Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Михаил Саакашвилинин Киевдеги дүбүртү


Михаил Саакашвилини коопсуздук кызматынын унаасына күчтөп отургузуп жаткан учур, Киев, 5-декабрь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвилини коопсуздук кызматынын унаасына күчтөп отургузуп жаткан учур, Киев, 5-декабрь, 2017-жыл.

Украин коопсуздук күчтөрүнүн шейшембиде мурдагы грузин лидери Михаил Саакашвилини кармоо аракети ийгиликсиз аяктады. Аны тарапкерлери полициянын унаасынан бошотуп кетишти. Башкы прокуратура Саакашвилини бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, аны 24 саат ичинде багынып берүүгө чакырды.

Грузияга бара албаган, украин жарандыгынан ажыратылган грузин улутундагы саясатчы Михаил Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен камактан кутулду.

Шейшембиде (5-декабрда) украин коопсуздук күчтөрү анын Киевдеги батиринде тинтүү жүргүзүп, андан көп өтпөй Саакашвилини 8 кабаттуу үйдүн чатырынан кармашкан.

Коопсуздук кызматкерлери грузин саясатчысын чатырдан араң түшүрүп, күчтөп жатып унаага киргизишкен эле. Анын "Миша!", "Импичмент!", "Уят!" деп кыйкырган тарапташтары коопсуздук кызматынын автоунаасынын жолун тороп, Саакашвилини жоон топ тартип коргоо кызматкерлеринин колунан сууруп кетишти.

Андан соң грузин саясатчысы тарапкерлери менен Киевдеги парламент имаратынын алдына келип, Украинанын президенти Петро Порошенкону "кылмышкер" жана "чыккынчы" деп атады. Ал кайрадан Порошенконун кызматтан кетишин талап кылды:

- Мен силерге айткым келет, алар Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) стилиндеги өтө ыплас чагым уюштурушту. Алар ката кетиришти. Украина - Орусия эмес. Порошенко эч качан Путинге айлана албайт. Себеби украин эли - улуу, эркиндикти сүйгөн эл.

Саакашвилини кармоо аракети, Киев, 5-декабрь.
Саакашвилини кармоо аракети, Киев, 5-декабрь.

Украин бийлиги эмне дейт?

Дем алыш күнү Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен Порошенкого импичмент жарыялоого үндөгөн чоң митинг өткөргөн. Анын тарапкерлери октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келишкен.

Президент Порошенко Саакашвилинин дооматтарын четке кагып, соңку нааразылык акцияларын өлкөдөгү туруктуулукту бузуу аракети деп мүнөздөгөн.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко болсо төрт жыл мурунку "Евромайдан" окуяларынан кийин Орусияга качкан мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин "уюшкан кылмыштуу тобу" Саакашвилинин митингдерин каржылап жатат деген оюн айтты.

Ал шейшембиде Киевдеги брифингде "Саакашвили Януковичтин Орусияга качкан өнөктөшү, бизнесмен Сергей Курченкодон 500 миң доллар алган" деп билдирди:

- Бул иш бир катар саясатчылар, негизинен Михаил Саакашвили менен Януковичтин уюшкан кылмыштуу тобунун, анын ичинде Сергей Курченконун ортосундагы кызматташтыкка байланыштуу. Алардын акчасы үчүн Саакашвили жана ага байланышы бар адамдар Украинада бийликти басып алууну жана Януковичтин тобуна жардам берүүнү көздөгөн нааразылык акцияларын баштаган, - деди Юрий Луценко.

Башкы прокурор 5-декабрдын кечинде депутаттардын суроолоруна жооп берип, эгер Саакашвили 24 сааттын ичинде өзү багынып бербесе, тартип коргоо органдары аны кармаш үчүн баарын кылууга даяр экенин белгиледи.

Украин бийлигинин дооматтарына мурдагы президент Виктор Янукович жооп кайтара элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Украинадагы окуяларга "кызыгуу менен көз салып" жатканын белгилеп, "Киев менен Саакашвили кайрадан элди таң калтырып жатат" деди.

Өнөктөштүктөн касташууга

Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган. Анын батышчыл саясаты Орусиянын кыжырын келтирип, ортодогу тирештин кесепети 2008-жылдагы согушка алып келген.

Саакашвили 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, студент кезинде чогуу окуган президент Петро Порошенконун командасына кошулган. Грузияда ага каршы бир канча кылмыш иштери ачылып, издөө жарыяланган.

Саакашвили кезинде украин президентинин башкы тилектештеринин бири деп сыпатталган.
Саакашвили кезинде украин президентинин башкы тилектештеринин бири деп сыпатталган.

Төрт жыл мурдагы "Евромайдан" ыңкылапчыл окуяларынан кийин бийликке келген Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган.

Михаил Саакашвили бир жыл мурда бул кызматтан кетип, президент Петро Порошенкону "паракорлорду калкалайт" деп сындай баштаган. Июль айында Порошенко АКШга кеткен Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Буга карабастан, Саакашвили сентябрда Польша аркылуу Украинага келген.

Анын тарапташтары чек арада күч түзүмдөрүнүн курчоосуна карабай грузин саясатчысын Украинанын аймагына өткөрүп кетишкен эле. 5-декабрда да тарапташтары Саакашвилинин ажаатын ачты.

Бирок бул окуя ал эч камалбайт дегенге кепилдик береби?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG