Араб Лигасы Ирандын "кийлигишүүсүнө" каршы

Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Ирандын аракеттерин талкуулаш үчүн Каирге чукул жыйынга чогулушту. Маалыматтарга караганда, анын күн тартибине “Ирандын региондогу иштерге кийлигишүүсүнө” туруштук берүү маселеси алынып чыккан.

Араб Лигасынын жыйыны суннилер башкарган Сауд Арабиясы менен шийит Ирандын ортосунда Йемен менен Ливанга байланыштуу чыңалуу күчөп жаткан кезде өтүүдө.

Эр-Рияд жолугушуу жөнүндөгү кайрылуусунда “Иран араб чөлкөмүндөгү мыйзам бузуусу менен дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирүүдө”, - деп белгиледи. Бул тууралуу АФП агенттиги жазды.

“Иран ушул тапта айрым араб өлкөлөрүндө кылып жаткан мыйзамсыз иштер, түрдүү жолдор менен кийлигишүүсү, опузасы, ушунун бардыгын токтотууга мезгил жеткенин көргөзүүдө, - деди Араб Лигасынын баш катчысынын жардамчысы Хосам Заки лондондук “Ашарк ал-Авсат” гезитине.

“Бул үчүн биргелешкен аракеттер талап кылынат, жыйында Тегеранга кайрылуу жасалат” – деп кошумчалады Заки.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Анталияда жүргөн жерден жооп кайтарып, “Тилекке каршы, Саудия режими өңдүү өлкөлөр бөлүнүп-жарылууну, ырксыздыкты гана көздөшөт, бөлүнүүдөн башка эч нерсени көрүшпөйт”, - деди.

Жавад Зариф.

4-ноябрда Ливандын премьер-министри Саад Харири Сауд Арабияда жүргөн жеринен кызматынан кетээрин жарыялаган. Ошондой эле Ислам жумурияты колдогон "Хезболла" тобу араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Ливандагы иштерге кийлигишип жатат деп айыптап, өз өмүрү үчүн кооптонгонун айткан. Ливан өкмөтүнүн курамына кирген "Хезболла" президент Мишел Аундун өнөктөшү катары белгилүү. Президент өз кезегинде премьердин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алуудан баш тартып, Эр-Риядды Харирини барымтада кармап жаткандыгы үчүн айыптаган. Сауд Арабия бийлиги жана премьер өзү муну четке каккан.

Франция президенти Эммануэл Макрондун кийлигишүүсүнөн кийин Харири 19-ноябрда эртең менен Парижге барып, жакынкы күндөрдө Бейрутка кайтаарын, өз позициясын ошондо тактаарын билдирди:

- Ливандагы саясий кырдаалды эске алуу менен, Бейрутка жакынкы күндөрдө барып, эгемендик майрамына катышам. Президент Мишел Аун менен кездешкенден кийин өз позициямды айтам.

Ливандын өкмөт башчысы Саад Харири.

Андан тышкары Каир жолугушуусунда Йемендеги козголоңчулардын 4-ноябрда Сауд Арабияга карай ракета атуусу да каралууда.

- Араб өлкөсүнүн борбор шаары мыйзамсыз согушкерлердин тобу аткан баллистикалык ракетанын бутасына айланганда, бул абдан олуттуу коркунуч жана ага кайдыгер карабашыбыз керек, - деди Араб Лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт жыйынды ачып жатып.

4-ноябрда атылган баллистикалык ракета Эр-Рияддын эл аралык аэропортунун жанына түшкөн. Ошондон кийин ханзаада Салман муну согуш аракети катары бааласа болоорун айтып, "хусит козголоңчуларын ракета менен Тегеран жабдыган" деп күнөөлөгөн. Мындай дооматтарга АКШ да кошулуп, маселени 7-ноябрда БУУда козгогон жана Ирандын Йемендеги өнөктөштөрүн мыйзамсыз курал-жарак менен жабдууну токтоттурууну талап кылган. Тегеран дооматтарды четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.