Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталган. 20-октябрда Райымбек Матраимов Бишкекте кармалганы кабарланган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.
Матраимов 2 млрд сом төлөп кутулабы?