Идлиб: Эрдоган чабуулдун кесепетин эскертти

Орусия, Иран, Түркия президенттери Тегеран саммитинен кийинки басма сөз жыйында. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Орусия жана Иран президенттери менен кездешип жатып Сирия армиясы жана анын өнөктөштөрү Идлибге чабуул кое турган болсо, арты “кыргынга” алып келерин эскертти. Башар Асаддын армиясы козголоңчулардын колундагы акыркы ири чөлкөмдү кайтарууга бир нече күндөн бери даярданып жатат.

7-сентябрда Тегеранда өткөн саммитте үч өлкөнүн лидерлери Сириядагы кырдаалды талкуулашты. Жетекчилер Идлиб үчүн кармаш кан төгүүгө, карапайым эл арасындагы жоготууларга жана гуманитардык кризиске алып келет деген кооптонуулар күчөп турган маалда чогулушту.

- Кандай болбосун, Идлибге коюлган жана коюла турган чабуул алааматка, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Аймактагы 3,5 миллиондон көп киши жапа чегет, - деген Эрдоган - Биз бүгүн бул жерде ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыяласак, саммиттин эң маанилүү кадамы болмок. Жайкын тургундардын санаасы тынчымак. Андай жарыя бүгүнкү жолугушуунун жеңиши болуп калмак, - деп үндөдү.

Орус президенти Владимир Путин Сирия өкмөтүнүн өлкө аймагын өз көзөмөлүнө кайтарууга “толук укугу бар” экенин белгиледи:

- Экстремисттердин калган топтору ушу тапта Идлиб провинциясында де-эскалация зонасында топтошуп турат. Террорчулар ок атышпоо режимин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишүүдө.

Путин "козголоңчулар бул сүйлөшүүлөргө катышпагандыктан алар үчүн чечим кабыл алууга болбойт" деп, Эрдогандын сунушуна каршы пикирин айтты.

Ирандын президенти Хасан Роухани өз кезегинде Сириядагы куралдуу күрөш бардык экстремисттер, айрыкча Идлибдеги жоочулар “түп-тамыры менен жок кылынмайынча” уланууга тийиш деп билдирди. Ошондой эле кармаштар карапайым элге залакасын тийгизбеши керек деп кошумчалады.

Ал ортодо Идлибдин жашоочулары Башар Асадга жана чөлкөмгө чабуул коюу планына нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышты.

Чыгыштагы Саракеб шаарына чогулган эл “Биздин революцияны коргойбуз” деген ураандарды чакырып турушту.

Идлиб шаарындагы демонстрация. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Үч тараптуу сүйлөшүүлөргө чейин Тегеранга тышкы жана Коргоо министрлери, тышкы саясат боюнча кеңешчисинин коштоосунда барган Путин Эрдоган менен жолугушкан.

Иран башкалаасындагы кездешүүнүн алдында Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм Хама жана Идлиб провинцияларында козголоңчулардын буталарына абадан соккулар урулганын, көптөгөн кишилер набыт болгонун билдирди.

Улуттар Уюму 3 миллиондон ашуун калк жашаган аймакта айыгышкан салгылашуу тутанса, арты чоң катастрофага алып келет деп эскертүүдө. Ал эми Анкара кармаштардан качкан миңдеген киши кошуна Түркияга агылат деп чочулайт. Ушу тапта 3,5 миллиондой сириялык бозгун түрк жергесинде башкалкалап жүрөт.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Идлибде козголоңчулардан тышкары “Ал-Каида” менен байланыштагы 10 миңдей согушкер да бар.

Асаддын армиясы аймакка чабуул коюуга даярданып жаткан кезде үстүбүздөгү жумада Дамасктын негизги өнөктөшү Орусия авиациясы 22 күндүк тыныгуудан кийин кайрадан аймакты бомбалоону баштаган. Орусия андан тышкары согуштук 10 кемесин жана суу астында сүзүүчү кемелерин Сириянын жээгине тартып жатканы кабарланууда.

Сирия жана Орусия үчүн Түркия менен чек аралаш провинция стратегиялык мааниге ээ. Эмне дегенде Идлиб Асаддын таянычы, орусиялык аба базасы жайгашкан Латакиянын жанында орун алган.

Жети жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта Орусия менен катар Асад режимин Иран да колдойт.

Түркия болсо козголоңчу топторго жан тартканы менен Москва жана Тегеранга кошулуп тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп келди.

Батыш өлкөлөрү Сириядагы жаңжалга ачык киришпегени менен былтыр “Ислам мамлекети” радикал уюмун сүрүп чыгарууга аракеттенип жаткан күрттөрдүн кошуундарын колдогон.

Соңку окуялардан улам АКШ, Франция жана Британия Асад Идлибди кайтаруу үчүн химиялык курал колдоно турган болсо, тиешелүү чара көрүшөрүн эскертишти.

Москва менен Дамаск химиялык чабуул пландалууда деген ырастоолорду четке кагышууда. Бирок АКШнын Сирия боюнча атайын кеңешчиси Жим Жеффри андай чабуулдун ыктымалдыгын тастыктаган далилдер бар экенин 6-сентябрда кабарчыларга билдирди.

Бир жылга жетпеген убакытта үч өлкөнүн президенттери ушуну менен үчүнчү жолу Сирия маселесин талкуулоо үчүн кездешти.

Сочи жана Анкарадагы саммиттерде айрым жерлерде, анын ичинде Идлибде де-эскалация тилкелерин орнотуу жөнүндө макулдашылган. Мындай чара зордук-зомбулукту кыска убакытка басаңдатканы менен кийин Орусия жана Ирандын көмөгү менен аракеттенген Сирия аскерлери тарабынан бузулуп келди.

2011-жылы башталган Сирия согушу 400 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.