Абактагы Имамидин Ташов өзүнө үчүнчү жолу кол салды

Имамидин Ташов Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда. 17-декабрь, 2024-жыл.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди.

Мекеме 18-декабрда кабарлагандай, улуттук борбордун жетекчиси Бакытбек Касымкулов аны менен жолугуп чыккан.

“Борбордун жетекчиси Имамидин Ташов жана тергөө абагынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Касымкулов Ташовду ачкачылыкты токтотууга жана тамак-аш жей баштоого көндүрүп, өз позициясын билдирүү үчүн башка мыйзамдуу ыкмаларды колдонууну сунуштаган. Ташов ошол жерден ачкачылыгын токтотуу боюнча расмий арызын жазып берген”, - деп жазылат билдирүүдө.

Жазаларды аткаруу кызматы да Ташовдун ачкачылыкты токтотконун ырастап, анын тергөө абагындагы кызматкерлерге эч кандай доо-арызы болбогонун билдирди. Ачкачылык кармап жаткан маалда ал медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болгонун, Ташовго түшүндүрүү иштери да жүргөнүн кошумчалаган.

Бир күн мурда, 17-декабрда KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө үчүнчү жолу кол салган. Бул күнү Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 14:00дө өтмөк.

Жараат алганына байланыштуу аны Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна “Тез жардам” менен жеткиришип, дарыгерлер текшергенден кийин кайра сотко алып барышкан.

Бирок судья Чыңгыз Бердимуратов кеч болуп кеткенин жүйө келтирип, соттук жараянды 24-декабрга жылдырган. Андан кийин ишкерди Бишкектеги №1 тергөө абагына алып кетишкен.

Курсагын тилип жиберген

Ишкердин апасы апасы Саибжамал Абдукаимова ооруканадан "Азаттыктын" кабарчысына буларды айтты:

"Абалын өзүңөр көрүп жатасыңар. "Жакшы элемин" деп койду. Ачкачылык жарыялаган болчу. Кыйналып турганын байкап турам".

Ал эми жакын тууганы Кумарбек Жоробаев иниси курсагын тилип жибергенин айтты.

"Дарыгерлерден сурасак, коркуп жакшы айта албай жатышат. Терең эмес жараат дейт. "Курсагын кескен" деп эле койду. УКМКнын балдары келип аныктаманы карап туруп жаздырды дарыгерлерге. Азыр кайда алып кеткенин билбейбиз, айткан жок. Абалы оор, арыктап калыптыр. Ачкачылык жарыялагынана 12-13 күн болуп калды окшойт. Алы жок, "Тез жардам" машинасы жок экен, жеңил автоунаага салып кетишти".

16-декабрда Имамидин Ташовдун жакындары ишкерди үй камагына чыгарууну суранып президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

“Балам 11 күндөн бери тамак жебей атат. Арызданып кайсы жерге барсак да биздин сөздү эч ким укпайт. Эл шайлаган депутаттар, прокуратура, соттор бар эле. Алар да кулактары укпай, көздөрү көрбөй отурушат. Соттордон баламды үй камагына чыгарып, калыс чечим кылуусун сурайм”, - деген Саибжамал Абдукаимова маалымат жыйында.

Ташов 6-декабрда ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков анда ишкер сот отурумунун мыйзамсыз өтүүсүнө, адилетсиз жана негизсиз айып коюлганына, арыздары каралбай жатканына жана курулуш компаниясынын банктык эсептердин камакка алынышына нааразылык иретинде суу да ичпей жатканын билдирген.

"Имамидин Ташов расмий түрдө өткөн жума күндөн тартып тамак, суу да ичпей, ачкачылык кармай баштаптыр. Ишемби күнү киргенимде, тергөө абагынын жетекчилигине ачкачылык кармаганын расмий арыз берип кабарлаган экен. 11-декабрда тергөө абагына барып, өзүнө жолукканымда, кызматкерлердин коштоосунда, алардын жардамы менен басып келди. Абалы жакшы эмес, күчүнөн тайып калган", - деген адвокат.

Дагы караңыз Имамидин Ташов сот залында өзүнө кол салды

Жаныбеков Ташовго бир туугандары суу киргизсе, тергөө абагынын кызматкерлери ал ачкачылык жарыялаганын айтып, кабыл албай коюшканын кошумчалаган. Бирок Жаза аткаруу кызматы Имамидин Ташовдун ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат берген эмес.

Имамидин Ташов 6-декабрда дагы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.

Ага чейин 30-октябрда да УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Ал Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде дарыланып, кийин №1 тергөө абагына которулган.

Имамидин Ташов абакта кыйноого кабылганы тууралуу кат жазып, ал социалдык түйүндөргө жарыяланган. 6-декабрдагы жараянда да кыйноого кабылганын ырастаган.

"Июнь айында катуу ур-токмокту, кыйноону башыман өткөрдүм. Бул нерсеге даяр эмес болчумун. Анан декабрь айында ар жерде мени Тилекмат Куренов менен сүйлөштүрүп жатышты. Эмне деп сүйлөшүм керектигин дагы жазып берип жатты. Сүйлөшүлгөн ар бир видеону башка телефон менен жаздырып жатышты".

Бирок ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, анын чындыкка дал келбесин белгилеген.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

41 жаштагы Имамидин Ташов курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү. Ал негиздеген KG Group компаниясы 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан. Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон.

Ташовдун адвокатынын арызы да карала баштады

Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу катын социалдык тармакка жарыялаган жактоочу Самат Матцаков 29-ноябрда кармалган.

17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын жактоочуларынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттануусу боюнча арызы каралды.

Сотто Матцаковдун кызыкчылыгын 11 адвокат коргоду. Дагы кырктай адвокат угуучу катары катышты. Алар “адвокат кармалган учурда тергөөчүлөр анын жакындарына убагында маалымат берген эмес, УКМКнын тергөө абагына камакка алынгандан кийин кийим-кече, тамак-аш берүүгө мүмкүнчүлүк берген жок” деген нааразылыктарын айтышты.

Адвокат Самат Матцаков. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 17-декабрь, 2024-жыл.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков Самат Матцаков 30-ноябрда кармалса да, 5-декабрга чейин ага тамак-аш жана керектүү буюмдарын бере албаганын сотто билдирди:

"Матцаковду 29-ноябрда кармап алып кетишсе, мен 4-5-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин айланчыктап, ага керектүү нерселерди, тамак-аш киргизе албай жүрдүм. Тергөөчүнүн мыйзамсыз аракетинен улам, Матцаков ошол күндөрү тамак ичкен эмес, кийим-кечесин да алмаштыра алган жок. Бул анын укугун бузууга жатат. Тергөө дагы, сот дагы анын туугандарына Самат Матцаковдун кармалып, камакка алынганы тууралуу маалымат берген эмес, бүгүнкү күнгө чейин бериле элек. Муну менен алар кылмыш процессуалдык кодексти да бузушту".

Тергөөчү Эмир Хасанов Самат Матцаковдун кармалышы боюнча жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана адвокаттарынан маалымат алганын, ошол жетиштүү деп эсептеп, расмий маалымат бербегенин мойнуна алды.

Судья Турат Бекенов жыйынтыгында Самат Матцаковдун жана анын адвокаттарынын тергөөчүнүн аракетине чара көрүү тууралуу арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот тергөөчү Матцаковдун кармалганы тууралуу убагында анын жакындарына маалымат бербегенин мыйзамсыз деп таап, бирок ал үчүн тергөөчүгө чара көрүүнүн зарылчылыгы жок деген чечим чыгарды.

УКМК 29-ноябрда Самат Матцаковду кармап, Биринчи май райондук соту 30-декабрга чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен иш козголгон.

Дагы караңыз Журналисттерди жана ишкерди коргогон адвокат камакка алынды

Жактоочу атайын кызмат кармап бараткан учурда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын кызматкерлери үйүн тинтип, Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, мунун баарын кесиптик ишмердиги менен байланыштырган:

“Адвокаттын камалышы түздөн-түз менин ишиме байланыштуу болду. Биздеги топтолгон далилдерди жашыруу максатында болду. Бирок, буйруса, адвокаттар далилдерди кайра топтоп өткөрүп берет”.

Мындан кийин Ташовдун иши боюнча далил катары топтолгон документтер, видео тасмалардын баары жоголуп кеткенин Ташовдун дагы бир жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирген.

Самат Матцаков үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун да укугун коргогон.