Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

"Өзгөн күрүчү темирге бай, анемиянын алдын алат"


Өзгөн күрүчү.
Өзгөн күрүчү.

Өрүк майынын дарылык касиети күч. Төө буурчактан балдарга буламык даярдаса болот. Өзгөн күрүчү пайдалуу, минералдык заттарга бай. Бул тууралуу техника илимдеринин кандидаты, доцент Жамила Сманалиева айтып бермекчи.

Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен "Жер эне" подкастында Кыргызстанда өскөн өсүмдүктөр жана алардын касиеттери тууралуу маектешебиз.

Өрүктү таза иштетүү эмнеге маанилүү?

- Жамила айым, акыркы жолу "Азаттыкка" курган маегиңизде Баткендин өрүгүн кайра иштетүү тууралуу айттыңыз эле. Андан бери багбандар бул жемишти Европанын талабына ылайык иштетүүнү үйрөнүштүбү?

Жамила Сманалиева.
Жамила Сманалиева.

- Өрүктү кайра иштетүү боюнча SUFACHAIN долбоорунун экинчи жылы өтүп жатат. Быйыл долбоор алкагында дыйкандарга өрүктү кайра иштетүү боюнча семинар өткөрдүк. Аларга Европанын сапатка коюлган стандарттары тууралуу маалымат бердик. Кайра иштетүү технологиясы боюнча азыр изилдөө жүрүп жатат. Эгер аягына чыкса, ал тууралуу да маалымат беребиз.

- Сиз акыркы жолу өрүк данегинен скраб, косметикалык май алса болорун айттыңыз эле. Жакында баткендик ишкерлер аны жасап жатканы белгилүү болду. Сиз ал өнүмдү көрдүңүзбү?

- Көрдүм, биздин долбоордун өнөктөшү чыгарууда. Майды Германияга алып келип, изилдөө ишин жүргүзүп жатабыз. Негизи, өрүктүн майы олеин, ленол кислоталарына жана витаминдерге бай.

Мээнин иштешин жакшыртуу, жүрөк ооруларын, диабетти алдын алуу максатында колдонулат, клеткалардын мембраналарын калыбына келтирүүчү касиетке ээ. Косметикада кеңири пайдаланылат. Өрүктүн майын капсула кылып чыгарса болот, тамчы түрүндө кабыл алса да жакшы.

- Европанын стандарттарына туура келүү кыйын эмеспи. Кыргыз багбандары өрүктү алардын талабына ылайык даярдоону үйрөнүштүбү? Санитардык эрежелерди так сакташат бекен?

- Баткенге барганда өрүктү как жерге эмес, брезентке жайып, же желим жашикте кургаткан дыйкандарды көрдүм. Бул технологияны кайдан үйрөнгөнүн сурасам, мурда башка долбоордун алкагында Түркиядан келген профессор сабак берген экен. Негизи, элге маалымат жетпей келген экен, биз берген сунуш, кеп-кеңештердин баарын аткарабыз деп кетишти. Биз лабораторияда эксперимент жүргүзүп, дыйкандарга микроскоптон кир өрүктө кандай бактериялар, курттун личинкалары болорун көрсөттүк.

- Мурдагы маегиңизде биздин багбандар өрүктү күкүрттүн жардамы менен кургатып жатканына тынчсыздандыңыз эле, аны дагы деле колдонушат бекен?

- Дыйкандар күкүрт кошулбаган өрүк кымбат сатыларын билип калышыптыр. Бир көйгөй – күкүрт кошулбаган өрүк таза болгондуктан, зыянкечтер бат эле түшүп кетет да. Ошол көйгөйдү чечип берүүнү суранышты. Биз аларга сактоочу жайда кандай шарттар болгондо курт-кумурска жолобой турганын айтып бердик.

Мисалы, өрүк турган кампанын терезесин ачык койбош керек. Сактоого чейин кампанын ичин тазалап, дезинфекциялап, актап-сырдоо зарыл. Бөлмөнүн температурасы 20 градустан жогору болбоого тийиш, андан да төмөн болсо, абдан жакшы. Ушулардын баарын түшүндүрдүк, бул маалыматтарды келечекте колдонушат деп ишенем.

Төө буурчак - эттин ордуна

- Таласта төө буурчактын аянты жылдагыдан кыскарып, көпчүлүк дыйкандар кулпунай эгип жатканы айтылууда. Бул жемишти эми экспортко чыгарса болобу?

- Төө буурчакты жылда айдай берсе, жер чарчайт, зыянкечтери да көбөйөт. Ошондуктан которуштуруп айдаган оң. Төө буурчактын курамында суу аз болгондуктан, аны узакка сактоо оңой жана чирип кетет деген коркунуч азыраак. Сыртка ташуу (экспорттоо) үчүн машинеге муздаткыч камераларын орнотуунун кереги жок.

