Айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, 28 ишкана көмүр казууга лицензия алган.
Ушул тапта Миң-Куш айылында жети көмүр өндүрүүчү жеке компания иштеп жатат.
Көмүр тилкелеринен чыккан оор жүк ташуучу техникалар өткөн сайын айылды чаң каптап жатканын жергиликтүү эл буга чейин эле айтып келген.
Жакында дагы отузга жакын компания көмүр казууга өкмөттөн лицензия алыптыр деген кепти эшиткенден бери миңкуштуктар айылдын келечегине кабатыр.
Айыл тургуну Адис Жапаров лицензияны оңду-солду тараткан өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин жетекчилерине капа болду:
- Жаратылыш талкаланды, кийинки муунга эмне калат? Ушул суроону эч ким ойлонгон жок. Бул көмүр казган компаниялар убактылуу пайда бериши мүмкүн, бирок келечекке зыянынан башка пайдасы жок. Алар "эстеликке" омурулган тоолор менен электей тешилген жерди таштап кетет. Кен чыккан жерден сөзсүз түрдө бир уулуу зат дагы чыгат экен. Анан калса күмбөздүн үстүнөн, турак үйлөрдүн так эле түбүнөн кен казууга уруксат берип коюшат экен. Көзөмөлдүн жоктугу даана байкалып жатпайбы. Көмүр элдин байлыгы болгондон кийин мамлекет аны өзү эле өндүрсө болбойт беле?
Миңкуштуктар учурда айылда иш алып барып жаткан көмүр өндүрүүчү компаниялардын ишине да нааразы. Алар социалдык пакетти толук төлөбөйт, эрежелерди сактабай табиятты булгап жатышат деген пикирде.
Бирок аталган айылда иш жүргүзгөн “Нарктоо” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Сүйөркул Усубалиев элдин дооматына макул эмес:
- Ноорузду өткөрүүгө 130 миң сом бердик. Мындан сырткары Миң-Куштагы кары-картаңдарга эки-үч тоннадан көмүрдү жыл сайын берип турабыз. Жумгал районунун Көк-Ой жана Жумгал айылына элүү тонна көмүр беребиз. Жыл сайын 100 миң сомду акимдин фондуна которуп турабыз. Мындан башка дагы кандай социалдык пакетти төлөшүбүз керек?
Нарын облусунда кен иштетүү, чалгындоо жана издөөгө 187 лицензия берилген. Бирок учурда алардын бардыгы эле иштей бербейт.
Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Беккелдиев ушул жылдын башында кен казууга лицензия алган компаниялар менен чогулуш өткөргөнүн, бирок жыйынга 200гө жакын компаниянын кыркка жетпеген өкүлдөрү келгенин айтты.
Беккелдиев ошол эле учурда аталган компаниялар менен бирдикте өкүлчүлүк чогуу иштешүүгө аракет кылып жатканын белгиледи:
- Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине кайрылып, "Нарын облусунун аймагында тоо кен тармагына лицензия алган уюмдарды чакырып бергиле" деп сурангабыз. Бирок жыйынга баары толук катышкан жок. Ага карабастан жыйындарды жер-жерлерде уюштуруп турабыз. Ушул жылдын август, сентябрь айына карата 51 компания кен казуу үчүн лицензия алган. Ушул тапта анын 21и иш жүргүзөт.
Нарын шаарынын тургуну, көп жыл бою экология тармагында эмгектенген Рудбек Абдраев кен казууга уруксат берген өкмөт өкүлдөрүн сынга алды.
Абдраев өкмөт өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн инвестор тартканы менен экология маселесин көңүл сыртында калтырып жатат деген пикирде:
- Мамлекеттин саясатын колдошубуз керек. Себеби, мамлекет "инвестор тарталы, тышкы карыздан кутулушубуз керек" деп жатат. Бирок экология тууралуу сөз жок. Кен казган компанияларды мамлекет бир аз тизгиндеп койсо жакшы болмок. Эгер мыйзам бузса, лицензиясын кайтарып алууга чейин барышы керек. Тилекке каршы азыр андай эмес.
Өткөн жылы Миң-Куштагы көмүр кенинен жагымсыз жыт чыгып жатат деген жергиликтүүлөр компаниялар ишин токтотсун деген талап менен жолду буушкан.
Нааразы тарапка бийлик өкүлдөрү келип, маселени чечүүгө кабелтең убада бергенден кийин акцияга чыккандар тарап кеткен. Бирок айылдын эли андан бери канааттандырарлык жооп албаганын белгилешти.
Учурда Нарын облусунун аймагында кен иштетүүгө уруксат алган компаниялардын басымдуусу көмүр өндүрөт.
"Азаттыктын" архиви: Миңкуштуктар көмүр казган компанияларга нааразы. 7-декабрь, 2017-жыл.