Арменияда чочко тумоосунан он адам өлдү

Эребуни ооруканасы, Ереван, 12-январь 2016-жыл.

Украинада чочко тумоосу же H1N1 вирусу ушул кышта 50дөн көп кишинин өмүрүн алып кетти. Ереванда жыл башынан бери ондон ашуун бейтап вирустан көз жумганы тастыкталды.

Өткөн декабрда Иран да тумоонун бул түрү жайылып баратканын билдирген. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, пандемия катталган 2009-жылы дүйнө жүзү боюнча дээрлик 19 миң кишинин өмүрүн алып кетти.

Украинанын саламаттыкты сактоо министри Александр Квиташвили жарандарды дүрбөлөңгө азгырылбоого үндөп, эпидемия тууралуу сөз кылуу туура эместигин, жыл сайын январда сасык тумоо күчөрүн айтты.

Шаршемби күнү өкмөттүн жыйынында министр көз жумгандардын көбү өз убагында дарыгерлерге кайрылбаганын баса белгиледи. Ал дене температурасы көтөрүлгөндө өзүн өзү дарылабай, адистердин кеңешин суроо керектигин, айрым дары-дармектер оору башталган 48 сааттын ичинде жакшы натыйжа берерин айтты.

Расмий маалыматка караганда, Украинада чочко тумоосу же H1N1 вирусу ушул кышта 50дөн көп кишинин өмүрүн алып кетти. Бул – былтыркыга караганда 10% арбын.

Илдетке чалдыккандардын көбү Киев, Харьков, Винница жана Одесса шаарларына туура келерин депутат Ирина Сысоева Фейсбукка жазды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө калкынын 0,3 % гана сасык тумоодон эмделгенин билдирди.

Ал эми Армениянын борбору Ереванда H1N1 вирусунан жыл башынан бери 11 киши өлгөнү тастыкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги көз жумган акыркы бейтап 61 жаштагы аял жүрөк оорусунан жана кант диабетинен жабыркап жүргөнүн маалымдады.

Ушу тапта Армениянын бейтапканаларында дем алуу органдарынын вирустарына чалдыккан, анын ичинде чочко тумоосу деген диагноз коюлган 945 киши дарыланууда.

Алардын 80% көбү балдар болгондуктан саламаттыкты сактоо министри Армен Мурадян мектептерде кышкы каникулдарды узартуу керектигин билдирди:

- Сасык тумоонун жайылышын алдын алуу чарасы катары мектептердеги сабактарды баштоону бир жумага жылдыруу жакшы жыйынтык бергенин эске алуу менен кышкы каникулду дагы узартууну жана мектептер менен бала бакчаларды бир жумадан кийин ачууну сунуш кылабыз.

Билим берүү министри Армен Ашотян болсо Фейсбуктагы баракчасында балдардын эс алуусу 25-январга чейин узартылганын жазды. Бирок Жогорку окуу жайларда билим берүү процесси үзгүлтүккө учурабасы белгиленди.

Мурадян бейтаптардын каза тапканын дарыгерлердин туура эмес дарылоосу же шалаакылыгы менен байланыштыруу туура эмес болорун айтып, саламаттык сактоо системсында иштегендер кышкы вирустар туу чокусуна жетип, эл өзгөчө көп кайрылган маалда кесипкөйлүгүн көргөзгөнүн баса белгиледи.

- Реанимацияда жаткан 92 киши адистердин көзөмөлүндө, - деп айтты министр.

Алардын арасында 11 кишинин абалы өтө оор экени айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги элди дарыгерлерге оору өтүшүп кете электе, өз убагында кайрылууга чакырууда. Арийне, бейтаптардын көбү ооруканаларда илдетти жуктуруп алуу жогору деп эсептешет.

“Азаттыктын” армян редакциясынын кабарчылары бул күндөрү жер- жерлердеги медициналык мекемелерде бейтаптардын көптүгү көзгө урунарын айтышат.

Гюмри шаарындагы медицина борборунун башкы дарыгери Армен Хачатряндын айтуусунда:

- H1N1 вирусу өлкөнүн бүтүндөй аймагында катталган. Кээ бирлердики оңой формада болсо, башкалардыкы оор өтүүдө. Албетте, бардык эле бейтаптарда сөзсүз эле чочко тумоосу аныкталганын айткым келбейт. Бирок сасык тумоонун бир түрү, вирустук инфекцияга туш болуудабыз. Ооруп калгандар мындай учурларда каралган дарылоодон өтүп жатышат.

Чочко тумоосу 2009-жылы дүйнөнүн улам бир аймагында тездик менен жайылып, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму пандемия коркунучу тууралуу эскерткен.

Ошондо бир жылда вирус 18 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйган.