Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Акыйкатчы бийликке эмнеге жакпай калды?


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Парламентте бул чечимди 79 депутаттын 50сү колдоп, бешөө каршы болду. Айрым эл өкүлдөрү акыйкатчы кызматтан одоно мыйзам бузуулар менен алынганын айтып чыгышты. Өткөн аптада парламенттин тармактык комитети аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун жактырган.

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынынын лидери Бакытбек Сыдыков Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга анын орун басары дээрлик бир жылдан бери дайындалбаганын, 20 кызматкердин орду бош турганын, 30дай киши ага каршы митингге чыкканын санап, институт иштебей жатат деген бүтүмүн айтты.

"Жети айдан бери Акыйкатчынын орун басары жок. Ал эми Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамынын 122-беренесинде бул кызматка талапкерлердин тизмеси учурдагы кызматкердин мөөнөтүнүн аяктоосуна 20 күн калганда же ал кызматтан бошотулганына 15 күн болгонго чейин көрсөтүлүшү керек деп турат. Акыйкатчынын кызматтан алынуусуна ушул эң чоң негиз болуп атат”.

Депутат Дастан Жумабеков төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, Акыйкатчыны кызматтан алууда мыйзам бузулуп жатканын эскертти.

"Акыйкатчы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзамда эгер фракциянын чечими менен аны кетирүү маселеси көтөрүлүп, ага ишенбестик жарыяланса, атайын комиссия тузүлүп, бул иликтениши керек деп жазылып калган. Эгер Акыйкатчынын баяндамасы Жогорку Кенеште кабыл алынбаса, анда Омбудсменди мөөнөтүнөн мурда кетирсек болот. Эгер муну биз фракциянын чечиминин негизинде гана кабыл алсак, процедура бузулуп калат".


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маселени комитет караганын айтып, "комиссия башка учурда - акыйкатчынын баяндамасы парламентте кабыл алынбаганда түзүлөт" деп жооп узатты.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мыйзам боюнча, "баяндама кабыл алынбаганда комиссия түзүлүшү керек болчу" деп спикер менен кайым айтыша кетти.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Акыйкатчы конституциялык кызмат болгондуктан, аны жумуштан мөөнөтүнөн мурда бошотууга жүйөлүү себептер болушу керек. Бул боюнча өзүн чакырып, оюн угалы. Бир фракция “кетсин” десе эле, кетирип койгонубуз туура эмес. Мен дагы бир жолу эскертем, бул заман да өтөт. Одоно түрдө мыйзам бузулган чечимдердин бети Конституциялык сотко абийирдүүрөөк адамдар келгенде ачылып калат. Жакпаган кишини көпчүлүктүн чечими менен алып коёбуз деген жаман прецедент түзүлүп атат. Жогорку Кеңеш калыс, адилетүү болушу керек. Азыр көпчүлүксүңөр, мени утасыңар, билем. Бирок мен эскертип атам”.

Спикер Нурланбек Шакиев Абдрахматова жыйынга расмий чакырылып, бирок келбей койгонун айтты.

“Адахан Кимсанбаевич, бул жерде сиз айткан нерсе эле эп боло бербейт. Жогорку Кеңеш - коллегиялык орган, маселе көпчүлүктүн пикири менен чечилет".

2-майда Акыйкатчынын (Омбудсмен) борбордук аппаратынын мурдагы кызматкери Азим Акматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Абдрахматованын кызматка келиши менен эмгек жамаатта жагымсыз маанай орун алып, бул жалпы ишке терс таасирин тийгизип жатканына даттанган.

"Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу - бул саясий чечим эмес, ал өз кызматын так аткарган жок. Атыр Абдрахматова кызматка келгенден бери жумушка өз убагында келген жок, түштөн кийин келет. Өзү кеч келип, арыздарды карап жатып, кечки саат 9-11лерге чейин отура берет. Эртең менен келген кызматкерлерди дагы жумуштан кое бербей кармап отурат. Ак үй, көк үйгө чукул тескемелер керек болгондо, айрым кызматкерлер таң аткыча иштеген учурлар да болгон. А бирок ал кызматкерлер эртеси кайра эртең менен жумушка чыкчу".

Буга чейин "Хьюман Райтч Уотч" укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер Атыр Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү тараткан. Ал эми 1-майда Укук коргоочулардын глобалдык альянсы президент Садыр Жапаровго кайрылып, ал мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынса, Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келерин билдирген. Бул альянстын мүчөсү, укук коргоочу Толкун Түлекова буларды билдирди:

Толкун Түлекова
Толкун Түлекова

"Чындыгында, Атыр Абдрахматова бийликке баяндамасы үчүн эмес, Кемпир-Абад боюнча камактагыларды ачык колдогону үчүн жакпай калды. Ошондой эле Абдрахматова адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү ачык айтканы үчүн жакпай жатат. Ушундан улам ал коркутуп-үркүтүүгө, саясий басымга туш болуп, соңунда кызматынан айрылып отурат".

Акыйкатчынын отчету

27-апрелде парламенттин тармактык комитети Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун жактырган. 19-апрелде ал Жогорку Кеңеште өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. Депутаттар отчетту аягына чейин укпай, Омбудсменди кызматтан алууну сунуш кылган. Абдрахматова бул жаатта бир топ маселелер бар экенин, сөз эркиндиги кысымга кабылган учурлар көбөйгөнүн айткан.

“Азыркы убакта өз пикирин ачык билдирип, мамлекеттик органдарды сындаганы үчүн журналисттерге, активисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактын колдонуучуларына укук коргоо органдары тарабынан ашыкча чектөө жана таасир этүү чаралары колдонулган учурлар көп. Бул албетте, коомчулуктун дагы, эл аралык өнөктөштөрдүн дагы нааразылыгын жаратууда".

Мындан бир күндөн кийин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укуктары тууралуу комментарий берип, сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок деп айткан.

"Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгып жатат. Алардын сөзүн журналисттер жана блогерлер таратып жатат. Бизде эч кандай сөз эркиндигин кысмакка алуу жок. Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат. Ошондуктан ал жагдайды ошондой көрүп жатат. Анын карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес",-деген Султанбаев.

Абдрахматова Султанбаевдин бул сынына жооп берген эмес.

Акыйкатчы институтутунда учурда бош турган орундар Париж принциптери боюнча эл аралык нормаларга ылайык майыптыгы барлар жана этникалык азчылык өкүлдөрүнө эсептелгенин институттун басма сөз кызматы 2-майда кабарлаган. Маалыматка ылайык, мындан тышкары дагы 10 бош орун Акыйкатчы институнун аймактардагы өкүлчүлүктөрү үчүн сакталып турат.

Мекеме ошондой эле Абдрахматова 2022-жылы 1056 жаранды жеке өзү, ал эми орун басары Альберт Колопов – 531 жаранды кабыл алганын билдирди. Жеке кабыл алуулар жума сайын борбордук кеңседе, аймактарды жана жабык мекемелерди кыдыруу убагында жүргүзүлгөн.

"Былтыр Акыйкатчынын атына жарандардан жазуу жүзүндө 3690 арыз, анын ичинен 2090у (56,6%) Борбордук аппаратка, калганы аймактык өкүлчүлүктөргө келип түшкөн. Жеке 8273 жаран кайрылган. Мындан тышкары телефондон жана оозеки кеп-кеңештер берилген", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, былтыр акыйкатчы алты мамлекетке жети жолу иш сапар менен барган, Орусия, Өзбекстан, Түркия, Дания, Азербайжан, Польшадагы командировкаларына бюджеттен акча коротулбаганы жазылган эмес.

"Бюджеттен болгону Ташкенттен Бишкекке чейинки билеттин баасы гана төлөндү, анткени учуу чукул түрдө болуп, мурдатан пландалган эмес. Бюджеттин эсебинен Ош, Кара-Суу, Ноокат шаарларына, Жалал-Абад областынын Сузак айылына, Ысык-Көл облусуна иш сапарга барды. Эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен: Баткен, Ош облустарына жумушчу сапарлар ишке ашырылды".

Кыргызстандын акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Анын ишмердиги - мамлекеттик, өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан бузулган жарандардын укуктарын коргоо болуп саналат.

Атыр Абдрахматова 2022-жылы мартта Жогорку Кеңеште шайланган. Ал буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясында, КТРКда иштеген. Жогорку Кеңеште докладын жактап жатканда ага каршы болгон Акыйкатчы аппаратынын айрым кызматкерлери нааразычылык акциясына чыкты.

Атыр Абдрахматова Кыргызстан тарыхындагы алтынчы акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулу 2002-жылдын ноябрында биринчи акыйкатчы болуп шайланган. Андан кийин бул кызматта Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов иштеген.

XS
SM
MD
LG