Журналисттерди болоттой курчуткан жылды көрдүк

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Бакыт Төрөгелди уулу 9-октябрда өткөн митингди чагылдыруу учурунда.

2020-жыл «Азаттык» радиосу үчүн да оңойго турган жок. Дүйнөнүн үшүн алган пандемия жана анын айынан болгон жоготуулар, элдик толкундоо, кайгы-кубанычтар кеңседеги ар бир кызматкерибиздин жүрөгү аркылуу өтүп турду.

Анткен менен бул окуялар «Азаттыктын» чыгармачылык жамааты үчүн жаңы тажрыйба топтоого, изденүүгө, жаңы долбоорлорду ачып, жаңы дем менен иштөөгө түрттү. Алдыдагы түрмөктө жамааттын бир жыл ичиндеги иши тууралуу отчет бермекчибиз.

Карантин шартындагы иш

Өткөн жылдын башында алгач Кытайдын Ухань шаарында катталып, дүйнөгө тездик менен тарап кеткен COVID-19 илдети жазга маал Кыргызстанга да жетти.

Адеп үч кишиден чыккан вирус кийин көбүрөөк адамдан табылып, кыргыз өкмөтүн карантин чараларын кабыл алууга мажбур кылды. Мунун айынан кыргызстандыктар, анын ичинде «Азаттык» радиосунун кызматкерлери үй шартында, аралыктан иштөөгө аргасыз болду.

Ошого карабай кабарчылар кыйын кезеңде жүк көтөргөн медиктердин, онлайн сабак окутуп кыйналган мугалимдердин, иши аксаган ишкерлердин, күндүр-түндүр үй бетин көрбөгөн милиция кызматкерлеринин көйгөйүн жазды.

Үйдө камалып, тамак-ашка жетпей өксүгөн калктын cуранычын "Эл үнү" аттуу рубрика аркылуу чагылдырып турду.

Коронавирус катталган алгачкы жумада эле "Азаттыктын" веб-командасы атайын микросайт ачып, ага илдетке байланыштуу бардык маалыматтарды, оорудан сактануу тууралуу кеп-кеңештерди жайгаштырып турду.

Карантин мөөнөтү аяктап, тумоо каптаган маалда да кабарчыларыбыз тыным алган жок. Алар эл батпаган ооруканаларды, “кызыл зоналарды” кыдырып, бейтаптардын өмүрүн сактайм деп ажал менен алышкан дарыгерлерден кабар алып, апаатта жакынын жоготкондордун арыз-арманын угуп жатты.

Ошол катаал күндөрдө тартылган видеолордун көбү тарыхтын күбөсү болуп архивде сакталып калды. Айрымдары төмөндө:

Коронавирус күчөгөн июль айы кыргыз тарыхында кара так бойдон калары шексиз. Илдет баш-аягы 1300дөн ашуун мекендешти арабыздан алып кетти. «Азаттык» радиосу бул маркумдардын ысымын өчүрбөй, эстеп жүрүү үчүн «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме түздү. Тилекке каршы, ал тизме ушул күндө да толукталууда.

Коронавирустан үзүлгөн өмүрлөр. 30-август, 2020-жыл.

“Азаттык” пандемияда жакындарын жоготкондордун үнүн тыңдап, эмне үчүн массалык түрдө адам өмүрү кыйылганынын себебин өз алдынча иликтегенге бир нече жолу аракет кылды.

COVID-19: Өлүм үчүн ким жооптуу? 3-сентябрь, 2020-жыл


Мындан тышкары коронавирус пандемиясы элдин жашоосун кандай өзгөрткөнү тууралуу “Азаттык” 2020-жылдын 1-июнунан 1-октябрына чейин подкаст сынак жарыялады. Ага 60ка жакын эмгек келип түштү.

Калыстар тобу бул сынакта 12 катышуучунун эмгегин мыкты деп тапты. Алардын 40ына заманбап үлгүдөгү смартфондор, турмуш-тиричилик буюмдары жана китептер белекке берилди.

Андан тышкары, дагы жети катышуучу кызыктуу баяндарды жөнөткөнү үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу деп табылды.

Подкаст сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 6-ноябрда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде өттү.

Катышуучулар пандемиянын өз жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышкан. Алардын эң жашы 12де, улуусу 80 жашта.

Сынакка катышкан баяндарды бул жерден уксаңыз болот. Ал эми жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурун төмөнкү видеодон көрүңүз.

Кесиптештер, биз барда унутулбайт

Өкүнүү менен айта кетүү керек, жалпы эл башына келген мүшкүл «Азаттыктын» жамаатын да кыйгап өткөн жок. Бул оор күндөрү катарыбыз суюлуп, кыргыз журналистикасында чыйыр салган айтылуу диктор Бүбүкан Досалиева менен акын Зайырбек Ажыматовдон айрылдык.

Кыргызды сүйүп өткөн АКЫН

Карантин чаралары сакталып турган апрель айынын 29унда «Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Акын «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан. Ушул жылдар аралыгында ал жалпы эле радионун архивин эмес, кыргыздын руханий казынасын байыткан макалаларды, аудио жана видео баяндарды жасап кетти.

Зайырбек Ажыматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы аны таанып-билгендер гана эмес, сөз баккан кыргыз журтчулугунун кабыргасын кайыштырды.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Дагы караңыз

Акын Ажыматовдун кичинекей күйөрманы«Улуу күндү карап жатам көктөгү...»Сен кеткенде шолоктоп асман ыйлады... Кош, АКЫН...Ак куржун толо ыр калды...«Зайырбек Элмирбек досунун артынан кетти»Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот?

Зайырбек Ажыматов 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон. Артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Жылажын үндүү жылдыз учту

Кыргыз тарыхында мындан ары "кара июль" деген ат менен кала турган айда кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана «Азаттык» үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады.

5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

1995––2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматынын «Азаттык Медиа» мекемесиндеги кабарчысы, мултимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди. «Азаттыктын» сыналгы берүүлөрүнүн далай ийгиликтери анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Б.Досалиеванын Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө, кыргыз маданиятына кошкон зор салымы жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамын (2005) алган эле. Ал Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги (1994) болгон.

Дагы караңыз

Эркин микрофонду эңсеп жашаган Бүбүкан«Бүбүкан - кыргыз журналистикасынын чолпону эле...»Бүбүкан, эмнеге, кайда шаштың?..Жылаажын аваз жылдыз учту... Бүбүкан Досалиеваны замандаштары эскеришетБүбүкан: Жылдыз өчпөйт, жылдыз өлбөйт...

Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине арналган аудиобаян.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2020: «Азаттык» жоготкон чыгаандар

Уланбексиз белгиленген 30 жаш

«Азаттыктын» дагы бир чыгаан журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо 2020-жылдын 12-февралында 30 жашка чыкмак.

Уланбек кыргыз журналистикасында иликтөө жанрынын тамыр жайышына чоң салым кошкону баарыбызга маалым.

Мындан улам ал каза тапкан 2018-жылы 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришкен эле. Уюм Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль - анын туулган күнүнө карата жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген.

Уланбек Эгизбаевдин кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан («В поисках истины», «Чындык деп жанган өмүр») китеби «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.

Дагы караңыз

Сапаргүл: Уландын туусун Белек көтөрөтУланбек салган жолду улантууга эрк керекАйтматов сыйлыгы Уланбек Эгизбаевге берилдиДастанга айланган УланбекЖүрөктөрдө жашап калган ак жарык

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

«Азаттык» коррупцияга каршы

Эгемендик жылдарынан бери кыргыз коомун жемкорлук чырмап алганы, анын кесепети экономикага, билим берүүгө, медицинага терс таасирин тийгизип, мамлекетти артка тартып, миграция агымын күчөткөнү белгилүү.

«Азаттык» радиосу соңку жылдары бул илдет менен күрөшкө салым кошуу үчүн ар кандай сынактарды уюштуруп, иликтөө жасап келет.

Жыл башында, тагыраагы 24-февралда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөн.

«Азаттык» радиосу бул сынакты 2019-жылдын сентябрында баштап, 1-декабрында жыйынтыктаган. Бул аралыкта “Азаттыктын” кат куржунуна жемкордукту жок кылуу боюнча сунуштарды камтыган орус жана кыргыз тилдеринде алтымыштан ашык материал түшүп, алардын басымдуу бөлүгү сынактын талаптарына шайкештиги бар деген негиз сайтка жарыяланган.

Коррупцияга калемин каршы койгондор сыйланды

Матраимовдун байлыгы

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге 2020-жылы да бир катар резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрүн улантты.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги, «Bellingcat» уюму бирге жасаган бир нече иликтөөлөр Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеп, жетекчинин орун басарынын кызматына чейин жеткен Райымбек Матраимов бажыдагы көз боёмочулуктарга кантип көмүскөдөн жол ачып турганын көрсөтөт.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

Матраимов фондунун бети ачылган донорлору (иликтөө) 29-июнь, 2020-жыл

Саймаитинин өлүмү: Киллерди ким жалдаган? 11-ноябрь, 2020-жыл

Аманданын "ажайып" дүйнөсү. 12-декабрь, 2020-жыл

Матраимов жана анын жакындары иликтөөдө айтылгандын баары куру доомат экенин кайталап келатышат.

Бирок 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду 2 миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин журналисттерге берген маалыматы боюнча, «Раим миллион» деген ылакап ат менен белгилүү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды кайтарып берген. Ал 1 млрд. 400 млн. сомду акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөгөн.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов кармалдыМатраимов 2 млрд сом төлөп кутулабы?Райымбек Матраимов камакка алынган жокМатраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?Акчасын өндүрүп, айыпкерин жашырган күрөш

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан.

Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

Көп өтпөй 10-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизгени маалым болгон.

Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү болгон «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз АКШнын «кара тизмеси», кыргыз коомунун реакциясы

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат.

Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Матраимовдордун доо арызы боюнча сот создукту

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча иш 11-декабрда каралбай, 15-январга жылдырылды.

12-ноябрдагы сот жараяны да Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлү келбей калганы үчүн жылып кеткен. Али Токтакунов сот иштеринин улам жылдырылышы Матраимовдордун кызыкчылыгына байланыштуу деген пикирде.

Дагы караңыз Матраимовдордун доо арызы боюнча сот создукту

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпысынан 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

«Азаттык» дайыма эл менен

“Азаттыктын” кабарчылары жыл бою, айрыкча октябрь айында болгон парламенттик шайлоонун жүрүшү, анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өңдүү бир катар саясий иш-чараларды бардык аймактардан түз эфирде чагылдырып турушту.

Митингчилер Ак үйгө кирип барды. 5-октябрь, 2020-жыл

Октябрдагы шайлоо жана андан кийинки бийлик алмашкан учурдагы митингдерди түз чагылдыруу учурунда «Азаттыктын» кабарчыларынын дарегине коркутуулар болуп, кол салган учурлар да катталды.

Таласта «Азаттыктын» кабарчысына кол салуу болду. 4-октябрь, 2020-жыл

6-октябрда "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Дастан Үмөтбай уулун аянттагы митингди чагылдыруу учурунда белгисиз бирөөлөр чаап жиберген.

Дагы караңыз Ошто "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду (видео)

9-октябрда «Азаттык» радиосунун кабарчысы өкмөт үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып жатканда митингчилер тарабынан түз эфирде коркутууга, кол салууга туш болду. Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митингди чагылдырып аткан учурда белгисиз адамдар «Азаттыктын» кабарчысына келип: «Биз «Азаттыктын» кеңсесине барабыз. Бул жерден кетип кал!», - деп коркутушкан.

Дагы караңыз «Азаттык» радиосунун кабарчысына түз эфирде коркутуу болду

«Азаттыктын» жана башка маалымат каражаттарынын соңку айларда ачык коркутууга жана онлайн чабуулдарга кабылышын медиа коомчулук сөз эркиндигине каршы аракет катары баалап, бир нече жолу билдирүү таратты.

Алар «мындай иш-аракеттер өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократиянын өзөгүнө доо кетире турганы» белгилешүүдө.

Дагы караңыз "Азаттык": Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турду

«Азаттыктын» каармандары

«Азаттыктын» кабарчылары жыл ичинде мурдагыдай эле аймактарды кыдырды. Элеттин жана калаанын тургундарынын турмушун чагылдырып, айрымдарынын жашоосунун өзгөрүшүнө, көйгөйүнүн чечилишине жардам берди.

100 таасирдүү айымдын бири Гүлназ

BBC дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди. Ал өкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн тизмеге кошулган.

Тубаса көзү азиз активист өзүнүн аракети менен мектепти, жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүп, Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алган. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн кыдырган. “Азаттыктын” бул тасмасы 2019-жылы тартылган.

Бекзат Германияда билим алат

“Азаттыктын” дагы бир каарманы, Москвада курьер болуп иштеген Бекзатты ишкерлер Германияга окууга жибермей болду. Бир жыл мурун Орусияда жүргөн мигрант азыр немис тилин үйрөнүп жатат. 24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу былтыр орусиялык блогерлердин видеосунан кийин Интернетте белгилүү болгон.

Бермет АКШдагы ата-энесине барат

Ал эми 16 жаштагы Бермет америкалык ата-энеси менен чогуу болууга уруксат алды. Аны асырап алган АКШ жараны Келли Мурдун үй-бүлөсү 4,5 жыл дегенде соттон утуп чыкты. Сүрөт тартууга шыктуу Бермет буга чейин Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жашачу. Келли Мурдун үй-бүлөсү кызды өз бүлөсүнө алуу үчүн үч жолу сотко кайрылган. Акыры 8-декабрда Кыргызстандын Жогорку соту алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Фельдшер эне үйлүү болду

Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы конуштагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү быйыл жай айында пневмония жугуп, каза болгон. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз болгону тууралуу видео "Настоящее время" каналына чыккан эле.

Дагы караңыз

Төрт балалуу фельдшер жылуу үйдү эңсейт

Жакында эле төрт баланын энеси жаңы үйгө көчүп кирди. «Ильшат» коомдук фондунун координатору Азиз Исмагамбетов фельдшер Толкун Рахматова тууралуу видеону көргөндөн кийин ага үй куруп берүүнү чечишкенин айтат.

«Азаттык» барган айылга мектеп курулмай болду

Окуучулар мугалимдин үйүндө билим алып жаткан Жумгалдын Кең-Суу айылына мектеп курулмай болду. 28-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ушундай убада бергенин «Азаттыкка» ишкер, активист Нурсултан Кубанов билдирди:

«Агай менен жолуктук. Салынбай турган мектептин курулушу бүтө турган болду. Мектеп техникалык жактан толук жабдылат. Балдарга компьютер сатылып алынат», - деди Нурсултан Кубанов.

21-декабрда «Азаттыктын» «Данисте» телеберүүсүндө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кең-Суу айылы тууралуу баяндалган. Анда айылда үйүн мектепке айлантып, балдарды окуткан мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө көрсөтүлгөн.

Бул айылда электр жарыгы, оорукана да жок. Айыл эли өз аракети менен салып жаткан мектептин курулушу бүтпөй калган.

17 түтүн жашаган Кең-Суу айылы Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүнө карайт.

Өкмөт «Азаттыктын» каарманына акчалай жардам берди

Кыргыз өкмөтү Бишкек шаарынын тургуну, үчүнчү топтогу майып Нургүл Чыдыевага 50 миң сом, жаңы жылга карата балдарына белек тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Чыдыева өзү билдирди. Анын айтымында, «Азаттыктын» сюжетинен кийин акча которгондор көп болгон.

Эки баланын энеси ушул тапта ишсиз үйүндө отурат. Былтыр ал күнү-түнү иштеп, топтогон акчасына бир бутуна операция жасаткан. Быйыл пандемиядан улам пландалган экинчи операциясы, дарылануусу болбой калган. Ал балдак менен басат, оор көтөрө албайт. Нургүл Чыдыева эки баласы жана жолдошу менен Бишкектин четиндеги конуштардын биринде батирде жашайт.

Баласын жалгыз баккан ата

Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну Нурлан Жоробеков он беш жыл мурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборун ачкан. Буга Нурландын майып уулун жалгыз тарбиялап, анын жана ал сыяктуу балдардын жашоосун жеңилдетүү максаты себеп болгон. «Азаттыктын» бул сюжети чыккандан кийин кайрымдуу адамдар 100 миң сом чогултуп беришкенин, машыгуу залына шайман жана килемче тартуулашканын каарманыбыз өзү кабарлады.

Айке сүрөт тартканды үйрөнөт

"Азаттыктын" сайтына кызына жомоктогудай чакан карета жасап, аны велосипедге чиркештирип алып, мектепке ташыган Максатбек Абдишев тууралуу видео чыккан.

Төрт кыздын атасы Максат кыздарды тарбиялоодо атанын ролу жогору болушу керек деп айткан. Бул видео социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.

Биз кечээ байланышканда Максатбек Абдишев кызы Айкени Францияда окуп келген дизайнер кыз сүрөт өнөрүнө окутуп жатканын сүйүнчүлөдү.

Дагы бир жакшы жаңылык “Азаттыктын” материалынан кийин Ысык-Көл райондук ооруканасы 22 млн. сомго оңдолуп, 7 млн. сомго медицина жабдыктары алынды.

Чолпон-Атадагы ремонттолгон оорукананын коридору.

Жайында вирус күчөп турган мезгилде Чолпон-Атадагы оорукана мыкты реаниматологунан айрылып калды. Бул учурда ооруканада бош орундардын жетишсиздигинен улам жергиликтүү бийлик оорукананын короосуна чатыр тиккен.

Дагы караңыз «Азаттык» элдин үнүн чагылдыра берет

«Азаттыктын» эл ичиндеги каармандарын чагылдырган кабарчылары менен аудио маекти сунуштайбыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттык" эл кыдырып, жаратмандарды алып чыкты

«Азаттык» ыктыярчылар менен бирге

Коронавирус пандемиясынан улам кирген катаал карантин шартында эл ичинен чыккан ыктыярчылар далай адамдын сообуна калды. Алар ачка отурган үй-бүлөлөр үчүн тамак-аш, ооруп аткандар үчүн дары-дармек ташыды. Ооруканада орун таппай кыйналгандар үчүн стационар ачышты.

Ажалга арачы болгон ыктыярчылар. 16-июль, 2020-жыл

Октябрь айындагы шайлоодон кийин чыккан ыктыярчылар толкундоодо шаарды талап-тоноодон сактап турушту. «Азаттык» эл ичинен чыккан мындай баатырлардын, жарандык коомдун эмгегин баалайт жана алардын ак дилден кылган ишин чагылдыргандан баш тартпайт.

Элдик кошуун элди коргойт. 9-октябрь, 2020-жыл

Кыйын күндө эл жүгүн көтөргөн уул-кыздар. 31-январь, 2020-жыл

«Азаттыктын» кабарчылары багындырган ийгиликтер

Мигранттар үнү

«Азаттык» бир канча жылдан бери дүйнөнүн төрт бурчунда жүргөн мекендештердин жашоосу тууралуу чагылдырып келет.

2020-жылдын башында «Азаттыктын» Москвадагы кабарчысы Лазат Жаныбек кызы жана Улан Асаналиев Кыргызстандан ар кандай ортомчу агенттиктеринин убадаларына жетеленип Орусияга ишке барып, эмгек акыларын ала албай калган мигранттар тууралуу берүү тарткан.

"Ортомчулардын оюнчугуна айланган мигранттар" телеберүү "Эркин Европа/Азаттык Үналгысы" медиасынын 23 кызматынын арасындагы сынакта "Февраль айынан мыкты журналисттик иликтөөсү" деп таанылган.

Ортомчулардын оюнчугуна айланган мигранттар

«Азаттык» менен өнөктөштөрдүн иликтөөсү эл аралык абройлуу сыйлыкты жеңди

«Азаттык» (RFE/RL), OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөө апрель айында эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.

Аталган иликтөө бир үй-бүлөгө таандык жүк ташуучу компаниянын Борбор Азиядагы көмүскө ишмердиги, кыргыз аткаминерлери менен байланышы, теги күмөндүү 100 миллиондогон долларды Кыргызстан аркылуу адалдап кеткени тууралуу.

Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо

Том Реннер сыйлыгы кылмыштуулуктун жана уюшма кылмыштуулуктун бетин ачкан журналисттик материал үчүн эл аралык «Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму тарабынан ыйгарылып келет.

Мындан тышкары жеңүүчүлөрдүн катарында «Вашингтон пост» гезитинин Ооганстандагы согуш тарыхы жөнүндө, «Нью-Йорк таймс» гезитинин Сирияда бомбаланган ооруканалар тууралуу, HBO телеканалынын спорттук иликтөөсү жана башка редакциялар бар.

Жалпысынан 17 категорияга дүйнөнүн чар тарабынан 450дөн ашуун материал ат салышкан.

Сентябрдын мыкты иликтөөсү

«Азаттыктын» кабарчысы Айбек Бийбосунов менен оператор Айбек Кулчуманов тартып даярдаган “Добуш үчүн акча сунуштаган партиялар” аталышындагы материал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда сентябрь айында даярдалган “иликтөөлөрдүн мыктысы” деп тандалды.

Аталган иликтөөдө шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатканы, бул үчүн алар элдин паспорт көчүрмөсүн чогултуп, акча да сунушташканы баяндалган.

Паспорт чогултуу, элдин добушун сатып алуу аракеттери тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүн дагы бир жолу назарыңыздарга сунуштайбыз.

«Азаттыктын» кабарчысы сынактын жеңүүчүсү болду

Жыл башында «Азаттык» радиосунун Жалал-Абаддагы мурдагы аймактык кабарчысы Руслан Калматов жарандарга мамлекет тарабынан кепилдик берген юридикалык жардамды өнүктүрүү жаатында сыйлыктын жеңүүчүсү болгон. Сынакты «Адам, укук, эркиндик» коомдук фонду уюштурган.

Уюштуруучулар белгилегендей, сынактын максаты - Кыргызстандын элин «Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тууралуу» мыйзам менен тааныштыруу, адилеттик менен акыйкатка жол ачуу болуп саналат.

Сынак ТВ, радио, басылмалар, онлайн медиа жана блогерлер арасында жүргөн.

«Азаттыктын» кабарчысы «Умма» журналынын сынагында жеңди

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Санжар Эралиев «Умма» ислам журналы мусулман аялдардын укугуна арнап уюштурган сынакта беш мыкты журналисттин бири деп табылган.

Атайын статуэтка 1-февралда Бишкекте салтанаттуу иш-чарада тапшырылган.

«Азаттыктын» журналисттери шайлоо боюнча акыл таймашта жеңүүчү болушту

«Азаттык» радиосунун журналисттери 24-декабрда шайлоо темасына арналган «Quiz Night» интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) USAID эл аралык уюму менен бирге уюштурган акыл таймашы Бишкекте өттү.

"Азаттык" радиосунун командасы “Quiz Night” оюнунда. 2020-жылдын 24-декабры.

Ага Кыргызстандын медиа-коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 12 команда катышып, Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги шайлоо укуктары, шайлоо процесстери, шайлоолордун тарыхы, аялдардын шайлоо укугу тууралуу суроолорго жооп беришкен.

Жеңүүчүлөргө белектерди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырган.

COVID-19: "Азаттыктын" кабарчысы Бишкек мэриясынын алкышына татыды

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева коронавируска каршы күрөш учурунда элге көрсөткөн колдоосу үчүн Бишкек шаардык мэриясынын алкышына татыды. 30-декабрда шаар башкармалыгында өткөн жыйында ага мэриянын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Катта “COVID-19 пандемиясы учурунда активдүү жарандык позициясы жана шаардыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн” деп жазылды.

