Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда, оппозициячыл “Сионисттер биримдиги” альянсынын жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Мөөнөтүнөн мурун өтүп жаткан бул шайлоонун жыйынтыгы менен Израилдин эл аралык жана өлкө ичиндеги мындан аркы саясаты аныкталат. Себеби көпчүлүк добуш алышы мүмкүн делген учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы менен Ицхак Герцог жетектеген “Сионисттер биримдиги” альянсы шайлоодо жеңсе, эки башка саясат жүргүзүүнү убада кылууда. Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго ылайык, солчул-борборчул “Сионисттер биримдиги” альянсынын озуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай жыйынтыктан чочулаган премьер-министр Нетаньяху 16-мартта элге кайрылып, кайра премьерликке шайланса, күнкорсуз Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербейм деп убада кылды.
“Ликуд”партиясы 120 орундуу Израил парламентинин көпчүлүгүн ээлесе, 65 жаштагы Биньямин Нетаньяху 2019-жылга чейин Израил өкмөтүн жетектөөгө мүмкүнчүлүк алат. Мындай жол менен өлкө тарыхында эң узак мөөнөт бийликте турган премьер-министр катары калышы мүмкүн. Ал бүгүн Иерусалимде добуш берип жатып, бардык шайлоочуларды өзү жетектеген оңчул-борборчул “Ликуд” партия үчүн добуш берүүгө чакырды:
- Бийликке солчул партиянын келбеши үчүн бир гана нерсе кылыш керек. Ал ортодогу айырмачылыкты азайтып, "Ликуд" үчүн добуш берүү.
Нетаньяху үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө, бийликте калса Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим кабыл алынбашы үчүн бар күчүмдү жумшайм деген убадасын берген.
Бирок Нетаньяхунун төртүнчү ирет премьер-министрликке келиши оңой-олтоң болчудай эмес. Акыркы сурамжылоо боюнча 26 партия катышып жаткан шайлоодо бир да партия шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгын алышы кыйын болот. Ошентсе да, Лейбористтик партиянын төрагасы Ицхак Герцог менен Израилдин мурдагы тышкы иштер министри Ципи Ливни түзгөн “Сионисттер биримдиги” блогу алдыга чыгышы күтүлүп жатат. Аталган блок бийликке келсе, Израилдин палестиндер жана эл аралык коомчулук менен мамилени жакшыртарын убада кылууда. Ошондой эле блок өкүлдөрү Нетаняхуну социалдык маселелерге, айрыкча, кымбат жашоого көңүл бурбай, израилдиктерди тышкы коркунучтар менен коркутууда деп сындады.
Ицхак Герцог бүгүн добуш берген соң бул шайлоону өлкө тагдыры үчүн маанилүү деп атады:
- Бул жолу өзгөрүү жана үмүт менен көңүл калуу жана аргасыздыктын бирин тандап жатасыңар. Ким көңүл калуу жана аргасыздыкты тандагысы келсе, Бибиге (Биньямин Нетаньяху) добуш берип, анын жолун улантсаңар болот. Эгер кимде-ким өзгөрүүнү жана Израилдин жаркын келечегин кааласа, мен жетектеген "Сионисттер биримдигин” тандасын. Мага мандат берилсе, эң жакшы өкмөт түзүп, Израилдин келечегин жакшы жолго бурамын.
Ошондой эле “Сионисттер биримдиги” Биньямин Нетаньяхуну АКШ менен мамилени бузду деп айыпташууда. Чындыгында эле Нетаньяху шайлоого эки апта калганда Вашинтонгго талаштуу сапар менен барган. Оппозициячыл Республикалык партиянын чакыруусу менен барган Израил премьер-министри Конгрессте сөз сүйлөп, Американы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койбоого чакырган. Сапар жүрүшүндө Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Нетаньяху менен жолуккан эмес.
Негизи Израил тарыхында өлкө парламенти-Кнессетте бир партия көпчүлүктү алган учур болгон эмес. Шайлоодо утуп чыккан партиялар коалициялык өкмөт түзүү үчүн сүйлөшүү башташат. Ошондуктан Израилде саясий активдүүлүк шайлоо менен эле аяктабастан, алдыда коалиция түзүү, өкмөт куроо деген көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан жараяндар күтүп турат.