Нетаньяхуну Ирандын Сириядагы аракеттери чочутат

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусия менен Израилдин лидерлери 23-августта Сочиде жолугушту. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху орус президенти Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуусунда Иран Сириядагы аскердик аракетин көбөйткөнүн айтты.

Соңку эки жыл ичинде Орусияга алтынчы ирет келип жаткан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул ирет Орусиянын президенти менен Кара деңиздин боюндагы Сочи шаарында жолугушту. Лидерлер эки тараптуу алакалар, Жакынкы Чыгыштагы жалпы кырдаал тууралуу кыска сүйлөшкөн соң күтүлгөндөй эле Израилдин өкмөт башчысы Ирандын Сириядагы аскерий аракеттеринин күчөп баратышы тууралуу өз тынчсыздануусун ортого салды.

- Президент мырза, биргелешкен аракеттер менен биз "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңип жатабыз, бул албетте, чоң мааниге ээ. Ошону менен катар радикал уюмдун согушкерлери чегинген жактарда Ирандын пайда болуп жатканы жаман көрүнүш. Иран Ирак менен Йеменди өз көзөмөлүнө алууга багыт алды. Иран кайсы-бир деңгээлде Ливанды да көзөмөлдөөдө, - деген Нетаньяхуну Сочидеги жолугушууга Израилдин чалгын кызматынын башчысы Йосси Коэн жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Меир Бен-Шаббат да коштоп барышты.

Бир нече күн мурда Израилдин басылмалары Иран Сирия менен Ливандагы курал-жабдык чыгарган ишкананын курулушуна жардам берип жатышы мүмкүн деп жазып, буга далил катары спутниктен алынган сүрөттөрдү жарыялашкан.

Израил басылмалары жарыялаган сүрөттөр.

- Биз Иран Израилди жок кылам деп коркутуп жатканын бир мүнөткө да эстен чыгарбайбыз. Иран террордук уюмдарды колдоп, террорчуларды демөөрчүлөп, аларды шыктандырып жатат, - деп кошумчалады Биньямин Нетаньяху Путин менен болгон жолугушуусунда.

Иран көптөн бери касташып келаткан Израилдин бул сыяктуу узактан берки айыптоолоруна жооп бере элек. Буга чейин эле Израилдин расмийлери Нетаньяху Москва менен Вашингтонду Тегерандын Сириядагы аскерий позициясын күчтөндүрүүсүнө тоскоол жаратууга чакырарын белгилешкен.

Нетаньяху Сириянын түштүк-батышындагы жакында эле Орусия менен АКШ жарыялаган ок атышууну токтотуу жараянын кубаттаганы менен, "бул Иран жана ага ымалалаш күчтөрдүн Сирияда, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө, өздөрүнүн аскердик көзөмөлүн орнотууга шарт түзбөшү керек" деп эскерткен.

Ошондой эле Путин менен жолугушууда Нетаньяху Орусия Сирияга жеткирген курал-жабдык "Хезболланын" колуна тийип жатканы боюнча тынчсыздануусун дагы бир ирет кайталады. Москва бул сөздөрдү четке кагып келет.

Ирандан тышкары Нетаньяху менен Путин Сириядагы аскерий аракеттерди координациялоо жөнүндө сүйлөштү. Израил Сириянын түштүгүндө “Хезболлага” каршы атайын операцияларды жүргүзүп келет.

Орусия менен Иран Сириядагы жети жылга аяк баскан согушта Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрүн колдоп келе жатат. Согуш жүз миңдеген кишинин өмүрүн алып, миллиондогон адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.