Жайытка үй кургандар өкмөттөн жардам сурайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Исхак-Полотхан айыл аймагында 50 чакты үй-бүлө жергиликтүү бийликтин чечими менен үй-жай курууга берилген жерлеринен айырылып калчудай болуп турат. Жашоочулардын тамаркалары жайыт багытындагы жер деп соттон чечим да чыкканын айткан жергиликтүүлөр, укуктук жардам сурашат. Жергиликтүү бийлик болсо өз токтомунун мыйзамдуулугун коргоп, адистерден жардам алаарын айтат.