"Азаттыктын" кабарчысы Бактыгүл Чыныбаевага мэриянын Ыраазычылык катын тапшыруу учуру. 2020-жылдын 30-декабры.

Ыраазычылык каттары бир катар башка журналисттерге жана активисттерге да тапшырылды.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы 1,5 миңдей адамдын өмүрүн алды. Абал өзгөчө Бишкек шаарында оор болду.

"Азаттык" радиосу оору курчуп турган учурда чектөөлөргө карабастан угарман-окурмандарына ар тараптуу жана толук маалымат берип турууга аракет кылды.

Бактыгүл Чыныбаева “Азаттык” радиосунда “Сергек жашоо” түрмөгүнүн автору жана алып баруучусу. Ал коронавирус боюнча дүйнөдөгү жана өлкөдөгү абал, оорунун кесепети, андан коргонуу чаралары тууралуу материалдарды даярдап, социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып, кеп-кеңештерди берип келди.

"Азаттык" социалдык тармактарда

2020-жылы биздин кабарчылар тарткан бир катар видеолор социалдык тармактарда эң көп көрүлдү. Айрымдары "Азаттыктын" орус редакциясы аркылуу КМШ аймагындагы көрүүчүлөргө да жетип, алар азыркы кыргыз коомунун өкүлдөрүнүн жашоо-шарты, ой максаты, ниети менен тааныша алды.

«Азаттыктын» деми өчпөйт, изденүүсү токтобойт

2020-жылы «Азаттыктын» жаңы подкаст долбоорлору ишке кирди. Биздин угармандар аларды Apple Podcast, Google Podcast жана Spotify подкаст платформаларына чыгара баштады. Эми аудио жаңылыктарды, талкууларды, архивде сакталган балдар үчүн жомокторду, кызыктуу маектерди сайтыбыздан гана эмес жогоруда аталган платформалардан уга аласыздар.

Азыркы кыргызстандык

Азыркы кыргызстандык ким? Бир канча тил, технологияны билген кыз-жигитпи? Жакшы жашоо издеп кеткен мигрантпы? Өз мекени үчүн кайдыгер эмес замандашпы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борченов: "61 кет" дегениме өкүнөм

Аялзат

"Азаттык" радиосунун кыз-келиндердин турмушуна, алардын укуктарына арналган жана зомбулукка каршы подкаст каналы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Назира Айтбекова: коомдун тепкиси мени сындырган

АЧЫК TIME

"Азаттык" радиосунун коомдук, социалдык, маданий темаларга арналган подкаст каналы. Ачык талкуулар жана маектер үчүн аянтча.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектер

Дин

Кыргызстандагы жана башка аймактардагы калктардын диний ишеними, жөрөлгөлөрү, террорчулукка каршы күрөшү тууралуу баяндар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Диний чөйрөдөгү бир жылдык абал (аудио)

Жомоктор

Кыргызстандагы белгилүү адамдар окуган балдар үчүн жомоктор.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Аюу менен тентек чычкан" Окуган: Өмүрбек Текебаев (латыш эл жомогу)

Урматтуу «Азаттыктын» угармандары, көрүүчүлөрү, окурмандары биздин жамаат келе жаткан 2021-жылы элге кызмат кылып, ачуу чындыкты айткан позициясынан, калыстыктан тайбасын эске салабыз. Ала-Тоого «Азаттыктын» жана анда иштеген журналисттердин ниети ак. Мындан ары да элдин үнүн, көйгөйүн, үмүтүн чагылдыра бермекчибиз.

Келе жаткан жыл Кыргызстан жана дүйнө үчүн тынч, берекелүү болуп, адилеттик өкүм сүрүшүнө тилектешпиз. Ар бир мекендешибиз жакын адамынын кашында аман-эсен болушун каалайбыз!

"Азаттыктын" жыл ичиндеги иши тууралуу аудио берүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" жыл ичиндеги иши