Грузия: Михаил Саакашвилиге алгачкы сот өкүмү чыкты

Михаил Саакашвили Киевдеги сот отурумунда. 3-январь, 2018-жыл.

Тбилисинин соту учурда Украинада жүргөн мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини үч жылга сыртынан абакка кести. Ага 12 жыл мурдагы грузин банкирин өлүмүнө байланыштуу айып тагылган. Украинада да сот жообуна тартылып жаткан Саакашвили өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

Грузияны дээрлик тогуз жыл башкарып, кийин Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Михаил Саакашвилиге биринчи жолу сот өкүмү чыкты. Тбилисинин соту аны 2006-жылы киши колдуу болгон грузин банкири Сандро Гиргвлианинин өлүмү боюнча "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп таап, үч жылга сыртынан абакка кести.

Прокуратура Саакашвилини "банкирдин өлүмүнө байланыштуу далилдерди жаап-жашырууга аракет кылган жана бул иш боюнча соттолгон төрт кишиге мөөнөтүнөн мурда кечирим берген" деп айыптаган.

Кезинде "Бириккен грузин банкынын" тышкы иштер департаментин жетектеген Гиргвлианинин бир нече жеринен жараланган өлүгү 2006-жылдын январь айында Тбилисинин чет-жакасында табылган. Анын киши колдуу болушу жана бийликтин бул ишти иликтөөгө анча дилгир болбогону Саакашвилинин өкмөтүнө каршы кескин сын пикирлерге жем таштаган.

Михаил Саакашвили жубайы Сандра менен, 30-май, 2010-жыл.

Мурдагы грузин президентинин адвокаттары сот өкүмүн саясий куугунтук катары мүнөздөштү. Бирок соттук отурумдардын биринде прокурор Ираклий Нодарейшвили жактоочулардын мындай билдирүүлөрүн четке каккан:

- Мен жактоочулардан бир дагы мыйзамдуу жүйөнү уккан жокмун. Алар саясий куугунтук жөнүндө гана кеп кылып, "күбөлөргө ишенбеш керек" деп жатышат. "Күнөөлүү" деген чечим чыгаарына ишенем.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыккан Саакашвили 2013-жылга чейин өлкөнү башкарып келген.

Анын Грузиядагы саясий тагдырын 2012-жылдагы парламенттик шайлоо аныктаган. Себеби ал шайлоодо Саакашвилинин партиясы белгилүү грузин бизнесмени Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулуп калган. Саакашвили кыйла төмөн рейтинг менен президенттиктен кетип, көп өтпөй Украинага келген.

Украинадагы "Евромайдан" окуяларынан кийин бийликке келген Петро Порошенко студент кезинде чогуу окуган Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Дал ушул мезгилде Саакашвили грузин жарандыгынан баш тарткан.

Деген менен 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган. Өткөн жылы украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин ал өзүнүн "Жаңы күчтөр кыймылы" менен Киевде ири митингдерди өткөрүп, президент Порошенконун кызматтан кетишин талап кылып келди.

Украинанын прокуратурасы Саакашвилини Орусияга качкан мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин "уюшкан кылмыштуу тобунан" акча алып, "өкмөткө каршы кутум уюштурган" деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча Киевде сот уланып жатат.

Украинанын коопсуздук кызматынын Михаил Саакашвилини кармап кетүү аракети майнапсыз аяктап, саясатчыны тарапташтары бошотуп кетишкен. Киев, 5-декабрь, 2017-жыл.

Саакашвили Грузия менен Украинадагы өзүнө каршы ачылган иштер кокусунан эмес экенин Киевде 3-январда өткөн соттук отурумда айткан:

- Тбилисиде сот башталган убакта Украинада да менин үстүмөн сот башталды. Бул кокустук деп ойлойсузбу? Доо арыздарды караган сотту жоюп, бир эле күнү Тбилиси менен Киевде сот башталганы кокустукпу? Олигархтар макулдашканды билишет. Бирок алар ушунчалык аңкоо экенин билген эмесмин. Байкатпаш үчүн жок дегенде эки башка күнгө коюшса болмок. Киевдеги бул соттон кийин мени макамымдан ажыратуучу миграциялык сот болот. Олигархка баш ийген грузин сотунан кийин мени Грузияга экстрадициялоого киришүү боюнча макулдашуу бар.

Саакашвилиге грузин банкиринин өлүмү боюнча эки жыл мурда айып тагылган. Мындан тышкары мурдагы грузин президентине дагы бир нече кылмыш иши козголгон. Ал "грузин ишкери Валерий Гелашвилиге кол көтөргөн, 2007-жылы нааразылыкка чыккандарды күч менен кубалап тараткан жана мамлекеттик бюджеттин каражатын короткон" деген иштердин алкагында айыпталып жатат.

Саакашвилинин Грузиядагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөсү Хатия Деканоидзе Тблисидеги соттун чечими украин бийлигине мурдагы президентти Грузияга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Бирок Саакашвилинин Украинадагы адвокаты Руслан Чернолуцкий саясатчынын мыйзамдык макамы экстрадицияга жол бербестигин, мыйзам боюнча "украин жараны болгон жана соңку бир канча жылдан бери Украинада жашаган адам" башка өлкөгө өткөрүлүп берилбей тургандыгын билдирди.

Кантсе да бул жагдайда чечүүчү роль ойной турган украин бийлиги Тбилисидеги сот чечиминен кийин экстрадиция маселеси боюнча үн ката элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.