Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларында мерт болгондор 500гө жакындады. Студент кыздын өлүмүнөн кийин тутанган демонстрациялар бийликке каршы жүрүшкө айланган.
Митингчилер диний негиздеги катаал чараларга каршы чыгышкан. Расмий Тегеран Адеп-ахлак полициясын жоюп, хижабды милдеттүү кийүү жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгарын кыйытты.
Курмандыктар жана бийликтин убадасы
Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) жаңы статистикасында Ирандагы соңку каршылыктардын курмандыктары 470ке жеткенин маалымдады. Мунун 64ү жаш бала.
Мекеме он күнчө мурдараак эле өлгөндөрдүн санын 400дөй деп баалаган эле. Ушул аралыкта эле мерт болгондордун саны 70-80ге көбөйүп кетти.
HRANA агенттиги Твиттердеги баракчасында дээрлик эки-үч саатта бирден жаңы кармалгандардын сүрөттөрүн жарыялап, ар кайсы жерлердеги митингдердин видеолорун коюп жатат. Демонстранттардын көбү көчөдө, өлгөн адамдардын бейиттерине чогулуп жатышса, студенттер окуу жайларда акцияларын улантып жатышат.
“Арак шаарында Сина Малайери аттуу жаран көмүлгөн жерге ондогон адамдар чогулду. Алар каршылык билдиришти жана “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышты. 22-октябрда Сина Малайерини күч кызматкерлери таяк менен сабап өлтүрүшкөн болчу”, – деп комментарийлейт агенттик өз баракчасында жарыялаган видеодогу үндөрдү.
Ушул убакка чейин 20 миңдей адам кармалды. Аларга катаал жаза чегерилип жатат, кеминде бир нече адам өлүм жазасына кесилди.
Ирандын бийлиги азырынча 200дөй гана адамдын өлүмүн ырастады. Бирок расмий органдар канча киши кармалганын такташа элек.
Ал арада өкмөт биринчи жолу нааразылыктардын талабына шайкеш убадаларды берип, жүрүм-турумга көз салган Адеп-ахлак полициясын жоёрун жар салды.
Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги 4-декабрда өлкөнүн Башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазеринин мындай сөзүн келтирди:
“Сот системасына шайкеш келбеген Адеп-ахлак полициясы жоюлду. Бирок сот системасы социалдык көйгөйдү чечүүсүн уланта бермекчи”, – деген анда башкы прокурор.
Жафар Монтазери ошондой эле өлкө бийлиги аялдарды хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамды өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатканын маалымдады. The Guardian жана AFP маалымат агенттиктери жазгандай, ал парламент да, сот органдары документти кайра карап жатышканын, эки аптада жыйынтык болорун билдирген.
Бийликке каршы чакырыктар жана конституциялык түзүм
Ирандагы соңку нааразылык акциялары эки жарым ай мурда тутанган. 13-сентябрда Тегерандын Адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин, 16-сентябрда ал абакта каза болуп калган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.
Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуу катталды. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар көп болду.
Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атып жатат. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.
Аз күн алдын Ирандын Белужистан провинциясындагы суннит багытындагы белгилүү диний ишмер Молави Абдолхамид митингчилерди күч менен басууну айыптап, өлкөнүн түзүмүн референдум аркылуу өзгөртүүгө чакырган:
“Нааразылыктарды камакка алуу жана өлтүрүү менен басууну токтотуп, Ирандын мамлекеттик системасын өзгөртүүгө мезгил жетти. Элдин каршылыгы соңку 43 жылдагы саясат туңгуюкка кептелгенин көрсөттү”, – деп келтирет диний ишмердин сөзүн Reyters маалымат агенттиги.
Иранда 1979-жылы мурдагы монархиялык режим кулатылгандан кийин өлкө Ислам Республикасы деп аталып калган. Өлкө теократиялык, башкача айтканда исламдык негизде башкарылат. Президент жана парламент болгону менен жогорку бийлик рухий лидер – аятолланын колунда. Ислам эрежелерине ылайык, аялдар коомчулукта жабык кийинип, хижаб оронуп жүрүшү керек. Ал эрежелердин аткарылышын Адеп-ахлак полициясы көзөмөлдөйт.
Былтыр шайланган президент Ибрагим Раиси быйыл жайда жүрүм-турум эрежелерин катаалдатып, хижаб тууралуу жаңы мыйзам киргизген. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелери айтылган. Анын ичинде хижаб кийбеген аялдар мамлекеттик мекемелерге, банктарга жана коомдук транспортторго киргизилбей турганы айтылган. Бул дагы соңку нааразылыктарга себеп болуп калды.
Ирандын бийлиги акыркы күндөргө чейин митингчилерди айыптаган гана позицияны карманып келсе, эми гана кандайдыр бир ийге келчү саясий убадаларын жаңыртып жатат.
“Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу жазгандай, Ирандын президенти Ибрагим Раиси 3-декабрда парламенттеги сөзүндө мындай деди:
“Ирандын Конституциясы дүйнөдөгү эң прогрессивдүү. Анткени анда биздин элдин идеалы менен демократиясы камтылган. Бирок Конституциянын ишке ашырууда жумшагыраак ыкмалар да бар”.
Ирандын бийлиги азыркы нааразылык акцияларынын тутанышына АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин айыптап жатат. Бирок Батыш өлкөлөрү Ирандагы нааразылыктарга тиешеси бар экендигин төгүндөп, буга расмий Тегерандын ушуга чейинки саясаты жана катаал чектөөлөрү алып келгенин билдирип жатышат.