Элчиликтен президенттикке карай жол

Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвили.

Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял саясатчы президент болуп шайланды. 66 жаштагы Саломе Зурабишвили Грузиянын чет өлкөдө төрөлгөн алгачкы президенти да болуп калмакчы.

Грузияда президенттин ыйгарым укуктары чектелүү болгонуна карабастан жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгы өлкө тарыхында өзгөчө белгилене турган болду. Шайлоонун экинчи айлампасында Грузияда биринчи жолу аял талапкер жеңип чыкты.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон Саломе Зурабишвили добуштардын 59 пайыздайын алып, атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Григол Вашадзени артка таштады.

- Биз алдыга карай багытыбызга, коомубузду чыңдоого тоскоол болгон кечээги күндү толугу менен жокко чыгардык. Биздин тандообуз - бул тынч Грузия, жарандары бирдей укукка ээ, эркин өлкө, - деп билдирди Зурабишвили шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин.

Францияда тарбияланган дипломат

66 жаштагы Саломе Зурабишвили мындан 15 жыл мурда Грузиянын президенттиги үчүн ат салышмак турсун, колунда грузин паспорту да жок болчу. Ал 1952-жылы Франциянын борбору Парижде грузиялык саясий эмигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-энеси 1921-жылы Кызыл армиянын аскерлери Грузияга көзөмөлүн орноткондон көп өтпөй Францияга жер которушкан.​

Саломе Зурабишвилинин Тбилиси көчөсүнө илинген баннери.

Натыйжада Зурабишвили тарыхый мекенинен алыста чоңоюп өсүп, карьерасынын жарымынан көбү же 30 жылдан ашыгы Францияга кызмат кылуу менен өткөн.

Ал 1974-жылдан 2004-жылга чейин Франциянын Тышкы иштер министрлигиндеги түрдүү кызматтарды аркалаган. Бул өлкөнүн Италиядагы элчилигинде үчүнчү катчы, Вашингтондогу элчилигинде биринчи катчы, Франциянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү, Чад мамлекетиндеги чабарманы болуп иштеген.

Зурабишвили өмүрүндө биринчи жолу 33 жашында гана, 1986-жылы Грузияга келген.

Ал 2003-жылы Франциянын Грузиядагы элчиси катары Тбилисиде иштей баштаган. Көп өтпөй анын Грузиядагы дипломатиялык жана саясий карьерасы башталган.

Саломе Зурабишвили француз элчиси катары Грузияда бир жылдан бир аз ашуун гана иштеп, кызматтан кеткен. 2004-жылы Грузиянын "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген ал учурдагы президенти Михаил Саакашвили ага грузин жарандыгын берип, Грузиянын тышкы иштер министри кылып дайындаган. 2005-жылы депутаттар менен карама-каршылыктан улам Зурабишвили кызматтан кетип, оппозициянын катарына кошулган.

Ал “Грузиянын жолу” аттуу саясий партия түзүп, 2009-жылы ошол учурдагы президент Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган митингдерге катышкан. Кийинчерээк миллиарддер Бидзина Иванишвили түптөгөн “Грузин кыялы” партиясын колдогонго өткөн. Ал 2013-жылы президенттик шайлоого эки жарандыгы болгону үчүн катыша албай калган. Бирок быйыл ал талапкер болуу үчүн француз жарандыгынан баш тарткан.

Саломе Зурабишвили миллиардер Бидзина Иванишвили менен, 10-октябрь 2018-жыл.

Президенттик шайлоо өнөктүгүндө каршылаштарынын арасында анын дарегине “православ динин тутпайт”, “грузин тилинде жакшы сүйлөй албайт” деген сыяктуу сындарды айткандар болду.

Деген менен шайланган президенттин агасы Отар Зурабишвилинин өз үй-бүлөсү ар дайым Грузияны эстен чыгарбаганын өнөктүк маалында айтканы бар:

- Карындашым Саломе менен саясий көз караштарыбыз дайыма бирдей болбогонун билсеңиздер керек. Айрым маселелер боюнча дале айырмаланып турат. Бирок биз “Грузиянын суверендүүлүгү жана эркиндиги» деген принципти туу туткан үй-бүлөдө чогуу чоңойдук.

Тышкы саясаттагы позициясы

Саломе Зурабишвили Грузиядагы президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышты. Бирок аны Ивашинвили негиздеген, Орусия менен диалогго басым жасаган, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдоду. Зурабишвилинин атаандашы Григол Вашадзенин талапкерлигин мурдагы президент Михаил Саакашвили түптөгөн “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы көрсөттү.

Зурабишвили тышкы иштер министрлигинен кетип, оппозициялык партия түзгөн учур, Тбилиси, 7-февраль 2018-жыл.

Өнөктүк маалында эки талапкер тең бири-бирин “Москвага ыктайт” деп сындап жатышты. Зурабишвилинин “орусиячыл” деген айыптоого кабылышына анын 2008-жылдагы орус-грузин согушу тууралуу айткан сөздөрү өзгөчө себеп болду. Ал быйыл август айында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 10 жыл мурунку согуш үчүн Тбилисини күнөөлөгөн эле:

- Ал мезгилде чагымга алдырып, өз аймагыңда, өз элиңде массалык бомбалоо баштоо! Муну кантип атаса болот? Акылсыздык, акылдан адашкан президенттин чукул кыялы, - деп айткан Зурабишвили.

2008-жылдын август айында болгон орус-грузин согушунун натыйжасында Түштүк Осетия менен Абхазия Грузиядан бөлүнүп калган. Орусия бул аларды "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган.

Кантсе да кескин сындардан кийин Зурабашвили орус-грузин согушу боюнча Орусияга каршы көз карашын да жашырган жок.

Ал оккупацияланган аймактардын чек арасына барып, ал жактагы тосмолорду алуу керектигин, президент болуп калса, Грузиянын аймагынан орус аскерлерин чыгарууга болгон күчүн жумшай турганын да айтты.

Деген менен айрым талдоочулар анын бул билдирүүсүн упай топтоо үчүн гана айтылган жана аткарылбай турган убада катары баалашты.

- Эч бир аскер эч жактан кетпейт. Аны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Грузия батышчыл векторун уланта берет. Эки талапкердин айырмасы... Вашадзени америкачыл, Зурабишвилини тарбиясы, тек-жайынан улам Францияга, Европага ыктаган саясатчы десек болот. Вектор өзгөрбөй кала берет. Тилекке каршы эч бир база эч жакка жылбайт, - деди Тбилисидеги саясий баяндамачы Егор Куроптев.

Зурабишвили уул-кызы менен.

Грузияда президент беш жылдык мөөнөт менен эки жолу шайланууга укуктуу. Өлкөдөгү соңку конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, анын ыйгарым укуктары премьер-министрге салыштырмалуу кыйла чектелүү. Деген менен президенттин тышкы саясатты жүргүзүүдө, элчилерди дайындоо кеңири укугу бар.

Кезинде Зурабишвилиге грузин жарандыгын берген мурдагы президент Михаил Саакашвили бардык тарапкерлерин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, жалпы нааразылыкка чыгууга чакырды.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун байкоочулары Грузиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы атаандаштык менен өткөнүн, бирок бийликтеги партия колдогон талапкер үчүн артыкчылыктар көп болгон билдиришти.

Саломе Зурабишвили Саясий илимдер боюнча Париж институтунда эл аралык мамилер багытында билим алган. Ал француз жана грузин тилдеринен башка англисче, орусча, немисче жана италиянча сүйлөй алат.

Анын жолдошу советтик диссидент, грузиялык журналист Жани Кашия 2012-жылы көз жумган. Биринчи жолдошунан Кетевани аттуу кызы жана Теймураз аттуу уулу бар. Уул-кызы апасынын шайлоо өнөктүгүнө кызуу катышып, алардын дарегине коркутуулар түшкөнү да айтылып жатты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.