Москвада акыркы убактарда Борбор Азиядан барган мигранттардын "өз баласын өлтүрүүгө аракет кылуу", "зордуктоо", "каракчылык" жана "баңгизаттарды ташуу" сыяктуу оор беренелер менен соттолгондору көбөйдү. Бул тууралуу Москвада кылмышка шек саналган мигранттарга тергөөдө жана сотто котормочу болуп иштеген Салтанат Митиева "Азаттыкка" курган маегинде айтты.
Салтанат Митиева 2005-жылдан бери Москвада миграцияда жүрөт. Башында көпчүлүк мигранттар сыяктуу эле жыйнап-тазалоочу жумуштарда иштеген. Шаардык прокуратуранын кеңсесин тазалап иштеп жүргөн кезинде кокусунан кылмышка шектелген мигранттын ишине тергөөдө котормочулук кылуу сунушу түшкөн. Салтанат учурда кылмышка шектелген кыргыздар жана өзбектерге котормочу болуп жүрөт.
Салтанат өзү котормочу болгон сот жана тергөө иштериндеги мигранттар аралашкан кылмыштар тууралуу айтып берди.
"Мигранттардын тил билбегени терс таасирин тийгизет"
Бир күнү "сенин орусчаң жакшы, бир мекендешиң менен сүйлөшө албай жатабыз, жардам бере аласыңбы, төлөп беребиз" дешти. Барсам, жашы элүүлөргө чамалап калган киши экен. "Зордуктоо" боюнча кармалыптыр. Дүкөндө жүк түшүргүч болуп иштептир, ошол жерде чогуу иштеген аялды зордуктап, андан кийин өлтүрүп койгон деп айыпташкан.
Биринчи жолу ошол кишиге котормочу болдум. Дараметимди байкадыбы, прокурор менден "жогорку билимиң барбы" деп сурады. Кыргызстанда жогорку окуу жайды бүтүргөнүмдү (ОшМУ) айттым. Келишим түзүп, ошентип котормочу болуп калдым. Ошондон берки тажрыйбамда байкаганым, түрдүү кылмыштарга шектелген мигранттар тил билбестигинин запкысын көп тартышат. Өз ойлорун тергөөчүгө да, сотко да ачык, так айтып бере алышпайт. Айрым котормочулар же адвокаттары туура эмес которгонун өз көзүм менен да көрдүм.
"Өз ымыркайына кол салгандар... "
Эң эле жүрөктүү оорутканы - "Өз баласын өлтүрүү же өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен айыпталгандар. Быйыл эле мен ушул берене боюнча үч ишке катыштым. Жетинчи баласын өлтүрүүгө аракет кылып, таштанды челекке ыргыткан келин эки жылга кесилди. Мурда ал келин биринчи күйөөсүнөн беш баласы менен ажырашкан экен. Экинчи күйөөсүнөн кызы бар. Дагы кош бойлуу кезинде күйөөсү менен чатакташып, күйөөсү аны Москвага калтырып, Кыргызстанга кетип калыптыр. Келин толгоосу келген учурда көчөдөн, бактын түбүнөн төрөгөн. Ымыркайды таштандыдагы жаман чүпүрөккө ороп, ошол жерге калтырып кеткен.
Ымыркайды ошол жерде иштеген короо шыпырган адам (кыргызстандык) таап алып, милицияга кабар берген. Милиция аялды эки саат ичинде жашаган жеринен кармап кетет. Бактыга жараша бала аман калган, азыр Москвадагы ымыркайлар үйүндө. Баласын таштаган келинди сот эки жылга кести.
Экинчи сот быйыл августта болду. Кылмыш былтыр пандемия убагында болгон экен. Кош бойлуу келин толгоосу келген учурда өзү жашаган батирде ваннасында төрөп, ошол жерде эле сууга тумчуктуруп өлтүргөн. Бул кылмыштын болушунда эркектердин чоң күнөөсү бар. Анткени, кош бойлуу кезинде аялдар назик болот, өзгөчө мамиле күтөт. Эркектер ошону билбей, аялы ага өчөшүп, баласын өлтүрүүгө аракет кылды. "Сага кереги жок баланын мага да кереги жок" дегендей өчөшүү менен кылмышка барып жатат. Бирок, аягында кылмышы үчүн келиндер кесилип кетти, күйөөлөрү эч кандай жазага тартылбайт. Эки учурда тең келиндер баласын бейнике же белгисиз бирөөдөн эмес, күйөөлөрүнөн төрөшкөн.
Батирде чогулуп жашаган кыргыздар бири-бири менен иши жок. Чогуу жашап жүрүп, бири-биринин атын билбегендери бар. Мынчалык кайдыгер болушпаса дейт элем. Өзүнүн көйгөйү менен өзү жалгыз калган адам адатта ойлонбой туруп, түрдүү жаман иштерге барышы мүмкүн".
"Майда кылмыш кылгандар көбөйдү"
Орусияда бири-бирин тоногон, карыз алып бербей жүргөн, телефонун алып койгон же чоочун бирөөнүн банк карточкасын пайдаланганы үчүн кыргызстандык мигранттар көп соттолуп кетүүдө.
Жаштар эле эмес, жашы өтүп калган мекендештерибиз да мыйзамдарды билбейт. Мыйзам бузуу экенинен түшүнүгү бар туруп, кылмышка барышат. Мисалы, чоочун бирөөнүн банк карточкасынан акча чыгарып алган кыргызстандыктар көп кармалып жатышат. Анткени, Орусияда банк карточкасынан миң рублге чейинки өлчөмдө сыр сөзү жок эле дүкөндөрдөн соода кылууга болот. Алар карточканы уурдап эмес, таап алган күндө да анын ичиндеги акчаны иштетип жиберип жатышат. "Мунун өзү уурулук экенин билген эмесмин" дегени абсурд. Карточканы таап алса, аны иштетип жибербей, полицияга берсин, дүкөндө кассада отурган кыздарга берсин, банкка алып барып берсин, айтор кылмыш кылбоого шарт көп.
Бир иште кыргызстандык жигит ошентип 900 рублден иштетип жүрүп, 150 миң рублди коротуп салган. Азыр банк карточка анын ээсинин телефонуна байланган, карточка колдонулганда ээсине билдирүү келет. Ээси банкка жана милицияга арыз жазып, камералар аркылуу тез эле таап коюшат. Москвада кылмыш кылып, жазасыз калам дегендер жаңылышат. Ашып барса эки саатта же качып кетсе эки күндө таап алышат.
Анжияндык студент жигит банкка акча алганы барып, башка бирөө картасын унутуп калганын көрөт да, досторуна "мен бул картаны ача алам" деп мелдешип, оюна келген сандарды басып тамашалап, ойноп койгон. Бирок бул окуя "картаны ачуу аракети" болгон деп саналып, студент бала беш жарым ай тергөө абагында отуруп чыкты. Ал өзүн кылмыш кылып жатам деп ойлогон эмес, бирок кылмыш кылган деп айыпталып, отуруп чыкты.
Биздин мекендештер бири-бирин алдашат, тоношот, карыз алып бербей коёт. Ошондой учурларда бири-биринин үстүнөн арыз жазып, көптөрү камалып кетишти. "Арыз жазып коркутуп коёюн дедим эле" дешет. Орусиянын мыйзамдарында "тосмо арыз" деген жок, кылмыш кылды деп арыз жазылдыбы, болду, ошондон ары аны тергөө абагы же түрмө күтүп турат.
"Баңгизат ташыганын өздөрү билишпейт"
Кыргызcтандык мигранттардын тагдырын кыя чапкан дагы бир берене - 228 -берене. Бул берене баңгизат ташуу жана сатууга айыптайт. Курьерлик кызматка чакырылган кыргызстандык кыз-жигиттер өздөрү баңгизат ташый турганын билишпейт. Анткени, аларга дары же башка буюм деп түшүндүрүшөт.
Акыркы убактарда жумасына беш жолу сот болсо, анын ичинен төртөө ушул берене боюнча. 19-20 жаштагы кыз-жигиттердин баңгизат ташууга айыпталып, камалып кетип жатканы эне катары менин жүрөгүмдү оорутат.
Алар бул ишке киришип жатканда баңгизат ташый турганын билишпейт, "дары же башка нерсе жеткиресиң" деп алдашат. Айрымдары шектенип турса да тобокелге салып, макул болушат. Анткени, күнүнө 3-4 сааттык иш, айлык акысы 60-80 миң сом деп турса, жеңил акчага азгырылышат. Тилекке каршы, бул кооптуу иш экени кеңири белгилүү болсо да ага азгырылып, тагдыры талкаланган кыз-жигиттердин саны азайбай жатат. Мына, кечээки аптада эле Москвада ушул берене менен дагы бир кыз кармалыптыр.
Орусиянын катаал мыйзамдарын билбестиги да алардын темир тор артына түшүп калуусуна себеп болуп жатат.
Биздин мигранттар көбүнчө айылдан эле түптүз мегаполиске келип атышат. Тил билбегени эч нерсе эмес, жат жерде кандай жүрүп, кантип акча табууну билишпейт. Аларга деле айтылат, өздөрүндөй эле мигранттардан угушат, оңой жол менен көп акча беребиз деген иштер опурталдуу экенин билишет. Бирок, телеграмм каналдан же сайттардан иш издегенде көп акча сунуштап турса, азгырылышат. Москвада иш жок эмес, аябай көп. Бирок бел оорутуп, кол жоорутуп, азыраак акча иштеп тапкандан көрө, оңой акчага азгырылып кетип жатышат. Ошондуктан, Кыргызстандын өзүндө элди өзү менен өзүн жалгыз калтырып койбой, миграция тууралуу кеңири маалымат берүү керек. Мигранттын ийгилигин да, ыйын да чагылдырып, көп-көп айтып туруучу программалар зарыл. Биздин балдар-кыздар үйүндө жүргөндө эле Москва, Орусиядагы жашоо жөнүндө кабардар болсо, минтип камалып кеткендер көп болмок эмес.
Орус бийлигинин реакциясы
Жогоруда Салтанат Митиева өзү күбө болгон мигранттарга байланыштуу кылмыш иштери боюнча кеп салып берди.
Орусиянын тергөө абактарында жана жаза өтөөчү жайларында камалып турган кыргызстандыктардын так саны тууралуу маалымат жок. Жазында орус бийлиги 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ушул тапта Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген. Мекеме алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын маалымдады.
Москванын мэри Сергей Собянин күз алдында түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу Москва милициясы акыркы айларда мигранттарга каршы 800 кылмыш ишин козгоп, 200гө чамалуу мигрант депортацияланганы тууралуу соцтармактагы баракчасына жазган.
"Акыркы айларда полиция мигранттарга карата бир нече катаал рейддерди жүргүздү. Натыйжада түрдүү мыйзамсыздыктарга байланыштуу 800 кылмыш иши козголуп, 200гө чамалуу адам депортацияланды. 17,5 миң адамга өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынды. Москва - меймандос шаар, бирок коноктор да өздөрүн ошого жараша алып жүрүшү керек".
Быйыл июль айында Москвадагы Кузьминки аймагында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, полиция 103 адамды кармаган. Алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары экени кабарланган. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык Орусияга 40 жылга чейин кирбей турган болуп депортацияланган.
Жакында Кыргызстанга чет мамлекеттерде түрдүү кылмышка айыпталып, соттолгон 63 жаран экстрадицияланып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келген.
Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.
2020-жылы Кыргызстанга сырттагы мигранттардан 2,3 млрд. доллар жиберилген. Анын 99% Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.