АКШ менен Иран бири-биринен сый күтөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШ Иран менен алдын-ала шарт койбой туруп сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-июнда билдирди. Бирок Помпео бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керек экенин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы жекшембиде Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис менен жолукту. Жолугушууда талкууланган негизги темалардын бири Иран менен мамиле болду.

Ирандын президенти Хасан Роухани ишемби күнү эгер Вашингтон сый мамиле кылса, Тегеран сүйлөшүүгө барышы мүмкүн экенин айткан. Ал Иран басым кылып жаткан кезде эч убакта сүйлөшүүгө отурбай турганын кошумчалаган.

Роуханинин сөзүнө комментарий кылып жатып АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мурдагы позициясын жумшарткандай болду.

«Биз алдын-ала шарт койбой туруп сүйлөшүүгө даярбыз» деген Помпео бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керек экенин билдирди.

Майк Помпео.

​«Биз албетте, сүйлөшүүгө даярбыз. Бул үчүн ирандыктар өздөрүн жакшы өлкө катары көрсөтүү боюнча жыйынтыкка келиши керек. Азыркы учурда чыныгы көйгөй Ирандын ичинде. Ал биздин экономикалык санкцияларга байланыштуу эмес. Ислам режими 40 жылдан бери өз элинин камын ойлобой, ресурстарды «Хезболланы» колдоого, Сириядагы урушка колдонууда. Асаддын режимин колдоп жаткан Ирандын иш-аракетинен улам Сирияда алты миллион адам жер которууга аргасыз болду», - деген Помпеонун айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин мурдатан билдирип келе жатат.

Бирок Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф «ABC News» телеканалындагы маегинде сүйлөшүүнү баштоого анчалык ишене бербей турганын айтты.

«Сүйлөшүүлөр – бул басымды улантуу процесси. Балким бул ыкма турак жай базарында иштеши мүмкүн, ал эми Иран менен мамиледе бул иштебейт», - деди ал.

Жавад Зарифтин айтымында, «адамдар АКШ менен келишим түзүүдөн мурун жети өлчөп бир кесе турган болот. Анткени алар бүгүн макулдашкан нерсе эртеси жокко чыгарылышы мүмкүн экенин билишет».

Жавад Зариф.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

АКШнын мындай кадамдарына карабай, Тегеран келишимдин шарттарын аткарып жатканын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бышыктап келе жатат.

Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Иран коюшу мүмкүн болгон чабуулдун алдын алуу катары түшүндүргөн.

Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар көп.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.