлөгөн каармандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү менен бирге, эртең алардын катарын толуктоочу өспүрүмдөрдү, жаштарды идеология арылтуучу учур келгенин белгилейт. Алып баруучу Ростислав Ященко азыркы учурда криминалга ыктагандар азайып, доорго жараша блогер, актёр, ишкер болгусу келген өспүрүмдөр көбөйүп жатканын байкоодо.

"Бардык криминалдык кинолор - америкалык “Бир жолу Америкадан” баштап, биздин “Рэкетир”, “Черный двор”, “Бригада” тасмаларынын соңу бирдей. Бул жашоонун аягы башка болбойт – түрмө же өлүм. Бардык тасмада бул көрсөтүлгөн. Бирок кеп кандай көрсөтүлүп жатканында. Айрымдарында 15 сериасында романтика кылып, акыркы 16-сериасында бул жаман экенин көрсөтүп коёт. Мындай кылган болбойт. “Черный двордо” дароо кесепетин көрсөттүк. Экинчи сериясында эле эмнеге кабыларыңды, сен каалагандай болбой турганын көрсөтөбүз. Кесепети оор болот. Адал акча таап, таза жашаш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Ростислав.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG