Интернет аркылуу гүлдөгөн баңги бизнеси

Бул журналисттик иликтөө жарандарды маңзатка азгыруу жана жайылтуу көйгөйүнө, баңгизаттын адам өмүрүнө, өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирерине коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. Кыргызстанда тыюу салынган психотроптук заттарды жарнамалоо ниети жок.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

Интернеттеги маңзат соодасы

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги дубалдагы жазууларга көпчүлүк көңүл бурбашы мүмкүн. Бирок өкмөттүк маанидеги жолдун бул бөлүгү баңги бизнеси менен алектенгендер үчүн абдан маанилүү.

Анткени бул жерде дареги калтырылган Телеграм каналдарынын бири менен байланышып, мефедрон, спайс сыяктуу синтетикалык баңгизатынан баштап, героинге чейин сатып алса болот. Мындай схема Кыргызстандын бир нече шаарларында иштеп, алардын жарнамасы кадам сайын кездешет.

Бишкектеги баңгизатын жарнамалаган жазуулардын бири.

Баңгизатын саткан интернет дүкөндөрдүн биринин сайтында алар "Ош, Бишкек баштаган бир нече шаарда иштеп, жакын арада Балыкчы, Жалал-Абад, Өзгөн жана Таласта ачылары" жазылып турат. Ушул эле жерден Телеграм каналдардын бирине өтүп кетсе болот.

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү баңгизаттын жарнамасы. Мындай билдирүүлөр кадам сайын кездешет.

Телеграм каналда маңзаттардын аталышы, өлчөмү жана баасы боюнча кеңири маалымат бар. Акчасы электрондук капчык аркылуу же биткоин менен төлөнөт. Бир гана доллар менен соода кылгандары да кездешет.

Интернет дүкөндүн операторлору каражатты “Pay24” терминалындагы Qiwi капчыгы аркылуу которууну суранат. Анткени, аталган акча которуу системасы телефонго байланган эмес. Баңги бизнеси менен шугулдангандар реквизиттерин байма-бай алмаштырып турат.

Баңгизатын саткандарга акча терминал аркылуу которулат.

Биз ошондой даректердин бири аркылуу байланышка чыктык. Качан гана акчаны которуп, анын чегин жиберериңиз менен баңгизат катылган жерди айтып, анын координаттарын, сүрөтүн кошо тиркеп жиберет экен.

1300 сомго бааланган 3 грамм синтетикалык маңзат Кара-Жыгач жаңы конушундагы эки көчөнүн кесилишине катылган экен. Телеграмдан келген маалыматта баңгизат 4-5 сантиметр тереңдикте көмүлүп, сары таңгакта экени жазылган. Биз аталган дарекке келгенден кийин милиция чакырып, окуяны түшүндүрүп бердик.

Акча которулгандан кийин баңгизат саткан интернет дүкөн ушундай сүрөт жиберет.

Бул жерге келген милиция баңгизатын бат эле таап, экспертизанын жыйынтыгы эки апта ичинде чыгарын билдирди. Синтетикалык маңзат саткан Телеграм каналдын дарегин алып, тергөө иштери башталды. Баңгизатын интернет аркылуу таратып жаткандардын кармаларына милиция өзү деле ишенбей турганына күбө болдук.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Айдар Шигаев анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Айдар Шигаев.

“Мурда баңгизаттарын сатып алуу жолугушуу, соодалашуу жолу менен жүргөн. Азыр болсо толук интернетке өтүп, пандемия учурунда аябай өнүгүп кетти. Мындай кылмыштардын бетин ачуу аябай оор боло баштады. Ошол эле учурда такыр кармалбайт деп айтуу туура эмес. Кандай кылмыш болбосун өз изин калтырат да. Жыл сайын синтетикалык маңзаттын жаңы түрү пайда болууда. Биз алар менен күрөшүү үчүн атайын башкармалык ачтык".

