Макрон Иран менен келишимди сактоого чакырды

Эммануэл Макрон менен Доналд Трамп.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин шарттарын макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң - 2025-жылы карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу француз расмийлери маалымдашты.

Эммануэл Макрон мындай сунушту АКШ президенти Доналд Трамп жана Ирандын лидери Хасан Роухани менен өз-өзүнчө жолугушуп жатып киргизди.

Лидерлер 18-сентябрда Нью-Йорктогу Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясынын алкагында жолугушту. Трамп буга чейин бир нече ирет келишимди жана анын аткарылышын сындап келгендиктен, Макрон АКШ лидерин 2025-жылга чейин кескин кадамдарга барбоого чакырды. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жак-Ив Ле Дриан билдирди. Анын айтымында, Макрон келишимден баш тартуу Жакынкы Чыгышта өзөктүк программанын жанданышына түртөт деп эсептейт.

Рейтерс агенттиги атын атабаган француз аткаминерине шилтеме жасап, Макрон Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушканда да ушул эле маселени көтөргөнүн жазды. Ошондой эле Макрон Роуханиге Тегеран өзүнүн Сирия, Ливан жана Йемендеги аракеттери менен АКШнын кыжырына тийбеши керектигин эскерткен.

Макрон менен Трамптын сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз болгонун АКШнын мамлекеттик департаменти да ырастады. Мекеменин өкүлү Браян Хуктун айтымында, жолугушууда Трамп Макронго Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда жетишилген келишимди терең ката болгон деп санарын жана кийинки айда бул келишим боюнча өз чечимин билдирерин айткан.

15-октябрда аталган келишим боюнча өз чечимин жарыяларын Трамп буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен да жолугуп жатып убада кылган.

Трамп болсо бир күн мурда эгер Улуттар Уюмунун атомдук энергетика боюнча агенттиги (МАГАТЭ) келишимдин шарттарынын аткарылышын жетиштүү түрдө көзөмөлдөй албайт деген бүтүм чыгарса, Кошмо Штаттар макулдашуудан баш тартканга чейин барарын кыйыткан. Анын мындай билдирүүсүн Венадагы жыйында АКШнын энергетка министри Рик Перри окуду:

- АКШ МАГАТЭге өз ыйгарым укуктарын толук колдонуу менен Ирандын өзөктүк келишимге байланыштуу бардык милдеттенмелерин аткарып жатканы боюнча тыкыр текшерүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт. Биз көзөмөлдөнбөгөн же адекваттуу эмес келишимди кабыл албайбыз.

Ал тапта Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы МАГАТЭни "Вашингтондун кабыл алгыс талаптарына" каршы турууга чакырды. Али Акбар Салехи анын өлкөсү макулдашуунун бардык шарттарын толук сактап жатканын ырастап:

- Америка администрациясынын учурдагы саясаты жана ачык душмандык мамилеси "өзөктүк макулдашууну үзгүлтүккө учуратууга" багытталган, - деп Вашингтонду сынга алды.

Буга чейинки АКШ жана Улуттар Уюмунун байкоочулары Иран келишимдин шарттарын аткарып жатканын ырасташкан. Анткен менен президент Трамптын администрациясы Тегеран келишимдин маңызын баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган ракеталарды сыноо менен бузуп жатат деп ырастап келишет. Вашингтон ошондой эле Тегеранда катаал инспекцияларды өзгөчө аскерий объекттерде жүргүзүүнү талап кылып келет. МАГАТЭнин жаңы эле дайындалган башчысы Юкия Амано Иран өзөктүк келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарып жатканын айтты.

- Иран өзөктүк келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарып жатат, - деди ал.

Ошол эле учурда Ирандын лидери Хасан Роухани 18-сентябрда америкалык CNN каналына курган маегинде эгер Трамп келишимден баш тартуу чечимин кабыл алса, Кошмо Штаттар жогору баа төлөп калат деген эскертүүсүн дагы бир ирет кайталады.

- Мындай келишимден чыгуу Кошмо Штаттар үчүн өтө кымбат туруп калышы мүмкүн. Америкалыктар аларга пайда алып келбеген кадам үчүн мындай жогору баа төлөөгө даяр деп ойлобойм, - деди Роухани.

Хасан Роухани.

Франция Иран менен 2015-жылы өзөктүк келишимге кол койгон дүйнөлүк алты державанын бири. Орусия, Кытай, АКШ, Германия, Британия, Франция жана Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Иранга каршы эл аралык санкциялар алынып, Тегеран өзүнүн ядролук программасын чектемек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.