"Жүлүнү үзүлгөн балдар келет". Омуртка оорулары жашардыбы?

Коллаж. (Амантай Шакиров)

Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы?

"Сергек жашоо" подкастында ушул суроого жооп издейбиз. Омуртканын ар кандай ооруларынан азап чеккен бейтаптарды кепке тартып, дарыгер ортопед Алмаз Койчубековдон дартты пайда кылган себептер тууралуу сурайбыз.

"Оор көтөрүп, отуруп иштечүмүн"

Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү институтунун төртүнчү кабатында омуртка оорулар бөлүмү жайгашкан. Бул жерге Кыргызстандын бардык облустарынан омуртка тутуму мертинип же ар кандай ооруга чалдыккан адамдар келет. Арасында жакында эле операция болгондор да бар.

Бөлүмдү кыдырып, дарыланып жаткан айрым замандаштарды кепке тарттык.

58 жаштагы Дөөлөтбек Сатымкулов Таластан келген. 20 жылга чукул грыжа оорусунун азабын тарткан бейтап быйыл жаны көзүнө көрүнгөндө операция жасатууну чечкен.

Дөөлөтбек Сатыбалдиев.

“Кырк жашымда оор нерсе көтөрүп, белимди оорутуп алгам. Жылына бир жолу кармап, кайра өзү басылып калчу. Быйыл катуу кармады. Акыркы үч айда жата да, отура да албай калдым. Бүгүн уктайсаң, эртеси тизеңди кучактап таң аткыча отурасың. Аргам кеткенде табыпка көрүндүм, сыныкчыга бардым. Алар мени “дарыгерге барба, жүлүнгө тийип койсо баспай каласың” деп коркутушту. Белим чыдатпай калганда айылдаш инилерим “ушул жакка барыңыз, биз да операция болдук эле” деп айтып калышты. 24-сентябрда операция болгом. Азыр басып жүрөм. Көп отурбаш керек дешти. Азыр айылда мен тааныгандын баары эле грыжа”, - деди бейтап.

Аксы районунун тургуну Айгүл Тургунбаева үч баланын энеси. 39 жаштагы бейтап май айында ушул жерде бел омурткасынан операция болгон. Алты айдан кийин кайра келип, дарыланып жатканын айтты:

“Төрөгөн сайын белим чыга берчү. Кыргызча эле салдырып койчумун. Айылда жаның тынбайт да. Кийин грыжа болуп калганымды уктум. Дарыланып жүрдүм. Буттарым шишигенде бул жакка жөнөтүштү. Баса албай калгам. Май айында операция болгом, азыр кудайга шүгүр, басып жүрөм”.

Омуртка тутумунун түзүлүшү.

Зарыл Жумадилова Ак-Талаа районунда бухгалтер болуп пенсияга чыкканга чейин иштеген. Ал кырк жылдан ашуун созулган кыймылсыз иштин айынан остеохондроз оорусуна кабылганын айтты:

“Бухгалтер болуп 47 жыл иштедим. Отуруп иштегендиктен жумуш бүткөнчө турбайсың да. Сегиз балам бар, үйгө келгенде деле жаның тынбайт. Кийин башым айланып, алым кетип, кан басымым көтөрүлө баштады. Текшерүүдөн өтсөм, остеохондроз деген диагноз коюшту. Моюнда, анан белде пайда болуптур. 2016-жылдан бери жыл сайын ушул жерге келип дарыланам. Айылда жүргөндө күн сайын Шишонин гимнастикасын жасайм, үч же беш чакырым жөө басам”.

Коллаж. (Давран Эгембердиев)

"Омуртка оорулары жашарды"

Медицинада омуртканы дененин түркүгү деп аташат экен. Түркүк кыйраганда жалпы үй бузулгандай, омуртка ооруп же мертингенде, адам өзү эле эмес, жакындарына да оорчулук келет.

Курортология жана калыбына келтирүү институтунун Омуртка оорулар бөлүмүнүн башчысы Алмаз Койчубековдун айтымында, соңку жылдары омуртка оорулары ишке жарамдуу курактагылар арасында көп кездешүүдө.

Алмаз Койчубеков, дарыгер.

- Алмаз мырза, акыркы кезде сиздерге көрүнгөн бейтаптардын жаш курагы кандай? Кимдер көбүрөөк кайрылат?

- Мисалы, грыжа оорусу жашарды. Мурда бул оору менен пенсия жашындагылар келчү, азыр бейтаптардын көбүн ишке жарамдуу курактагылар түзөт. Мектепти жаңы бүтүп аткан балдар белин мертинтип алууда. Ошонун баары турмуш-тиричиликке байланыштуу болуп жатат. Миграцияга жаштайынан кетип, оор жумуш кылгандар көп. Омуртка тутумунун оорусу оор көтөргөндөн улам пайда болот да. Андан тышкары машинени өтө катуу ылдамдыкта айдап кырсыкка кабылгандар, курулуштан кулап жараат алгандар келет. Арасында жүлүнгө доо кетип колу-буту кыймылдабай калгандар да болот.

- Сакайып кеткендери барбы?

- Эгер жүлүн үзүлүп калса, кесепети оорураак болот. Айлап-жылдап баспай, төшөктө жаткандар бар. Ошол эле маалда кыйынчылыкка күлө карап, чыгырык менен басып, өзүн өзү тейлеген бейтаптар да жок эмес.

Коллаж. (Давран Эгембердиев)

- Омурткага доо кеткенде адам өзү эле эмес, жакындары да кыйналат го.

- Жүлүнү катуу жабыркаган бейтаптын тагдыры да оор болот. Ал дайыма бирөөнүн камкордугуна муктаж. Өзү да, аны баккан адам да иштей албайт. Мындайда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө оорчулук келет. Оорулуу адамга араба, атайын төшөнчү, заара кылуучу күлтүккө чейин керек. Анын баарын сатып алыш керек. Бейтаптын өзү эле эмес, жакындары да психологиялык жактан чүнчүп, кыйналышат. Мындай ооруларга кам көргөн, атайын медициналык билими бар адистер иштеген борборлор ачылса жакшы болмок.

- Айрым догдурлар бөйрөгүң же көзүң ооруп барсаң, “омурткаңды да текшертип кой” деп кеңеш беришет го.

- Омурткадан чыккан нервдин баары кыймыл-аракетти башкарат да. Жараат алып, жүлүн кысылганда, башка органдардын да иши аксашы мүмкүн. “Бөйрөгүм ооруп, салаңдап жатат” дегендерди текшерип көрсөк, көпчүлүгү грыжа, остеохондроз оорусуна чалдыккан болот.

- Остеохондроз жылбай отургандан пайда болот дешет?

- Бул эми тобокелдик факторуна байланыштуу дарт. Кыймылы аз, отуруп иштегендер остеохондроз болушу мүмкүн. Оор жүк көтөргөн, жараат алган, ашыкча семирген адамдар да остеохондрозго эрте кабылышат.

Коллаж. (Амантай Шакиров)

- Адатта ашыкча салмак буттун кан тамырларына, тизгеге күч келтирет дешет го.

- Ашыкча салмак менен басып жүргөндө буттун кан тамырларына, тизеге күч келет. Биз түндө уктайбыз да. Чалкадан түшүп жатканда ашыкча салмак омуртканы басып жатпайбы. Омуртка оорулары бар адамдар салмакты бир калыпта кармашы керек.

- Грыжачы?

- Эки омуртканын ортосунда кемирчек болот. Оор көтөргөндө ал чыңалып, жарылып, жүлүндү кысып калат. Грыжанын орточо, оор түрлөрү бар. Ал жүлүн канчалык кысылып турганына жараша аныкталат. Дарт өтө оор болгон учурда адам баса да, жата да албай кыйналат.

- Медицинада адамдын омурткасы эң күчтүү жана ийилчээк орган катары мүнөздөлөт турбайбы. 400 килограммга чейин жүктү көтөрө алат экен. Анан кантип мертинтип алабыз?

- Анткени адамдын белиндеги булчуң өтө күчтүү болот. Булчуң чыйрак жана ийилчээк болсо, омурткага күч келбейт. Негизи дене көнүгүүлөрүн жасаган адамдар көп жараат албайт. Жүк ташыган балдардын баары эле грыжа болуп калган жок да. Булчуң бошоп калганда, оорунун пайда болуу тобокелдиги жогорулайт. Бир жакка кыйшайып жүрүү же градусту туура кармабай жүк көтөрүүдөн дагы остеохондроз пайда болуп, грыжага өтүп кетиши мүмкүн.

- Грыжа күчөп кеткенде колу-буту иштебей калат дешет го.

- Грыжа пайда болгондо чыдатпай оорутат. Медицинада неврологиялык тартыштык деп аталат, мисалы, белде грыжа чыгып, ошол жактагы нервдерди кыса турган болсо, бут ичкерип, чымырап, сезгичтигин жоготот. Чалыштап, бут кетменин тарта албай калганга чейин жетиши мүмкүн. Белден чыккан нервдин баары аякты көздөй кетет. Моюндан чыккан нервдер кысылса, кол ичкерип, чымырап, көтөрүлбөй, какшап ооруйт.

Коллаж. (Амантай Шакиров)

- Баарыбызда да смартфон, компьютер бар да. Заман талабына ылайык отуруп иштейбиз. Омуртка оорубаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Дайыма дене көнүгүүлөрүн жасап турушубуз керек. Көнүгүү кан айланууну жакшыртат, булчуңду чыйралтып, далыны түз кармаганга жардам берет. Түз отурганды билбегендиктен, оор сумка көтөргөндөн, телефонду туура эмес кармагандан улам мектеп жашындагы балдар арасында сколиоз деген оору көбөйүүдө. Смартфонду балдар эмес, чоңдор да туура эмес кармайбыз да. Жатып алып же түз отурбай көрөбүз. Бул дагы омуртка тутуму үчүн зыян.

- Бирок азыр социалдык тармактарда “тубаса сколиоз, чет жактан операция кылуу керек” деп балдардын сүрөт-видеосун чыгарып, жардам сурагандар көп го. Эненин ичинен эле омуртка мертинеби ошондо?

- Сколиоз - омуртка тутумунун ийилип, буралып калышы. Дарт тубаса да болот, кийин да пайда болот. Тубаса түрүндө бала эненин ичинен эле жараат алышы мүмкүн. Эненин организминде инфекциялар болсо, алар дагы түйүлдүктүн жаңы калыптанып жаткан органдарынын ишин оорлоштурат. Сколиоз төрткө бөлүнөт, эң оору төртүнчү даражадагысы. Омуртка буралып, кыйшайып өсүп, баланын ички органдары толук кандуу иштей албай калат. Өпкө-жүрөгү кысылып, ички органдары ооруп, ыңгайсыздык жаратат. Мындай учурда омуртканы операция жолу менен гана түздөш керек. Консервативдүү ыкма менен дарылоого мүмкүн эмес.

- Тигүү цехинде иштеген аялдар желкесинде туз уюп, шишик пайда болгонун айтышат. Ошол чын эле тузбу?

- Биздин бейтаптар арасында цехте иштегендер көп. Жылбай отуруп, эңкейип иштегендер арасында моюн остеохондрозуна чалдыккандар көп. Ал эми желкеге уюган томпок – бул май шишиги. Ал дагы моюн омурткасына күч келтирип, оорутат.

- Мындан бир канча жыл мурда омуртка ортосундагы кемирчектин ордун гель менен толтуруп, грыжаны дарылаган ыкма тууралуу окуп калдым эле. Ал ыкма Кыргызстанга келгенби?

- Бизде колдонулбайт. Биз дагы окуп атабыз. Биз эмес, дүйнө жүзүнө дагы жайыла элек жаңы ыкма. Биз операция жолу менен эле алабыз.

- Грыжа операциядан кийин кайра өсүшү мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Бирок андай учурлар өтө сейрек катталат. Азыр бизде хирургдар тажрыйбалуу болуп калышты. Операциядан кийин тыңып кеткен бейтаптар көп эле.

- Кокус адам белин оорутуп алды дейли, биринчи кезекте эмне кылышы керек, кимге кайрылат?

- Адам белин же моюнун кокустатып алса, бейтапканадагы невропатологго кайрылышы керек. Эгер ал жазып берген дары ооруну баса албаса, он күндөн ашык сыздап ооруса, анда рентгенге, компьютердик томограммага түшкөн оң. Ошол жерде грыжа бар-жогу, болсо жүлүн канчалык кысылып турганы билинет. Андан кийин вертебрологго көрүнүп, операция керекпи же жокпу, керек болсо кандай ыкма менен жасаларын билүү зарыл. Азыр бизде дүйнөлүк стандарттарга туура келген операциялар жасалып жатат. Башкысы, дарыгерге убагында кайрылыш керек.

- Европада улгайган адамдар түз эле басат экен. Биздин ата-энелер эрте эле бүкүрөйүп, таяк кармап калат. Ошол абалга жетпеш үчүн эмне кылуу керек? Кантип сөөк-саагыбызга туура кам көрсөк болот?

- Эң башкы дары – бул кыймыл-аракет. Кыймыл жок болгондо организмде кальций азаят. Мунун айынан сөөк борпоң тартып, сына баштайт. Балдар канчалык чуркап, жыгылса деле өтө оор жараат албайт да. Анткени аларда кыймыл көп. Ал эми улгайган адамдар, айрыкча апалар тайып жыгылса эле белин, моюнун, колу-бутун кокустатып алат. Албетте, жашы улуу адамды көп кыймылдатканга дагы болбойт. Ошол себептүү алар дарыгердин көзөмөлү астында кальций ичип турган оң.

Коллаж. (Давран Игамбердиев)

Негизи адам 50 жаштан өткөндөн кийин жылына бир жолу курорт, санаторийлерге барып, дарыланып турса, ден соолугу чың болот.

Омуртка ооруларынын алдын алууга сууда сүзүү жакшы жардам берет. Анткени булчуңдар чыйралат. Туура тамактанууга да көңүл буруш керек. Чайды өтө коюу демдеп ичүү организмдеги кальцийди азайтышы мүмкүн. Кальций азайганда сөөк морт боло баштайт. Ашыкча салмак да омуртка оорусун пайда кылат, эгер оору бар болсо, аны күчөтөт.

Коллаж. (Давран Эгембердиев)

- Чет өлкөлөрдө омуртка ооруларын дарылоо өнүгүп баратканы айтылып келет. Араба, койкаларга чейин автоматташып, жатып калган оорулууга кам көргөн атайын борборлор да бар экен. Бизде ошондой шарт барбы?

- Бизде омурткасы сынган оорулардын реабилитациясына колдоо көрсөтүү керек. Буту баспай калган, бели сынган бейтаптарга экзосклет сыяктуу машыга турган, аларга басканга жардам берген жабдыктар аз. Биздин институттун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, академик Марат Сагымбаев келгенден кийин бейтаптарга керектүү жабдуулар жаңыртылды. Бирок дагы деле жетишсиз.

Коллаж. (Давран Эгембердиев)

Экинчиден, биздин омуртка тутумун дарылаган адистер да чет өлкөгө чыгып, тажрыйба алмашып келсе жакшы болмок. Бизде бир канча жыл мурда боор алмаштыруу операциясы жасалчу эмес да. Дарыгерлерди Түркияда окуткандан кийин бул оор операция өзүбүздө жасала баштадыбы. Бул кыргыз медицинасы үчүн чоң жетишкендик да. Ошол сыңары эле сөөк ооруларын дарылаган адистер да чет өлкөдөн окуп келсе, дарылоо ыкмасы бир тепкич алдыга жылмак деп ойлойм.

Подкасттын аудиосун бул жерден уга аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Омурткасы ооруган жаштар көбөйүүдө"