Иликтөө көрсөткөндөй, Бишкектен синтетикалык баңгизатын сатып алуу үчүн бир сааттан ашык убакыт керектелди.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

"Кладчик" - жаштарды жардан түрткөн жумуш

Баңгизатын шаардын ар кайсы бөлүгүнө катып иштеген адам – “кладчик” деп аталат. Ар кандай Телеграм каналдар бир гана баңгизат эмес, жумуш да сунуштайт. Ал үчүн паспорт менен сүрөткө түшүп, андан соң 10 миң сом күрөө бериш керек. Чакан текшерүүдөн өтүп, андан кийин жумушка кирише берсе болорун айтышат.

Көп учурда жаштар же маңзаттан көз каранды, бирок аны сатып алууга акчасы жок адамдар баңгизатын ташып иштөөгө макул болот.

Баңгизат саткан "Телеграм" каналдагы билдирүү.

Көп учурда баңгизатын саткан "дүкөндүн" ээлери эмес, аны таратып жүргөн курьер же сатып алган жарандар милицияга кармалып, соттолуп кетүүдө. Анткени маңзат бизнесинин башында тургандар эч ким менен жолугушпай, ишмердүүлүгүн онлайн гана жүргүзөт. Милиция бир каналды жапса, экинчисин ачып иштей берет.

Бир нече жыл синтетикалык баңгизатын колдонуп, азыр андан алыстаганга аракет көрүп жаткан Руслан "кладчиктер" боюнча билгенин айтып берди.

Руслан.

"Кладчиктердин" эркиндиктеги өмүрү аябай кыска. Алар бат эле кармалышат. Бирок интернет дүкөндүн аны менен башы оорубайт. Башка баланы акча менен азгырып, бат эле жумушка алат. Ал кармалса, дагы башкалар менен иштеше берет. Бул жердеги система ушундай. "Кладчик" колдонуп ыргыта берген материалга окшош. Көбүнчө жаш балдардын тагдыры сынып жатат".

Кыргызстандан тышкары Орусиядан баңгизат ташууга айыпталып полициянын торуна түшкөн кыргызстандыктар күн санап көбөйүп жатат. Алардын ата-энелери балдарын Кыргызстандын абагына которо албай убара болууда.

Милиция шаар ичине катылган баңгизатын алып жатат.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы болсо 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.

ИИМ: Интернеттеги кылмышка каршы күрөш оңой эмес

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 10 интернет дүкөнүнүн уюштуруучуларын кармап, 19 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирүүдө.

Андагы башкармалыктын жетекчиси Айдар Шигаев интернеттеги кылмышкерди кармоонун кыйынчылыгы көп экенин айтууда.

Айдар Шигаев

"Мисалы, кээ бир жарандар акча которулган реквизиттер менен эле кармап койсо болот деп ойлошу мүмкүн да. Аларга жөнөтүлгөн акча алгач Казакстанга, андан кийин Орусияга кетиши мүмкүн. Анан бир жерден чыгарып алышат. Маңзат бизнесинин башында тургандар кошуна өлкөлөрдө туруп алып иштеши мүмкүн. Ошон үчүн аларды издөөдө кыйынчылык жаралат. Бул бир гана милициянын маселеси эмес. Ар бир жаран күрөшүп, ата-энелер балдарын карашы керек".

Айдар Шигаевдин айтымында, акчасы чет өлкөгө чыгарылып жаткан баңгизаттын көбү Кыргызстандын өзүндө эле жасалат. Жыл сайын синтетикалык маңзаттын жаңы түрү пайда болуп, интернеттин өнүгүшү менен аны таратуу жеңил, күрөшүү оор боло баштады.

“Баңгизаттын органикалык түрүнө чыгым көп кетет. Аны өстүрүш керек. Кадимки эле айыл чарба. Ал эми синтетикалык маңзатты жасоо жеңил. Баасы арзан. Анын курамындагы элементтер өз-өзүнчө болгондо тыюу салынган заттарга кирбейт. Аларды бириктиргенде гана баңгизат болуп чыга келет”.

Республикалык наркология борборунун маалыматына караганда, өлкө боюнча баңгизатына көз каранды 8226 адам катталган. Бирок бул сан реалдуу статистиканы көрсөтпөйт. Себеби баңгизатына көз каранды болгондордун көбү жеке клиникаларда анонимдүү дарыланууну туура көрөт. Наркологдор соңку жылдары синтетикалык баңзизатын колдонгон жаштар көбөйгөнүн айтат.

"Баңгизаттын айынан жумуштан айдалып..."

Руслан орус-кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн жигит экен. Анын негизги кемчилиги - баңгизатына болгон көз карандылыгы. Ушул нерсе анын жашоосуна кедергисин тийгизген.

"Баңгизатын алгачкы жолу 9-класста окуп жүргөндө чегип көргөм. Анда класстагы балдардын көбү колдоно баштаган. Кийин кара куурай табылбай калаганда, синтетикалык баңгизатын колдонуп кеттим. Анан жумуштан айдалдым, окуум токтоп калды. Үйдөгүлөр көп ишенбейт. Негизи досторуңа көп нерсе көз каранды экен", - деди Руслан.

Синтетикалык баңгизат салынган баштыкча. Сүрөт маңзат сатылган "Телеграм" каналдан алынды.

23 жаштагы Руслан азыркы учурда баңгизатынан кутулуунун аракетин көрүп жатат. Өзүнүн айтымында, ден соолугу да мурдагыдай эмес. Руслан баңгизаттын зыянын түшүнүп турганы менен кээде кармана албай кетерин айтып отурду.

"Ким болбосун баңгизатына бат эле көнүп кетет. Бирок андан чыгыш оор. Сатып алып чегесиң, бат эле түгөнөт. Кайра издей баштайсың. Атайын ушундай жасалса керек. Ага кирип кеткенге бардык шарттар бар. Кутулууга эч кимден жардам жок. Ашып кетсе Наркология борборунан каныңды тазалап берет".

Азыркы учурда Кыргызстанда спайс, кристаль, соль", мефедрон, скорость" деп аталган синтетикалык баңгизат көп колдонулууда. Баңгизаттын бул түрү бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда жана Орусияда кеңири жайылып жатат.

Өлүмгө жетелеген баңгизат

Расмий маалыматта Кыргызстанда маңзат колдонгондордун курагы орточо 20 жаштан 44кө чейин. Анткен менен адистер соңку жылдары 15-16 жашынан кара куурай чегип, андан кийин синтетикалык баңгизатына өтүп кеткен жаштар көбөйгөнүн белгилешет.

Республикалык наркология борборунун дарыгери Каниет Мамбеталиева маңзат колдогондордун курагы жашарып атканын белгиледи:

Каниет Мамбеталиева.

“Синтетикалык баңгизатты чегет, жыттайт, сайынат, жада калса свеча катары колдонгондор да бар. Бизге кайрылгандардын эң жашы 15 жаштагы бала болду. Өткөн жумада оор абалда жаш кыз келген. Бизде кайра жандандыруу бөлүмү жок болгондуктан, башка ооруканага жибердик. Соңку жылдары синтетикалык баңгизат колдонгон жаштар көбөйдү. Маңзаттын бул түрүн биринчи колдонгондон баштап көнүү башталат".

2017-жылдагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө 15 жаштан 64 жашка чейинки 271 миллион киши баңгизат колдонот. Анын ичинен 35 миллион адамдын саламаттыгы маңзаттын айынан талкаланып, кыйналып жашайт.

Нарколог Мамбеталиева маңзаттын, анын синтетикалык түрүнүн зыяны боюнча буларды айтты:

"Синтетикалык баңгизатын колдонгон адамдын өмүрү кыскарып, беш жыл ичинде өлүп калышы мүмкүн. Адегенде ички органдар керектен чыгат. Кулагы укпай же сокур болуп калышы мүмкүн. Дене болуп көрбөгөндөй кычышат, кан тамырлар ириңдей баштайт. Сөөктөрү ооруйт. Башында кумар үчүн колдонсо, кийин кыйналганын жеңилдетүү үчүн колдоно баштайт. Ушинтип отуруп адам жок болуп кетет".

Кыргызстанда баңгизатынан көз жуумп же майып болгон адамдардын расмий статистикасы жок. Адистер синтетикалык баңгизатына көз каранды болгондор жыл сайын көбөйүп, жаштардын саны арбып жатканына басым жасашат. Милиция, дарыгерлер бул маселе менен ар бир жаран, ата-эне кабардар болуп, бирге күрөшүү керектигин айтышат.

Интернеттеги маңзат бизнеси тууралуу видеодон толук көрө аласыз.