Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Ирандын министри Сирияга барды


Сирия президенти Башар Асад жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Дамаск, 3-сентябрь.
Сирия президенти Башар Асад жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Дамаск, 3-сентябрь.

3-сентябрда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Дамаскка барып, президент Башар Асад менен жолукту. Жолугушуу Сирия армиясы козголоңчулардын акыркы ири таянычы деп эсептелген Идлиб провинциясына чабуулган коюуга камданып жаткан маалда болду.

Сириянын өкмөттүк армиясы Идлиб провинциясын өз көзөмөлүнө алуу операциясына даярданып жатканы өткөн аптада маалым болуп, муну расмий Дамаск да ырастаган.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин Сирияга сапары дал ушул чабуулду жана Орусиянын, Ирандын, Түркиянын президенттеринин жолугушуусун утурлай жасалды. 7-сентябрда Иранда өтчү жолугушууда Владимир Путин, Режеп Тайып Эрдоган жана Хасан Роухани Сириядагы сегиз жылга аяк баскан жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун жана соңку кырдаалды талкуулашары күтүлүп жатат.

Зариф 3-сентябрда Дамаскта Башар Асаддан тышкары Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем жана премьер-министри Имад Хамис менен жолукканын Ирандын "Фарс" маалымат агенттиги кабарлады. Москва менен Тегеран колдогон Башар Асад козголоңчулар өз эрки менен өкмөттүк армиянын колуна түшүп бербесе, аларга каршы чабуул башталаарын убада кылган.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини өкмөттүн чабуулу аймакты гуманитардык кризиске кептеши мүмкүндүгүн эскертти:

- Биринчиден, биз аймакта гуманитардык апаатка алып келе турган аскерий операциялар токтошу керек деген позициядабыз. Биз ошондой эле Сирияга багытталган гуманитардык жардамды көбөйтүү жолдорун талкууладык. Ошол эле маалда Сирияны кайра калыбына келтирүүгө багытталган каражатты Евробиримдик Сириядагы саясий процесс Улуттар Уюмунун колдоосу алдында өткөндө гана бөлөт деп айта алабыз.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 16-март, 2015-жыл.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 16-март, 2015-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада 3-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Сириянын армиясы Идлиб провинциясындагы террорчуларды жок кылууга толук укугу бар экенин айтты.

Ал эми Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Асаддын күчтөрүнүн Идлибге кол салышын Сириядагы согуштун эскалациясы катары кабыл аларын 31-августта билдирген. Мамлекеттик департамент ошондой эле Сириянын өкмөттүк күчтөрү химиялык чабуул жасаса, Вашингтон ага жооп кайтарарын эскертти.

Идлиб жана анын жака белинде үч миллиондой киши бар. Улуттар уюмунун расмий өкүлдөрү алардын 800 миңдейи өкмөттүн чабуулунан улам качкынга айланышы мүмкүндүгүн билдирип жатат. ЮНИСЕФтин чукул кырдаалдар боюнча өкүлү Мануэл Фонтэйн буларды айтты:

- Биз Идлиб провинциясында, анын жака белинде жана Идлиб шаарында жалпысынан миллиондой бала бар экенин билебиз. Бул балдар бир же эки эмес, бир нече жолу ата-энеси, жакындары менен жер которууга аргасыз болушту. Бул балдардын өмүрү өзгөчө тобокелдикте.

Идлиб шаары. 8-июнь, 2017-жыл.
Идлиб шаары. 8-июнь, 2017-жыл.


Сириядагы бийликке каршы чыккан оппозициячыл күчтөрдүн карамагындагы акыркы ири таяныч деп эсептелген Идлиб провинциясы Түркиянын чек арасына жайкын аймакта жайгашкан. Бул чөлкөм аркылуу Латакия менен Алеппону байланыштырган кыска жол жана Түркия менен Иорданияны байланыштырган эл аралык М5 жолу өтөт.

Идлиб ошондой эле Түркия "Евфрат калканычы" жана "Зайтун бутагы" деп аталган эки операциянын алкагында өз көзөмөлүнө алган эки аймакка жакын жайгашкан. Байкоочулардын айтымында, ошол себептен бул чабуулду баштар алдында Анкаранын да пикирин эске алуу тараптар үчүн маанилүү.

Айрым эксперттер бул маселе 7-сентябрда Иранда үч президенттин жолугушуусунда так чечилерин белгилеп жатышат.

Идлибде бир нече козголоңчулардын топтору бар. Алардын арасынан эң күчтүүсү деп "Тахрир ал-Шам" эсептелет. Курамына "Ал-Каида" экстремисттик тобу менен байланышы бар "ан-Нусра" фронту кирген бул топ провинциянын алтымыш пайызын көзөмөлдөй турганы айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG