АКШ: Вице-президент Харристин саясаттагы жолу

Камала Харрис 2019-жылы кичи мекени - Калифорния штатынын Окленд шаарынан вице-президенттикке талапкер катары ат салышкан.

Харрис 59 жашта. 

Харристин атасы ямайкалык, апасы Индиядан. Жыл башында ал  Instagram баракчасына минтип пост жазган: 

"Апам, доктор Шямала Гопаландын жашоодогу эки максаты бар болчу: эмчек рагын айыктыруу жана эжем экөөбүздү чоңойтуу. Мен аны күн сайын сагынам, ар дайым оюмда. Анын кызы экениме сыймыктанам. Бактылуумун. Энелер күнү кут болсун!". 

2011-жылдын 17-февралы. АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама (ортодо) Калифорниянын вице-губернатору Гэвин Ньюсом (солдон экинчи) жана Сан-Франциско шаарынын мэри, Калифорниянын башкы прокурору Эдвин Ли (оңдо) менен.

Харрис карьерасын Сан-Францисконун округдук прокурору болуп иштөөдөн баштаган. Бул кызматты 2004-жылдан 2011-жылга чейин аткарып, Калифорниянын башкы прокурору болуп дайындалган.
 

Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда (2011–2017) Харрис сот тармагын реформалоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана никедеги тең укуктуулукка көңүл бөлгөн. 

Харрис 2012-жылдын 5-сентябрында Түндүк Каролина штатынын Шарлотта шаарында өткөн Демократиялык партиянын улуттук конгрессинде сүйлөгөндөн кийин башкы прокурор катары атагы чыккан. Анын спикер болуп шайланышы партиянын ичиндеги таасири өсүп жатканын айгинелеген. 

2013-жылдын 30-июну, Сан-Франциско. Харрис парад учурунда. 

Ал ЛГБТнын ачык жактоочусу. 2008-жылы АКШнын Жогорку сотунан бир жыныстуулардын никесине тыюу салган чечимди жокко чыгарууну талап кылган. Анын аракети менен 2013-жылы Жогорку сот бул багытта аппеляциялык даттанууну четке каккан. Бул иш жүзүндө Калифорнияда бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу болуп калган.  

2014-жылдын октябры. Лос-Анжелестеги окгругдук соттогу атайын программанын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу. Харрис ал кезде башкы прокурор болчу. 

Харрис Сенаттагы угууларда курч суроолору менен белгилүү болгон. Калифорниядан (2017-2021) сенатор, ошол кездеги президент Доналд Трамптын сунушу менен Жогорку сотко талапкерлигин койгон Бретт Каваного суроо берип жатат.

Харрис жана сенатор Кори Букер Сенаттын Укук комитетиндеги угуулар учурунда. 16-июнь, 2020-жыл.  Ошол мезгилде ал Жорж Флойддун өлтүрүлүшү жана полициянын ырайымсыздыгына каршы улуттук нааразылык акцияларынан кийин укук коргоо органдарын реформалоо керектигин айтып келген. 

Харрис Байден менен Милуокиде. Висконсин штаты, 20-август, 2020-жыл. Алар бул күнү АКШнын вице-президенти жана президенти кызматына өздөрүнүн партиясынын талапкер болгон. 

Харрис Байден менен 2020-жылдын августунда Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарындагы Алексис Дюпон орто мектебинде өткөн үгүт иш-чарасында.

Мумбай, Индия, 2020-жылдын 8-ноябрында Байден менен Харрис шайлангандан кийин жол боюна коюлган плакаттар.  

Харрис теги азиялык, афроамерикалык алгачкы вице-президент. 

Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти катары ант берүүдө. Күйөөсү Дуг Эмхофф Библияны кармап турат. Байдендин АКШнын 46-президенти жана Харристин вице-президенттик кызматка киришүү алдындагы инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында Вашингтондогу Капитолий имаратынын алдында өткөн.

Харрис (солдо) жана АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелоси 2022-жылдын 21-декабрында Конгресстин биргелешкен жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский Бахмуттан алып келген украин желегин кармап турушат.


 

2024-жылдын 7-марты. Капитолий.  Байден Конгресстин биргелешкен сессиясында сүйлөгөн учурда артта кол чаап турат. 

Камала Харрис Байден Түндүк Каролинада сүйлөгөндөн кийин аны кучактап турат. 26-март, 2024-жыл. Байден менен Трамптын теледебатынан кийин Харристин ысымы саясатта көп атала баштады. 

Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.