“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков болду. Ал Раззаков, Усубалиевдин бийликке келишинин жана кетишинин себептери, Москванын үстөмдүгүнүн кесепеттери, “Манас” эпосу жана Ауэзов, саясатчылар Кулатов, Масалиев, Акаевдин позициялары тууралуу айтып берди.
- Жолборс агай, 1945-жылга чейин Кыргызстандын биринчи жетекчилигине кыргыз улутунан дайындалган эмес. Исхак Раззаковдун Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы болуп калышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Ага кандай жагдай, кандай саясат түрткү болгон?
- Ошол кездеги жазма булактарда, Раззаковдун өзүнүн жазып кеткени боюнча Өзбекстандын биринчи катчысы Усман деген болгон экен. Ал киши Сталин менен мамилеси жакшы, анын үймөнчүк адамы болгон экен. Ушул кишинин кол астында Раззаков көп жыл иштеп калат. Сталинге Усманов «бизде жакшы иштеген кыргыз жигит бар, ошону Кыргызстанга жиберсек» деп айткан экен деген сөздөр бар. Ошентип 1945-жылы согуштан кийин Раззаковду Кыргызстанга Министрлер советинин төрагасы кылып жиберишет. Тарыхчылардын жазганы боюнча Раззаков беш жыл биринчи жетекчи болуп иштеп, Кыргызстандагы абдан чоң экономикалык негизди түптөгөнгө салым кошкон.
Дагы караңыз "Маселени министр чечпегенде Майрам Акаевага баргам"- Сиз китебиңизде "Искак Раззаков 16 жыл иштегенден кийин кызматтан алынат. Ошол учурда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болуп иштеген Төрөбай Кулатов калыстык кебин айткан эмес" деп жазып жатасыз. Ал кишинин унчукпай калышына Москадагы саясий камчынын үстөмдүгү себеп болгонбу же жеке позициясы беле?
- Өзүнүн жеке ою деп айтыш кыйын. Ал кездеги ар ооздон чыккан сөз Москвадан башкарылып турган. Интеллигенция, элита эки бөлүнүп калган деген сөз туура эмес. Ичтеринен кан өтүп турса да, эч кимиси чындыкты сүйлөй алган эмес. Мисалы, пленумга чейин ал кишилердин 20-30у Раззаковдун үйүндө чогуу болушкан. Эртеси эле пленумда теңирден тескери сүйлөп жатпайбы. Бир гана Усянов деген Нарын обкомунун экинчи катчысы, мурдагы шахтер, ошол киши гана Москвадан келгендердин астында "сен бул кишини (Раззаковду) бекер эле бошотуп жатасың. Сен да, мен да жок болобуз. Раззаков тарыхта калат. Анткени, эл аны жакшы көрөт" деп тартынбай сүйлөптүр. Экинчиси, Менсейитова. Ушул эки киши гана Раззаковго жан тарткан. Калган бирөө дагы, Кулатов баш болуп калыс кепти айта алган эмес. Кулатов "көөп кеткенсиң, андай-мындайсың" деп сүйлөп жатканда Раззаков "Төрөбай Кулатович, бул сизби, же башкабы?" деп айткан экен.
- Исхак Раззаковду бошотушкандан кийин анын ордуна Турдакун Усубалиев келди. Раззаковдун жанында иштеп жүргөн көп кишилер экономиканы билген, чарбаны жакшы түшүнгөн, даяр болуп калган кадрлар көп эле. Бирок, ага карабай Усубалиевдин келишинин негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Раззаковду сөзсүз иштен алыш керек болгон. Алгандан кийин анын ордуна бирөөнү коюш керек. Асанов же Үсөновбу, бирөө болот болчу. Москвага алардын айтканынан чыкпаган, баш ийген адамды коюш керек болчу. Усубалиев бул шартка төп келген. Себеби, ал 10 жыл Москвада иштеп келген. Кыргызстанга жибергенде «гезиттик ишке колдонулсун» деген буйрук менен келет. Москвада райондук гезиттерди тейлеген бир тармакта 10 жыл бою иштеп жүргөн. Келип эле «Советтик Кыргызстан» гезитине редактор болуп калат. Раззаковду иштен алыш керек деп эки-үч жыл мурда эле Хрущевго кире башташат. Анын ордуна эң жакшы талапкер Усубалиев болгон.
Дагы караңыз Артур Медетбеков: Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк- Жолборс агай, Раззаков жумуштан бошотулгандан кийин Кыргызстанга эки эле жолу келип кеткени айтылат. Анын ээн-эркин келип кетишине Усубалиевдин бийлиги тоскоол болгон деген сөздөр жазылып жүрөт. Чындап эле жолтоо болгонбу?
- Раззаков жумуштан бошогондон 10 жыл өткөндөн кийин Усабалиев экөө Москвада жолугат. Ошол жерде Раззаков «Кыргызстанды көргүм келип жатат, бир жолу барсам» деп айтат. Усубалиев «каалаган убакта келе бериңиз» дейт. Мунун баарын Усубалиев китебине жазат. Ошентип Кыргызстанга келет. Келгенде астына машине, жанында жандап жүргөн адамдарын беришет. Чындыгында бир эле жолу келген. Экинчи жолу деп өлүгүнүн (сөөгү) келиши менен байланыштырып айтылат. Эл аны абдан жакшы күтүп алат. Бишкекте, Ысык-Көлдө болот, эл бура бастырбайт, «меникине барып чай ичип кетиңиз» деген эле киши дейт.
Дагы караңыз Эки республикага эмгеги өткөн Исхак РазаковОшондо жанында жүргөн Жогорку Кеңештин жигитине «эл көп чогулбасын, эл менен көп сүйлөштүрбөгүлө» деген көрсөтмөлөр берилет. Элден узак кармаганга аракет кылышат. Анан түштүккө барса Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов, Т. Кошоев болуп таң атканча Раззаковду сыйлашат. Алардын ар бир кылганы, сүйлөгөнү борборго жетип турат. Султан Ибраимович «биз сиздин окуучуларыңызбыз, сиз көрсөткөндөй бололу, сиз үйрөткөндөй иштейли» дегендин баарын бул жактагылар угуп турушат. Демек, бул кишиге болгон сый мурдагыдан да жогору экенин сезишет. Усубалиевдин ачуусун келтирет, Бишкекке келгенде кабыл албай коёт. Усубалиев жолукпагандан кийин, Кулатов да кабыл албай коёт. Ошол жылы Исхак Раззаков 60ка толмок, куттуктап коебу деп үмүттөнсө керек, жарыктык киши…