Дан куурай (малина) менен кулпунай 90-95% чейин сууну камтыйт. Аларды экспортко чыгаруу үчүн машиненин ичинде атайын шарт, муздаткыч жабдуулар болушу керек. Эгер бул эки мөмөнү экспортко чыгаргыбыз келсе, кайра иштетүүгө көңүл бурганыбыз оң. Мисалы, кыям, шире жасап же кургатып экспорттосок, Кыргызстанга көбүрөөк акча түшмөк.

- Төө буурчакты деле кайра иштетсе болот турбайбы? Андан балдар үчүн буламык жасалат деп жүрүштү эле.

- Төө буурчактын 20% белоктон турат. Белок биздин организмди аминокислоталар менен камсыз кылат. Аминокислоталар витаминдер сыяктуу эле эссенциалдык заттарга кирет. Биздин организмде синтезделбей турган сегиз аминокислота бар. Аларды тамак-аш менен гана кабыл ала алабыз. Мисалы, бир жумада 250-500 грамм эт жегенге уруксат берилсе, анын жарымын өсүмдүктөн алынган белокко алмаштырсак болот. Балдарга төө буурчактан буламыкты Таласта жеке ишкерлер жасап жүрөт. Бирок алардын өнүмү өлкөгө тарабай жатат. Менимче, элге төө буурчактын пайдасы тууралуу маалымат жетпей жатат окшойт.

Өзгөн күрүчү микроэлементтерге бай

- Өзгөн күрүчүнүн касиети жөнүндө да изилдөө жүргүзгөн экенсиз. Ошол тууралуу айта кетесизби?

- Өзгөн күрүчүнүн технологиялык касиети жакшы, даны ири, бышканда эзилбейт, өңү да өзгөчө. Эмнеге мындай деп кызыгып, 2014-жылы Швейцарияда изилдөө жүргүзгөм. Көрсө, аймактын жер-суусундагы темир күрүчтүн өңүнө таасир этет экен.

Экинчиден, күрүчтү оруп-жыйноодон кийинки кайра иштетүү технологиясы да өзгөчө. Жергиликтүү эл күрүчтү оруп алар замат боолоп, данын ичине каратып, тегерек кылып жыйып коёт. Чөмөлөнүн ичи ысып, температура көтөрүлгөндө пайдалуу заттар данга сиңет. Күрүч канча көп турса, ошончо өңүнө чыгарын билдик.

Ферментация жүргөндө, дан табигый жол менен минералдык заттарга жана полифенолдорго байыйт. Крахмалдагы амилопектин менен амилозанын катыштары өзгөргөндө, күрүчтүн технологиялык касиети да жакшырат. Жалпак тил менен айтсак, күрүч эзилбей бышат.

Өзгөн күрүчү - экспортко чыгара турган азык. Коңшу Өзбекстан, Тажикстандын тургундары "девзира" деп баалашат экен.

- Дарыгерлер Кыргызстанда аз кандуулуктан жабыркагандар көп экенин айтып келет. Демек, Өзгөндүн күрүчүн гемоглобини түшүп кеткендер жесе болот турбайбы?

- Өзгөн күрүчүн кыргыз ашканасында көбүрөөк колдонуу керек. Биринчиден, өзүбүздүн азыгыбыз. Экинчиден, күрүч темир, кальций, магний, йод ж.б. микроэлементтерге бай болуп жатпайбы. Табигый минералдык заттын булагы десек болот.

- Баткен күрүчү да өтүмдүү эмеспи Кыргызстанда. Анын сапатын изилдей алдыңызбы?

- Аны курамын азырынча изилдей элекпиз. Алдыдагы жылдарда, балким, изилдөө иштери жүрүп калат.

Жапайы мөмөлөрдүн касиети

- Дагы бир илимий макалаңызды Кыргызстанда өскөн долоно, ит мурун, чычырканак, карагаттын касиетине арнаган экенсиз. Алар кандай касиетке ээ?

- Тоо-ташта же токойдо өскөн жапайы мөмөлөр фармакологияда дарылык сапаттары менен белгилүү. Полифенолдук заттарга, С витаминине бай. Бул экөөнүн эсебинен антиоксиданттарга каршы касиети да жогору десек болот. Рак ооруларынын алдын алуу үчүн бул мөмөлөрдү кургатып, чай катары ичүү сунушталат.

- Кыргызстанда талаада же жол боюнча өскөн жапайы жер-жемиштерчи? Алар бакчадагы жемишке караганда пайдалуу деп айттыңыз эле.

