Иран келишимине бир жыл

Тегеран тургундары Иран менен ири мамлекеттер ортосунда өзөктүк программа боюнча келишимге кол коюлушун майрамдап жаткан учур. 14-июль, 2015-жыл.

Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри кабыл алынгандан бери кайчы пикирлер айтылып келе жаткан келишимдин маанисин жогору баалады.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жетишилген келишимге туура бир жыл толду.

Аталган келишимден улам акыркы бир жыл ичинде БУУнун жана Батыштын санкцияларынын көбү жоюлганы менен Иран дагы эле эл аралык изоляцияда калып, экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иран менен бир нече жыл жана бир нече айлампадан өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашууга былтыр 14-июлда жетишкен.

Буга байланыштуу кечээ Парижден сүйлөгөн учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри аталган документти “дүйнөнү коопсуз кылган” жана “күтүлгөндөрдү актаган” келишим катары баалады:

- Көптөр иштебейт, алдамчылык болот, аткарылбайт, дүйнөнү кайра кооптуу кылат деп айтышкан программа иш жүзүндө, бир жылдан кийин, бүгүнкү күнгө карата дүйнөнү кайра коопсуз кылды, андан күтүлгөндөрдү актады. Келишим түзүлгөндөн бери Ирандын 19 миң центрифугасы (уран байытууда колдонулуучу жабдуу) МАГАТЭнин көзөмөлүнө жана сактоосуна берилди. Арак өзөктүк жайындагы плутоний реактор чыгарылып алынды. Биз иштөөнү дагы улантабыз. Тигил же бул маселелер боюнча суроолор чыга берет. Бирок фундаменталдык жактан көп тараптуу жана татаал сүйлөшүүлөр аймакты жана дүйнөнү өзөктүк куралдын жайылуу коркунучу жагынан кыйла коопсуз кылып койгонуна дүйнө сыймыктана алат.

Былтыр мунаса акыр-аягында табылгандан кийин Ирандын ийге келишине түрткү берген негизги фактор катары баяндамачылар экономикалык санкциялардын кесепети жыл өткөн сайын оорлоп кеткени, Тегерандагы бийликтердин муну аңдап-билгенин көргөзүшкөн.

Келишимдин бир жылдыгына байланыштуу Иран өкмөтү азырынча кандайдыр бир билдирүү жасай элек. Өлкөнүн тышкы иштери министри Жавад Зариф июндун соңунда Парижде болгон учурунда төмөнкүлөргө токтолгон болчу:

- Биз алака-катыштын (Батыш менен) жаңы баскычына кирдик. Бул өз ара кызыкчылыктарга жана жалпы максаттарга жетүүгө багытталган. Алардын бири - өзөктүк чөйрө. Дүйнө көрүп тургандай, Иран өз убадаларын карманып, аларды бузган жок жана ушундай эле деңгээлде башкалар да өз убадасын аткарышын күтөт.

Былтыркы макулдашуунун башкы жоболоруна ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөө менен эл аралык көзөмөл астына койсо, ага каршы санкциялар жоюлмак.

Глобалдык санкциялардын көбү быйыл жыл башына карата алынды, бирок АКШнын айрым, анын ичинде Конгресс киргизген чектөөлөрү али сакталып тургандыктан, Тегеран эл аралык каржылык системага толук кандуу кошула албай жатканына даттанып келет.

АКШнын күчүндө турган бир тараптуу санкциялар америкалык компанияларга жана жеке адамдарга Иран менен бизнес кылуунун көп формаларына тыюу салат.

Мындан АКШнын тышындагы компанияларга да таасири тийүүдө. Ирандын банктары, ошондой эле Иран менен байланышкан акча которууларды жүргүзгөн чет өлкөлүк банктар бул операцияларда долларды колдоно албайт.

Келишимге кубанган тегерандыктар. 14-июль, 2015-жыл.

Май айында Лондондо бул маселе боюнча атайын жыйын өткөндө АКШ администрациясы да келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарганын, Европанын ири банктарынын Иран менен иш кылуусуна эч каршылык жоктугун, болгону алар санкция сакталып жаткан ирандык жеке адамдар жана компаниялар менен иш кылуудан этият болушу керектигин билдирген.

АКШда өзү Конгресстеги республикачылар Иран менен түзүлгөн келишимге кескин каршы чыгышкан эле.

Бир жылдыкка тушташ 13-июль күнү республикачылар көзөмөлдөгөн Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы ошол келишимге ылайык, АКШнын Ирандан плутоний байытууда колдонулуучу зат - оор суунун ашыкча бөлүгүн 8,6 миллион долларга сатып алуусуна жол бербөөнү караган мыйзам кабыл алды.

Ирандын Арак өзөктүк жайынан реактор чыгарылып жаткан учур.

Бирок президент Барак Обама дүйнө державалары, анын ичинде АКШ Иран менен түзгөн келишимге зыянын тийгизүүчү мыйзамдарга вето саларын буга чейин бир нече жолу эскерткен.

Андыктан, акыркы мыйзам долбоору да Обаманын президенттиги учурунда укуктук күчкө ээ болбойт деп күтүлүүдө.