Акыйкатчыны саясаттан алыс кармаган мыйзам талкууда

Бишкекте эл аралык уюмдардын, кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды.

18-19-сентябрда өткөн жыйында демилгечилер жаңы мыйзам Акыйкатчы институтунун макамын көтөрүп, саясий партияларга көз карандысыз, эл аралык укук коргоо коомчулугунун алдында өзүнүн пикири бар мекемеге айланууга шарт түзөрүн айтышууда.

Жарандык коом өкүлдөрү жалпысынан мыйзам долбоорун кубаттап, бирок бул Акыйкатчы институту толук көз карандысыз болушу үчүн аздык кыларын белгилешти.

"Акыйкатчынын макамы бийик болсо, өлкөнүн аброю көтөрүлөт"

Мыйзам долбоорун Акыйкатчы институту жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сунуштаган.

Долбоордун авторлорунун бири, Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Омбудсмен институтунун Кыргызстандагы жана эл аралык коомчулук алдындагы макамын көтөрүүнү максат кылат.

Аскат Азарбеков.

"Акыйкатчы институтунун макамы канчалык жогору болсо, адам укуктарынын сапаттуу корголушуна ошончолук тирек болуп берет. Мындан өлкөнүн экономикасына салым кошулат, анткени адам укуктары корголгон мамлекетке инвестиция көп келет. Ушундан улам биз мурдагы акыйкатчылардын тушунда эле институттун макамын көтөрүп, ишин жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштаганбыз. Атыр Абдрахматова колдоп, анын тушунда дагы өзгөртүүлөрдү киргизип, дагы жакшыртканбыз. Кийин ал кеткенден кийин дагы жакшырып, көп нерселер толукталды. Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар, эксперттер менен чогуу күнү-түнү отуруп жаздык. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты бизди колдоп, өз сунуштарын киргизишти, авторлош болуп коомдук талкууга чыгардык".

"Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоору быйыл 30-июнда коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган. Андан берки аралыкта эл аралык уюмдар, жарандык коом өзүнүн сунуш-пикирлерин билдирген.

"Акыйкатчыны парламент кызматтан кетире албайт, бирок сот чечими деген турат"

Аскат Азарбековдун маалымдашынча, жаңы мыйзамда акыйкатчы жана анын орун басарларын дайындоо, кызматтан алуу мурдагыдай тартипте жүрбөйт.

"Кызматтан алуу негизинен беш себеп менен: өз каалоосу менен, саламаттыгына байланыштуу, чет өлкөгө чыгып кетсе, каза таап же кылган кылмышы үчүн соттун чечими чыкса болушу мүмкүн. "Баяндамасы жакпай калды" деген же башка саясий себептер менен акыйкатчыны кызматтан алууга болбойт. Бул акыйкатчынын көз карандысыздыгына таасир этет, экинчиден, Кыргызстандын Эмгек кодексине да туура келбейт", - деди Азарбеков.

Дагы караңыз "Экономика сөз эркиндигине байланган". ЕККУ эркин медиага кысымды сындады 

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Акыйкатчы институтун "Париж принциптерине" толук шайкеш келтирүү үчүн омбудсменди жана анын орун басарларын кызматка бекитүү, кызматтан алуудагы мурдагы ченем жоюлганын белгилешүүдө.

Алсак, “Акыйкатчы жөнүндө” азыркы мыйзамда “эгер акыйкатчынын жылдык доклады депутаттар тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, ал кызматтан кетиши керек” деп жазылган. Бул ченемди алып салуу маселеси мурдагы акыйкатчылардын тушунда да көтөрүлүп келгени менен ишке ашкан эмес.

Жаңы мыйзам долбоорунда акыйкатчы жана анын орун басарлары эч бир саясий партияда турбашы керек жана эч бир саясий партиянын атынан көрсөтүлүп, анын кызыкчылыгына иштебеши керек.

Бирок ошол эле учурда Акыйкатчы институтун жетектеген адамга байкалбаган кысым уланышы ыктымалдыгын айткандар болууда.

"Кыйноолорго каршы улуттук борбордун" жетекчиси Бакыт Рысбаев акыйкатчыны кызматтан алууга негиз берүүчү беш себептин бири - сот чечимине байланыштуу кызматтан алынышы ыктымал деген жобону бийлик же саясий күчтөр пайдаланышы ыктымалдыгын билдирди:

Бакыт Рысбаев.