- Талаада өскөн алма-өрүктү кыйыштырып, сугарбайбыз да. Алардын мөмөсү майда, курт түшкөн, кычкыл болушу мүмкүн. Бирок табигый шартта өскөндүктөн, анда зыянкечтерге, температуранын өзгөрүшүнө каршы ар кандай коргоочу заттар: витаминдер, полифенолдор синтездешет, башкача айтканда, жашоого умтулуу күчү мөмөгө өтөт экен. Аларды кургатып, как кылсак болот. Мисалы, кургатылган бөрү карагатты мурда палоого кошуп демдешчү экен. Ал тамактын өңүн да, даамын да чыгарат жана ден соолукка да пайдалуу.

- Сиз Арстанбаптын жаңгагын да изилдеген экенсиз. Анын дарылык касиети тууралуу мурдатан эле айтып келишет эмеспи.

- Жаңгак - организмге пайдалуу заттардын булагы. Белокко, биздин организмде синтезделбей турган эссенциалдык каныкпаган май кислоталарына бай. Мисалы, линол, линолен кислоталарына. Андан тышкары жаңгак магнийдин булагы болуп эсептелет. Май кислоталары да, магний да мээге пайдалуу, эс тутумду жакшыртып, нервди тынчтандырат. Кайсы азык болбосун кайра иштетүүдө минералдык заттар, витаминдер жоголушу мүмкүн. Ошол себептүү жаңгактын майын сыгып алып, колдонгондон көрө өзүн жеген жакшы.

Жамила Сманалиеванын илимий эмгектери.
Жамила Сманалиеванын илимий эмгектери.

Тоо балы ден соолукту чыңдайт

- Германияда докторантурада окуп жүргөндө Кыргызстандан тоо балын алдырып изилдеген экенсиз. Азыр эми бал аз өлчөмдө болсо дагы сыртка ташылып жатпайбы. Жети облустун кайсы аймагынын балы Европада өтүмдүү?

- Өнүмдү экспортко чыгарууда физикалык, химиялык, микробиологиялык, коопсуздук талаптарына көңүл бурулат. Евробиримдик коопсуздук талаптарына көбүрөөк басым жасайт. Мисалы, балда бактериялар, оор металлдар, дары-дармектин калдыгы болбошу керек деген шарты бар. Экинчи шарты – балдагы суунун, канттын кармалышына карашат. Айрымдар аарыны кумшекер менен баккандыктан, текшере келгенде балдын курамынан кант чыгып калат. Аны, албетте, чек арадан өткөрбөйт. Андан тышкары балдын антиоксиданттык касиетине - полифенол, витамин, ферменттерине карашат. Бул жагынан Кыргызстандын балы чындап эле күчтүү. Биринчиден, бизде флора бай, өсүмдүктөр ар түрдүү. Тоо шартында өскөн гүлдөрдө, башта айткандай, жашоого болгон умтулуу күч. Ошол күч балга да өтөт.

- Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдо уран казыла турганын жарыялаган. Негизи Батыштагы керектөөчүлөр уран чыккан жердин балын алуудан чочулайт дешет. Уран казуу балдын же башка табигый азыктардын сапатына таасир этпейби?

- Инвесторлор кен жаңы технологиялар менен казылат, абага, топуракка уран калдыктарды таркабайт деп жатышат. Эгер андай болсо, балким, уулануу коркунучу деле тоорубаса керек. Бирок кенди иштетүү технологиясы сакталбаса, ошол аймактагы суу, топурак, аба ууланып, ал сөзсүз өсүмдүктөргө өтөт. Уран - радиацияны пайда кылуучу зат. Радиация адамдын организминде бош радикалдардын пайда болушуна шарт түзөт. Бош радикалдар көбөйүп кетсе, адам ооруга чалдыгат. Негизи, денедеги зат алмашууда бош радикалдардын болушу көнүмүш нерсе. Эгер организм күчтүү болсо, аны өзү эле жеңип, жөнгө салат. Бирок экология бузулса, радиация күчтүү болсо, ооруп, же бактерия, вирустар жайылып кетсе, организм аны менен күрөшө албай калат.

- Кечиресиз, химия сабагын бир эстейт окшойбуз. Маекте ферменттер, антиоксидант, полифенол дегендер көп айтылды. Аларды жөнөкөй тил менен түшүндүрө кетесизби?

