Карагур көмүр кенинин чаңынан тажады

Жол-Чырак көмүр кени.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндөгү Карагур айылынын тургундары Жол-Чырак кениндеги көмүр казуу ишине нааразы.

Карагур айылынын тургундары көмүр кенинен чыккан булганыч суу Жол-Чырак көлүнө кошулуп жатканын айтышууда.

Көлдөгү сууну эл таза суу катары колдонот. Ал эми аймактан көмүр казып жаткан ишкерлер айыл эли койгон дооматка макул эмес.

Сөз болуп жаткан Жол-Чырак көмүр кени Карагур айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан. Ал аймакта аталышы окшош “Жол-Чырак” жана “Жол чырак” деген эки ишкана көмүрдү ачык түрүндө казып алат.

Карагур айылынын тургундары

Карагур айылынын тургуну Кошали Капаров ачык казылган кенден көтөрүлгөн көмүрдүн чаңы айыл ичкен өзөндөгү суу кошуларын айтты. Ал көмүр казыла баштагандан тарта тоолуу аймактын жаратылышы бузулганын кошумчалады.

- Бул жерде мурда кекилик, улар сайрайт эле. Айылдын четиндеги тоолорго дүрбү салып кийиктерди көрчү элек. Азыр алардын бири жок. Жол-Чырак жайлоосундагы туурасы 200 метр, узундугу 300 метр көлдүн суусу тунук, көпкөк болуп турчу. Ал көлдүн жээктеп эл жайлачу. Азыр көлдүн ордуна көмүрдүн шлагын көрөсүң. Жаратылыштын бул абалын көрүп өтө нааразы болдум.

Жол чырак кени. Суунун жээгиндеги көмүр калдыктары

Карагур айылынын дагы бир тургуну Калил Багышмаматов буга чейин көмүр казган ишканага булганыч сууну токтотууну айтып кайрылганын, бирок жыйынтык болбогонун билдирди.

- Мен жайында көмүр казып жаткан жайлоого мал алып чыгам. Суунун абалы өтө начар, кара ботко. Көлдөн суу ичип анча-мынча мал-жандык өлүп жатат. Мен кенчилерге “сууну булгаганды токтоткула” деп кайрылдым. Эч кимиси көңүл бурган жок. Азыр кимге кайрыларыбызды билбей калдык.

“Жол чырак” ишканасынын жетекчиси Манас Ыдырысов Карагур айылынын тургундары айтып жаткан сынды четке кагып, көмүр кенинен булганыч суу чыкпай турганын билдирди.

“Жол чырак” жоопкерчилиги чектелген коому 2011-жылы Папан айыл өкмөтүнүн Карагур айылынын Жол-Чырак жайлоосу аркылуу көмүр кенине чейин автоунаа жүрө турган жол салган.

2012-жылдан тарта ачык түрдө көмүр каза баштаган. “Жол чырак” ишканасы ээлик кылган көмүр кенинин аянты 13 гектар, аймак Ош токой чарбасына карайт.

Манас Ыдырысов көмүр казууда бардык техникалык талаптарды эске алганын билдирди.

Манас Ыдырысов

- Эгерде булганыч суу биздин көмүр казган жерден акса, анда изи калат. Аны эч ким тазалай албайт. Биздин көмүрдүн калдыктары сууга кошулган эмес. Ал боюнча бизге айып тагылган жок. Бирок көмүр казууда катачылык бар экен, аны оңдодук. Экотехинспекция айып салды. Аны эми төлөйбүз. Бул өтө эле одоно ката эмес.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын адистери ушул жылдын июнь айынын аягында Жол-Чырак көмүр кенин текшерип, эл ичкен сууга зыян келип жатканын аныкташкан.

Мекеменин башчысынын орун басары Абсатар Исмаилов текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Жол чырак” ишканасына 13 миң сом айып салынганын билдирди. Ошондой эле ишкананы көмүр кенинен чыккан калдыктарды, көмүрдүн майдасын эл суу пайдаланган өзөндөн обочо жерге төгүүнү милдеттендиргенин айтты.

Абсатар Исмаилов

- Көмүр казган жердеги сууну токтотуу үчүн биз токтом кабыл алганбыз. Ал токтомго “Жол чырак” ишканасынын жетекчиси Манас Ыдырысов кол койгон. Биз тараптан коюлган талапты аткаргандыгы тууралуу кийин кат берген. Ал аймактан жаандын суусу, кар эригенде анын суусу да агат. Ага кендеги көмүрдүн майдасы аралашып эл ичкен сууга кошулганы анык. Бул ишти аткарбагандыгы үчүн ишкананын жетекчисине биз Бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде 13 миң сом айып салганбыз. Кошумча дагы кат түрүндө эскертүү бергенбиз.

Карагур айылында беш жүздөн ашуун адам жашайт. Айылга түтүк аркылуу менен таза суу тартылган эмес. Тургундар менен ошол аймактан көмүр казып жаткан “Жол чырак” ишканасы 2019-жылдын февраль айында келишим түзгөн. Анда жазылгандай, кен казган ишкана Карагур айылындагы ар бир кожолукка үч тоннага чейин акысыз көмүр жеткирип берген. “Жол чырак” ишканасы учурда күн сайын 600дөн 800 тоннага чейин көмүр казат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​