"Ушундай тынчсыздануу бар. Кечээги талкууда да бирөөлөр ушуну айтып жаткан. Мен да ошондон тынчсызданып жатам. Эгер буга чейин акыйкатчыны кызматтан алып салуу менен коркутуп келген болсо, жаңы мыйзам ишке киргенден кийин, ага түрдүү жолдор менен кылмыш ишин козгоо аракети болушу мүмкүн. Ошондуктан биз учурдан пайдаланып, акыйкатчынын көз карандысыздыгын камсыздап, саясаттан алыс кылып беришибиз керек. Акыйкатчынын кызматы саясатка аралаштырылып, саясий күчтөрдүн ортосунда соодага түшсө, адам укугу так ошол жерде тебеленет".

Акыйкатчыны жылдык баяндамасы жактырылбаганы үчүн кызматтан алуу ченеминин мыйзамдан алынышы менен Омбудсмен институтун "Париж принциптерине" ылайык, "Б" макамынан "А" макамына көтөрүүгө шарт түзүлөт. Демилгечилер бул өз кезегинде Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы аброюна оң таасир этерин айтышууда.

Дагы караңыз Акыйкатчы бийликке эмнеге жакпай калды?

"Б" макамында акыйкатчы Улуттук укук коргоочу уюмдардын глобалдык альянсынын (GANHRI) жыйындарына гана катышып, добуш берүү жана жетектөөчү кызматтарга талапкер сунуштоого укугу жок.

Эгер "А" макамына ээ болсо, акыйкатчы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары кеңешинин бардык жыйындарына катыша алат. Мындан тышкары өлкөсүндөгү адам укуктарынын корголушу боюнча маалымат берип турат.

Укук коргоочусу Динара Ошурахунова Акыйкатчы жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун жалпысынан кубаттарын билдирип, ошол эле учурда өкмөттүк, мамлекеттик органдарды Омбудсмен институту менен кызматташууга, аларга маалымат берүүгө милдеттендирүү зарыл деген пикирин айтты:

Динара Ошурахунова.

"Жогорку Кеңеш Акыйкатчы институтунун ролун, маанисин түшүндү окшойт, минтип муз ордунан жылып отурат. Мыйзам долбоору Акыйкатчы институту көз карандысыз гана эмес, бейтарап да болушун камсыз кылышы керек. Буга чейин акыйкатчы кызматына дайыма кайсы бир саясий партиянын мүчөсү, тарапкери же мурдагы саясий кызматкер келчү. Бул орунга эң ириде адам укугун биринчи орунга койгон, адам укугун коргоону башкы милдетим деп санаган кадр келиши керек. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдар акыйкатчынын суроо-талап, өтүнүчтөрүнө 30 күндө эмес, 14 күндө жооп бериши керек деп өзгөртүү керек. Ошондой эле акыйкатчы жарандык коом менен тыгыз иштөөгө тийиш деп эсептейм".

Жаңы мыйзам долбоорунда Акыйкатчы институтунун адам укугун коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарын ишке ашырууга кандай формада болбосун кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө тыюу салынат жана тартипке салуучу же мыйзамдарда белгиленген тартиптеги жоопкерчиликке алып келет деп сунуш кылынган.

Кыргызстандын акыйкатчысы жөнүндө мыйзам долбоору 2002-жылы кабыл алынган. Ал мыйзамга ылайык, акыйкатчы жыл сайын адам укугунун абалы боюнча Жогорку Кеңешке отчёт берет.

Парламент баштаган мамлекеттик органдар анын негизинде иштеши керек. Акыйкатчынын баяндамасына Жогорку Кеңеш гана баа бере алат. Президент, өкмөт, УКМК жана башка мамлекеттик органдардын бири дагы акыйкатчынын ишине кийлигише албайт.

Дагы караңыз Акыйкатчынын милдетин экс-прокурор аркалайт


Кыргызстан тарыхында учурда жетинчи акыйкатчы болуп Жамила Жаманбаева иштеп жатат. Ал быйыл 17-майда Жогорку Кеңеш тарабынан шайланды. Жаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

Алгачкы омбудсмен Турсунбай Бакир уулу 2002-жылы ноябрда шайланган. Андан кийин бул кызматта Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов жана Атыр Абдрахматова иштеген.

2018-жылы Бизнес-акыйкатчы институту негизделген. Анын максаты - ишкердик субъектилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. 2019-жылы Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит өлкөнүн биринчи бизнес-акыйкатчысы болуп шайланган. Ал былтыр күзүндө оорудан каза болгон, андан бери бул кызмат ордуна шайлоо боло элек.

2021-жылы май айында Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, президенттин аппаратына караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы - Балдар омбудсмени түзүлдү. Биринчи балдар омбудсмени болуп Жыпариса Исабекова дайындалган. Учурда бул кызматты Асел Чынбаева аркалайт.