- Мисалы, балда төрт негизги фермент бар. Анын бири - диастаза. Диастаза сахрозаны (кантты) эки молекулага - фруктоза жана глюкозага ажыратат. Аны биокатализаторлор деп коёт. Ал биздин организмде да, жаныбарларда да, өсүмдүктөрдө да бар. Химиядан “катализаторлор реакцияга кирбейт, бирок аны тездетет” деп окубадык беле. Ошол биокатализаторлор ферменттер деп аталат. Ал эми антиоксиданттар чоң топ. Алар витаминдерден, каныкпаган май кислоталарынан турат, ал ферменттерде да болушу мүмкүн. Аба булганганда, ооруп, иммунитет түшкөндө, тамеки тартканда, радиацияга кабылганда биздин организмде бош радикалдар пайда болот. Башкача айтканда, кычкылдануу реакциясы жүрө баштайт. Бош радикалдар организмде көбөйгөндө адам картаят, депрессия болот, уйкусу келип, чарчайт. Эң коркунучтуусу, рак илдети пайда болот. Ошол бош радикалдарды кармап калып, нейтралдаштырчу заттардын касиеттери антиоксиданттар деп аталат.

- Аминокислоталарчы?

- Аминокислоталар өздөрүнчө антиоксиданттык касиетке ээ эмес. Бирок алар биздин организмдин курулуш материалдары. Алардан, мисалы, витаминдер же антиоксиданттык касиеттери бар пептиддер синтезделет. Башка синтезге жардам берүүчү кирпич десек да болот. Ал эми витаминдер ферменттердин коферменттери. Фермент эки бөлүктөн - коферменттен жана белоктон турат. Коферменттин курамында витаминдер, минералдар да болот. Ошондуктан витаминдер, минералдар жетишсиз болгондо, биохимиялык реакциялар жайлап, иммунитет алсырайт, чач түшөт, тырмак сынат. Башкача айтканда, биохимиялык реакция катализаторлорсуз иштебей калат. Ал эми ферменттерге аминокислоталар сөзсүз керек, алардан белоктук бөлүгү курулат. Минералдык заттар - булар калий, кальций, магний, йод ж.б. микроэлементтер.

Биохимия - өтө терең илим. Өзүнчө бир курс. Аны баары эле окубайт дечи. Бирок азыр элге нутрициология жеткиликтүү болуп калбадыбы. Керектөөчүлөр тамак-аш белок, май, кант менен кошо витамин жана минералдык заттарга бай болушу керектигин билиши кажет.

Экология жана илим

- Сиз айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жаатында технологсуз. Бул жаатта билим алгысы келгендерге кандай кеп-кеңештерди бере аласыз?

- Кыргызстанда азыр тамак-аш технологиясы боюнча адистерди беш университет даярдайт. Азыр байкасаңар, тамак-аш өндүрүшү жанданып калды. Чакан цехтер, ишканалар ачылып, экспортко чыгууда. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин тамак-аш өндүрүшүндө жакшы эле жылыштар болуп жатат. Илим боюнча айтсам, аракет кылып жатабыз. Бирок илимге көп каражат, шарт керек. Азыр Манас университети, Кыргыз техникалык университети өз алдынча атайын лабораторияларды ачып жатышат. Жакынкы он жылдыкта жетишкендиктер болот ойлойм.

Адамдын биринчи керектөөсү - тамак-аш. Күн сайын колдонобуз. Ар дайым суроо-талап күч. Бул адистикке кызыккан улан-кыздарга айтарым, эгер тамак-аш технологу болууну чечсеңер, эч качан өкүнбөйсүңөр.

SUFACHAIN - Борбор Азиядагы токой жана агротокой чарба азыктарын, процесстерин жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, нарк чынжырларын түзүү аркылуу туруктуу жерди башкарууга көмөк көрсөтүү долбоору.

- Байкасаңыз, соңку жылдары аба ырайы өзгөрдү. Бир жылы кургакчыл болсо, бир жылы сел тынбай жүрүп жатат. Климаттын минтип өзгөрүшү кайсы бир өсүмдүктөрдүн жоголушуна алып келерин айтышууда. Кыргызстанда ошондой тобокелдик барбы?

- Температуранын бир эле градуска өзгөрүшү чоң кырсыктарга алып келет. Азыр кургак жерлерди да суу каптап, сел жүрүп атат. Ушул темпте улана берсе, өсүмдүктөр эле эмес, жер бетиндеги бүтүндөй жашоо коркунучка кептелет. Биз ар кандай тобокелдиктерге даяр болушубуз керек. Кырсыктарды алдын алуу үчүн илимпоздордун прогнозуна таянып, ошого жараша иштегенибиз оң.

Биздин SUFACHAIN долбоорубузда Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүн изилдөө да негизги темалардын бири. Ушул үч жылдагы байкоолордун натыйжасында температура кандай өзгөрүлүп жатат, ал өсүмдүктөргө кандай таасирин тийгизет деген байкоолор атайын чакан метеостанциялар менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Жыйынтыктар жана прогноздор долбоордун аягында отчет катары сунушталат.

Подкасттын аудиосун бул жерден уга аласыз.

"Кыргызстанда өскөн жер-жемиштин сапатын Дрезденде изилдейбиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:09 0:00

XS
SM
MD
LG