Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий алганда маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө.
"Дарбыз ташыйм деп баңги болдум..."
45 жаштагы психиатр-дарыгер Геогрий Кавтарадазе "Наркологияга альтернатива" аттуу коомдук фонддун юрист-кеңешчиси. Ал 13 жашында баңгизат колдоно баштаган. Отуздан оогончо 15 жылдай маңзаттын бардык түрүн колдонуп көргөн.
"Бул жаман жолго нашаа чегип түшкөм. Болгону 13 жашта элем, мектепте 7-класста окучумун. Коңшу бала бир күнү бир КаМАЗ дарбыз келгенин айтып, аны түшүрүүгө жардам сурады. Барып кечке иштедик. Жүк ташыган машиненин айдоочусу бизге эмгек акы катары нашаа берген. Машиненин ички чөнтөгүн ачып мага жашыл чөптү көрсөтүп "мына ушуну тамекидей кылып тартсаң, чыныгы жыргалды сезесиң" деген. Өспүрүм кезде эч нерсени аңдабайсың да. Жанымдагы балдарга эрдемсинип, нашааны тартып көрдүм. Биздин үйдүн жанында бала бакча бар эле. Короосуна түндө барып алып, аябай жыргап жатканым эсимде. Анан суусу жок кургак бассейнге секирип, башымды жарып алыпмын. Кийин айланамдагы досторумдун көбү баңги болуп чыкты. 1993-жылдары апийим "мода" болчу. Ал маалда мен медициналык институтка тапшырып, биринчи курста окуп жаткам. Төрт жыл апийим, гашиш жыттап жүрүп, окууну бүтөрдө героинге өттүм. 1999-жылы Кыргызстанга героинди алып келип итбекер таратышкан. Борбордук мечиттин жанында кууш көчөдө каалоочуларга жөн эле беришчү. Көрсө бизди көндүрүп жаткан турбайбы, аны кайдан билдик".
2000-жылы Георгий Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, ординатурага тапшырат. Дал ошол жылдары маңзатты ийне менен сайына баштайт. Ооруканада иштегендиктен, каалаган дарыны табат.
Ошентип, 2010-жылга чейин ийне сайынган баңгиге айланып, он жылдык жаштыгын текке кетирет. Ата-энесин убайымга салып, атасы эки ирет инсульт алат.
"Жакындарымбы?... Мен алардан көп убакытка чейин жашырынып жүрдүм да. Аябай зээндүү, өз жашоосун жөндөп кете алат деген тың чыкма уулу элем да. Атам ар дайым мага "уулум педофил же баңги болсо чыдабайм, атып салам" деп айтчу. "Маңзаттын торуна болушунча чырмалып калдым, ата мени кечир" деп айтканымда, күйүткө чыдабай эки ирет инсульт алды. Акыркы ирет инсульт болуп жыгылганда метадон терапиясы менен дарыланып жаткам. Өз колум менен атама тамчылатма дары сайып, дарыгер жана уулу катары өз милдетимди аткарууга аракет кылдым. Ал каза болгондо дарыланып жатканыма үч жыл болгон. Менин оңолгонумду көрүп кетти.
Георгий баңгизатка көз каранды адамдар көп жерде кылмыш, стресс көп болорун өз мисалында айтып отурду.
"Жашоомдун 15 жылдан ашуун күлгүн курагы текке кетти да. Жакшы жылдарымды маңзатка уурдатканыма өкүнөм. Өзүмдү эле эзбей, жакындарымды да кыйнадым. Атам менин айыман ооруп, ажал тапты. Эми акча жагын санабай эле коёюн, баарын бириктирсек, килейген бир нече машине эмес, учак сатып алчудай каражатты ушул маңзатка салбадымбы. Жакындарымдын колунда болгон акыркы бүдүрүнө чейин сатып түгөттүм. Чоң апам менен апамдын кутучасындагы зер буюмдардын баарын саттым...Дозага жетиш үчүн баарын саттым".
Өспүрүмдөр синтетикалык маңзатка байланууда
Георгий кесиби боюнча психиатр-дарыгер. Анын баңгизаттан арылганына үч жылдан ашып калды. Он жылдан ашуун дарыланган Геогрий ушул тапта маңзатка берилгендерге акысыз кеңеш берет.
Ал көз карандылыкты жеңүү үчүн маңзатты канча жыл колдонсо, ошончо жыл метадон терапиясын алуу шарт экенин эскертет.
Ал акыркы жылдары баңгиге айланган жаштар көбөйгөнүн, анын айынан өмүр менен эрте кош айтышып жаткандарын белгиледи.
"Героин кымбат. Ушундан улам баары эле синтетикалык маңзатка өтүүдө. Орусиядан "аптечная" деген дары, таблетка түрүндөгү арзандары да келип жатат. Кадеиндик препараттар адамдын саламаттыгына абдан оор таасир этет. Жакында эле бир таанышыбыз ушунун айынан көз жумду. Жаш өзгөчөлүгү боюнча героин сайынгандар болжол менен биз курактуулар. Биз 1990-жылдары бала кезинен баңгизатка көнгөн "жоголгон муунбуз". Азыркы өспүрүмдөр синтетиканы гана тандап жатышпайбы. Досумдун 13 жаштагы кызы мектептеги классташтары синтетика жыттап жатканын айтып келди. Жыттайбы, тартабы, айтор маңзаттын бардык түрү жаш организмди талкалайт. Алгач чегип, жыттап анан ийне сайынганга өтүп жатышат".
Метадон терапиясы - Оор баңгизат колдонууну метадон таблеткасы менен алмаштырып дарылоонун альтернативдүү түрү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дарылоонун бул ыкмасы героинге көз карандылыктан куткаруудан тышкары ВИЧ-СПИД, кургак учук сыяктуу оорулардын да алдын аларын тастыктаган. 2009-жылдан бери дүйнөнүн 109 өлкөсүндө ишке ашып, миллиондогон бейтап дарыланууда.
Ага катышкандардын көпчүлүгү маңзат колдонуудан арылгандан тышкары коомго аралашып, жумуш таап, жугуштуу оорулардын алдын алуунун жол-жобосун үйрөнүшөт. Кыргызстанда метадон терапиясы менен дарылаган жалпы 24 пункт бар.
Баңгиликтен кутулган Георгийдин баянын угуңуз.
"Маңзаттан сүйүү куткарды..."
Кийинки каарманыбыз жашы кырктан өтүп калган Рустамдын өз өтүнүчү менен атын өзгөрттүк. Ал да маңзатка жаш кезинен берилип, ушул учурда метадон терапиясынан өтүүдө.
Баңгилик Рустамдын жашоого, адамдарга болгон сүйүүсүн жоготкон. Бул туңгуюктан чыга албай, акыры түрмөгө түшүп калган. Бир нече жыл мурда Лена аттуу кыз менен таанышканда гана оңолуу жолуна түшкөн.
"Азыр менин жашоом 360 градуска бурулду. Ичимде таптакыр башка сезимдер, каалоо кайнай баштады. Мурда героинди гана самап турсам, азыр жанымдагы жубайымды көбүрөөк ойлойм. Биздин сүйүү үчүн өзгөрүүгө аракет кылам, мурда өзүмдү коомго, эч кимге кереги жоктой сезчүмүн. Ленанын сүйүүсү баарын өзгөрттү. Өзүмө ишеним пайда болду, качандыр бир күнү баңгилик торунан таптакыр кутулуп, соо, эркин адам катары ойгонорума ишенип калдым. Эң башкы кыялым - маңзат менен өткөн күндөрдү жаман түштөй эле унутуп салуу. Азыр мен башка баңгимандарга жардам берип, кеп-кеңешимди аябайм. Аларга жугуштуу оорулар тууралуу айтам. Албетте, кесиптик деңгээлде иштей албасам да, мага ишенген, менден жардам күткөн адамдар бар. Алардын баңгизаттан кутулуусуна салым кошуп жатам десем болот".
Адистердин айтымында, акыркы учурда Кыргызстанда баңгизаттын туз, таблетка түрүндөгүсүн колдонгондор көп болууда. Баңгиликтин акыркы стадиясы болгон ийне сайынуудан айыгуу үчүн жалпы 1046 киши метадон терапиясынан өтүп, азыр дагы 900гө чукул киши дарыланууда.
Кыргызстанда метадон терапиясы бир нече жылдан бери жүргүзүлөт. Дарылануунун бул түрүн алган 867 киши расмий каттоодо турса, анын дээрлик 85% эркектер. Өлкөдө Глобалдык фонддун каржылык көмөгү менен ишке ашып жаткан бул терапиядан өтүп, баңгизаттын торунан толук чыккандар бар.
Республикалык наркология борборунун дарыгери Анара Кулубаева 20 жылдан ашуун метадон терапиясы менен баңгимандарды дарылап келет.
"Биздин бул программабызга ар ким өз эрки жана каалоосу менен катышат. Көп учурда бейтаптар бири-биринен угат же болбосо коңшу-колоң, дос-туугандары аркылуу билип келет. "Баланча баңгиликтен арылыптыр, мени да дарылап коюңузчу, героин сайынганга акчам жок, тамырымдын баары жарабай калды" дегендер көп болот. Кээде бейтаптарды ата-энелери алып келет. Жапжаш улан-кыздар героинге берилип, жакындары кыйналган учурлар көп. Азыр жеке менчик наркологиялык клиникалар көбөйүп кетпедиби. Биздин жарандар ошол жакта акчасын короткондон кийин гана ушундай акысыз метадон терапиясы бар экенин аңдашат. Баңгилер күнүгө бир ирет келип, тийиштүү препаратты ичип кетип турган атайын борборлор өлкөнүн чар тарабында ачылган. Азыркы тапта Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларда метадон терапиясына кошулгандар көп. Метадон менен баңгиликтин 4-стадиясындагыларды дарылайбыз. Жакшы жери, адам өзүнө келип, жашоого кызыгуусу артып, ВИЧ-СПИД, кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алууда сабаты ачылат".
Маңзатка байлангандарды дарылоонун бир нече альтернативдүү түрлөрү бар.
Расмий маалыматта Кыргызстанда маңзат колдонгондордун курагы орточо 20 жаштан 44кө чейин. Анткен менен адистер соңку жылдары алты-жети жашынан баштап клей жыттаган токсикомандар көбөйгөнүн айтып жатат.
2017-жылдагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө 15 жаштан 64 жашка чейинки 271 миллион киши баңгизат колдонот. Анын ичинен 35 миллион адамдын саламаттыгы маңзаттын айынан талкаланып, кыйналып жашайт.
АКШда синтетикалык маңзатка уулануу акыркы мезгилде чоң көйгөйгө айланган, андан бир жылда болжол менен 47 миңдей адам каза табат. Кара куурай - дүйнөдөгү эң көп колдонулган маңзат. Аны болжол менен 188 миллион киши чегет.
"Азаттыктын" архиви: Москвада маңзаттан күйгөн мигранттар