Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Орусиялык активист Алена Крылованын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда камакка алынган орусиялык активист Алена Крылованын тергөө абагындагы мөөнөтү дагы узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сөз болуп жаткан соттун басма сөз кызматы 5-сентябрда кабарлагандай, судья Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаттандырып, Алена Крылованы 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырган.

Крылова Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу болгон. Мекенинде ага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө “экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал “бийликти жаманатты кылууга багытталган митингдерге, жүрүштөргө жана пикеттерге катышып, полиция менен кагылышууларды козуткан” деп шек саналууда.

Алена Крылова быйыл июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде адамды жүзүнөн таануучу камеранын жардамы менен кармалганы белгилүү болгон.

Адвокаттары ал Кыргызстандан башпаанек сурап, расмий түрдө өтүнүч келтиргенин, документтери каралып жатканын, качкын макамын берүү же бербөө чечими кабыл алынганча аны өлкөдөн чыгарууга болбой турганын билдиришкен.

Бишкекте июнда орусиялык “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякин да кармалган. Ал да 9-сентябрга чейин тергөө абагына камалган.

6-июнда Украинадагы согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадицияланган, мекенинде ага аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон деген айып тагылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG