Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

АКШ-Иран: өзөктүк келишимдин маңызын талашуу


АКШ менен Ирандын ортосунда 2015-жылдагы өзөктүк келишим боюнча кайым айтышуу кайрадан жанданды. Вашингтон Роуханинин Иран аталган келишимден “саналуу саатта” эле чыгып кетет деген билдирүүсүн “дүйнөнү барымтада кармоо” аракети деп баалады. Бул аралыкта Израил медиасында Иран Сирияда курал заводун куруп жатканы тууралуу маалыматтар пайда болду.

Кошмо Штаттардын дарегине багышталган билдирүүнү Ирандын президенти Хасан Роухани 15-август күнү парламентте сүйлөгөн учурунда жасаган.

Ал АКШнын “санкциялар жана мажбурлоо” саясаты оңунан чыкпай, мурдагы администрацияларды “сүйлөшүү столуна” кайтууга аргасыз кылганын, эгер мындай саясат улана берсе, Иран дүйнө державалары менен 2015-жылы түзгөн өзөктүк келишимден “саналуу сааттын” ичинде эле баш тарта аларын белгиледи:

- Эгер алар (АКШ администрациясы) мурдагы тажрыйбаны кайталоого ниеттенсе, Иран ага кыска убакытта, апта же айлар эмес, саат менен күндөрдүн ичинде эле кайтары анык. Өзөктүк келишим - согуш менен бир тараптуулуктун үстүнөн дипломатия жана тынчтыктын жеңишинин модели. Иран ислам республикасы мына ушуга артыкчылык берет, бирок бул эч качан өлкө үчүн жалгыз вариант болгон эмес жана болбойт. Дүйнө элдери соңку айларда Кошмо Штаттар, өзгөчө президент Дональд Трамптын башкаруусу алдында эл аралык келишимдерди жеригенине айдан ачык күбө болду. Ал дүйнөгө, атүгүл өнөктөштөрүнө да АКШ жакшы өнөктөш эместигин көргөздү.

Хасан Роухани
Хасан Роухани

Президент Хасан Роуханинин бул сөздөрүнө жооп берип жатып, АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли “Иранга эч бир шартта өзөктүк куралга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк берилбеши” керектигине токтолду.

Роуханинин айткандарын “дүйнөнү барымтада кармоо” аракети деп мүнөздөп, Иран өзөктүк келишимди мындай максатта колдоно албасын, ал “ракета учуруулары, терроризмди колдогону, адам укуктарын жеригени, БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын бузганы үчүн жооп берерин” да кошумчалады.

Ал эми Вашингтондон Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт президент Роуханинин сөздөрүн тикелей комментарийлеген жок.

Бирок Кошмо Штаттар өз тарабынан келишимдин шарттарын толук аткарып жатат деп ырастады. Мамдепартаменттин өкүлү ошондой эле Вашингтон Иранга карата саясатын кайра кароо үстүндө экенин айтып, өзөктүк келишим Тегерандын аймакта “дестабилдештирүү ишмердигин” токтотпогонун баса көрсөттү деди.

Иран 2015-жылы жайда дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн көп тараптуу макулдашууга ылайык, ал өзөктүк программасын кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок АКШ Конгрессинин санкциялары али күчүндө.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат деген тыянакка келгени менен АКШ лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканын” айыптап келишет.

Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Ушул айдын башында эле президент Трамп Иран өзөктүк келишимдин “маңызын” сактабай жатканын кайрадан эскертип, документтин өзүн “жаман макулдашуу” деп сыпаттаган болчу. Ушундай эле ойду 1-август күнү мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон да айтып, мындай деген эле:

- Менимче, биздин эле эмес, башкалардын да жалпы көз карашы боюнча Иран аймакта жакшы коңшу эмес. Ал (Иран) өзүнүн баллистикалык ракета программасын токтоткон жок. Андыктан, келишимдин (өзөктүк) маңызы бузулду. Бул эмнени билдирет? Эгер биз келишимдигин маңызы бузулду деп жатсак, демек андан чыгып кетебизби же Иранга алар келишимдин маңызына кайтуусун күтө турганыбызды көргөзгүбүз келеби? Менимче, бизде альтернативдүү жолдор көп, алардын жардамы менен келишимди (өзөктүк) саясатыбызды жана Иран менен мамилебизди алга жылдыруу үчүн колдонобуз. Талкуулар мына ушул варианттардын тегерегинде анын ичинде президент менен да жүрүп жатат.

Вашингтон Тегерандын өзөктүк келишимге кол коюлгандан кийинки ракеталык сыноолоруна жооп чара катары бир нече айлампа менен санкцияларды да киргизди.

Иран болсо ракета сыноолор келишимди бузган жок жана коргонуу гана максатында деп мүнөздөйт.

Бул аралыкта Израилдин медиасы Иран Сирияда узак аралыкка учуучу ракеталарды чыгаруу боюнча завод куруп жатканын кабарлады. Мындай маалыматтар спутниктен тартылган сүрөттөр менен бекемделген. Аларга ылайык, Ирандыкы делген курал завод Сириянын Жер Ортолук деңиз жээгиндеги Банияс шаарында курулуп жатат. Иран азырынча Израил медиасына чыккан маалыматтарды комментарийлей элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG